Шашылыш кабар:

Б.Казаков: «Атаандаштык бар жерде мамлекеттик ишкана болбош керек»

Февраль 15, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
9

Мамлекеттин карамагындагы бардык ишканаларды жеке менчикке өткөрүү зарыл. Мындай маселе өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясында көтөрүлдү. Себеби, өткөн жылдын эсеби менен көп мамлекеттик ишканалар өлкөгө дээрлик пайда алып келген эмес. Мындан улам аларды жеке жактарга өткөрүп берүү зарылдыгы жаралууда.

Без названия


Бүгүнкү күндө мамлекеттин көзөмөлүндө 166 ишкана бар. 2016-жылдын жыйынтыгы менен алардын 33ү гана өлкө казынасына жетиштүү киреше алып келе алган. Мындай ишканалардын сап башында “Кыргыз темир жолу”, “Инфоком”, “Аэронавигация”, “Кыргызкөмүр” сыяктуу ишканалар турат. Калгандарынын көрсөткүчтөрү абдан начар. Андыктан, бир топ мамлекеттик ишканаларды жеке секторлорго өткөрүү сунушталып жаткандыгын  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди. Анткени атаандаштык бар жерде мамлекеттик ишкана болбош керек, — дейт ал.

 — Бүгүнкү күндө көп мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү сунуштайм. Анткени эч кандай натыйжа берген эмес. Андан көрө жеке ишкерлерге шарт түзүп берүү зарыл. Ал эми калган ишканаларды акционердик коом кылып кайра түзөбүз. Корпоративдик башкаруу болуш керек. Негизи эле атаандаштык болгон жерде мамлекеттик ишкана иштебеш керек. Өкмөт аларга андай шарт түзбөйт. Жыйынтыгында бир дагы мамлекеттик ишкана калбайт.

Эгерде, мамлекеттик ишканалар натыйжалуу иштөөгө аракет кылбай, тапкан пайдасын мекеменин ишин жакшыртып, өнүгүүгө жумшабаса, анда кирешенин 100 пайызын бюджетке которууга боло тургандыгын Казаков кошумчалады.

Өкмөттүн токтомунун негизинде мамлекеттин карамагындагы ишканалардын тапкан пайдасынын 50 пайызы өлкөнүн бюджетине которулат. Айрым ишканалардын негизги максаты пайда табуу эмес. Алар мамлекеттин гана тапшырмасын аткарып жаткандыктан, өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу боюнча сунуш даярдалып жатыптыр.

Мындай демилгени экономист Ишкендер Шаршеев дагы кубаттайт. Анын айтымында мекемелерди башкаруу начар болуп жатат. Ошол эле учурда кызматкерлерге мамлекет тарабынан шыктандыруу жок экендигин Шаршеев айтат.

 — Көп учурда булар жакшы башкарылбайт. Мамлекеттик ишканаларды башкарууда ойлогон пландарды аткарам деген кызыкчылык болуш керек. Андай адамдар сейрек кездешет. Себеби, мүлк аныкы эмес, эч кандай пайда көрө албайт, бардыгы Эсеп палатасынын көзөмөлү астында турат. Бул адамдын ишке болгон шыгын жоготуп коет. Ошондуктан, эптеп эле түшкөн кирешеден бөлүштүрүп алсам деген ойдо болот. Ушундан улам бизде эле эмес, дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде деле мамлекеттик мекемелер абдан начар иштешет. Кирешеси аз болуп, көп учурда мамлекеттен субсидия алып эле туруп калышат.

Мамлекттик мүлктөрдү жеке жактарга өткөрүү оңойго турбай тургандыгын Шаршеев кошумчалайт. Анткени мыйзам жагынан биздин мамлекеттин түзгөн шартында инвесторлор аларды толук менчигине өткөрүп алууну гана каалашат.

— Мыйзам боюнча негизги көзөмөл мамлекеттин көзөмөлүндө болгондуктан, өзүн өзү сыйлаган ишкер мындай шартта иштебейт. Анткени, анын чечимин кайсы бир мамлекеттик кызматкер аңдып турса, натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк болбойт. Ошон үчүн жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор мүлктү толук менчикке алганга аракет кылышат. Демек, аларды толук сатыш керек.

Мамлекеттик ишкананы башкарууда мыйзам тарабынан жетиштүү шарттар түзүлбөгөндүгү Мүл фондунун коллегиясында дагы айтылды. Анда белгиленгендей, мамлекеттик ишкана кандай шартта, эмненин негизинде иш алып бараары боюнча мыйзамдуу жолдор жок. Ал эми акционердик коомдорго мыйзам жакшы шарттарды түзгөнү менен алар аткарылбай жатыптыр.

Мындай пикирге Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев кошулбайт. Бул жөн гана шылтоо дейт ал. Андан көрө алардын иштөө тартибин түп тамырынан өзгөртүү жакшы натыйжа берээрин Арапбаев айтууда.

 — Мамлекеттик бардык мекемелерди менчикке өткөрүү туура эмес. Менчиктештирүү боюнча программа бар. Ошону карап туруп активдүү эместерин сатса болот. Бирок, келечекте мамлекетке керектүү болгон ишканалардын түп тамыры менен структурасын кайрадан карап чыгышы керек. Жетекчилерди натыйжага байлаш керек. Жыйынтыгы кандай болсо, ошого жараша пайда табасың десе болот. Бардыгын сатып жиберип мамлекет эч нерсесиз калбаш керек. Мамлекеттик мүлктү башкаруунун бир тартиби бар. Дүйнөлүк тажрыйбада көп эле өлкөлөрдө мамлекеттик ишканалар гүлдөп, өнүгүп иштеп атат.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылга мамлекеттик ишканалардан 3 млрд сомго жакын пайда түшүрүү пландалууда. Бирок, бул көрсөткүчтү эки эсе жогору аткарууга мүмкүнчүлүк бар экендиги Мүлк фондунун жетекчилиги тарабынан айтылып, бир катар тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *