Шашылыш кабар:

Нурлан Арипов: “Сенин жеке агенттигиң” ишкерлер үчүн кызмат кылат

Февраль 15, 2017 | жарыялаган Nargiza
138

Экспортту өнүктүрсө, өлкө экономикасы дагы алдыга жылаары белгилүү. Бул үчүн өкмөт экспортту өнүктүрүү боюнча атайын программаларды иштеп чыккан. Атайын иштелип чыккан программалар болгону менен деле ата мекендик өндүрүүчүлөр продукцияларын сыртка чыгара албай жаткандарын байма-бай кезиктирүүгө болот.

Негизи Евробиримдиктин ВСП+ статусу Кыргыз Республикасына 2016-жылдын 27-январында ыйгарылган. Анын шартына ылайык, кыргызстандык өндүрүүчүлөр 6 миңден ашык аталыштагы товарларды Европа өлкөлөрүнө бажы алымын төлөбөй экспорттой алат. Бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция эл аралык стандартка жооп бербей, экспортко чыга албай жатат.

DSC_0925

“Экомайдан” программасынын бул жолку чыгарылышында “Экспортту кантип өнүктүрөбүз?» деген суроонун алкагында талкуу болуп өттү. Талкууга, экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров, экспортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Нурлан Арипов жана «Falcon Group» жоопкерчилиги чектелген коомунун коммерциялык директору Каирбек Бекилов катышты.

2017-жылы экспортко өзгөчө көңүл бурула баштады. Мындан тышкары экономика министрлиги менен ишкерлер биригишип, “Экспорт кербени” аталыштагы иш-чара баштап жатасыздар. Күн тартибинде дагы эмне себептен биринчи экспорт маселе каралууда?

Эльдар Абакиров:- Бир нерсени экспорттоо үчүн өндүрүш болуусу шарт. Ошондуктан үч жыл аралыгында, үч тармакка абдан көңүл буралы деп пландоодобуз. Булар текстиль, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана туризм тармагы болуп саналат.  Изилдөөлөрдүн негизинде аталган үч тармак боюнча жакшы киреше тапса болот. Бул тармакка тиешелүү Кыргызстанда  адистер, сатуу үчүн базарлар бар. Ушул тармакта алектенген ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет. Азыркы учурда экономика министрлиги болгон күч аракеттин жумшап жатат. Ошонун алкагында 1-январда инвестиция илгерилетүү агенттигинде экспорт бөлүмү ачылып, жеке экспорт боюнча “жеке сенин агенттигиң”- деген кызмат сунууда.

Кыргызстан өндүргөн өнүмүн кимге сата алат? Изилдөө жүргүзүлдүбү жана потенциалдуу базарлар кайсы өлкөлөр?

Экспорт бөлүмү үч кыска түшүндүрмө даярдап чыкты. Анда товарларды Евпропа биримдигине, Евразиялык биримдикке жана Кытайга кантип экспортоо керектиги кыска жана так түшүндүрмөлөрдү жарыяланды. Тактап айтканда, ар бир базардын өзгөчөлүгү бар. Ошого жараша түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Эгерде  жарандарда дагы башка суроолор пайда болгондо экспорт бөлүмүнө байланышып, кошумча маалымат ала алышат.

Бул бир гана экономика министрлигинин иши деп, башка мамлекеттик бийлик өкүлдөрү четте калып калбайбы?

Мындан бир ай мурда жергиликтүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте экспорт тууралуу экономика министрлигинде семинар өткөрүлгөн. Себеп дегенде жергиликтүү бийликтегилердин жок дегенде бирөө экспортту түшүнүшү керек. Анткени биз бир жолу кыдырып кетебиз, андан кийин алар ар дайым ошол жактын элине кымат кызмат кылып туруусу зарыл. Мындан тышкары бизнес ассоцияцияларын да иштешүүгө чакырабыз, бирок «иштешкиле» деп мажбурлай албайбыз.

“Сенин жеке агенттигиң” эмне кызмат аткарат жана кандай ишкерлер кайрыла алат? Нурлан мырза, ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

Нурлан Арипов:- “Экспорт кербенинин” алкагында атайын “сенин жеке агенттигиң” тууралуу презентацияга алабыз. Ар бир өндүрүүчү катышканга укуктуу. Биз ишкерлердин колу жетпей жаткан нерсеге жардам көрсөтөбүз. Мисалы, ишкер экспорт кылам десе, бирок анын мүмкүнчүлүктөрү чектелген болсо же тышкы базарларды изилдөөгө потенциал жок болуп, бизге кайрылса жардам берилет. Бал өндүргөн ишкер болсо алдын ала маалымат бере алабыз. Эң кымбат бал биринчи орунда Катар мамлекетинде болсо, экинчи орунда Японияда сатылат. Ушул сыяктуу анализдерди жүргүзүп, сунуш беребиз.

Жогоруда аталган мамлекеттерге саткыла деп маалымат берилеби же ал жактан кардар таап бересиздерби?

Биз ошол мамлекеттерге сатуу керек деп маалымат беребиз. Ошондой эле кардар таап бергенге да жардам корсөтөбүз. Мындан тышкары БУУнун өнүктүрүү программасы бар. Ал жакта соодага көмөк көрсөтүү долбоору менен иштеп, 40-50% деңгээлинде келишим түзүлөт.

Канча компанияга дароо ушундай жеңилдетилген кызмат беребиз деп ойлоп жатасыздар?

Кыргызстан боюнча отуз компанияны тандап алсак деген ой бар. Башка компаниялар менен деле иш алып барабыз, бирок азыраак өлчөмдө.  Ал эми тандап алган 30 компания менен үч жыл ичинде экспортко жогорку масштаб менен чыгуу планы коюлууда.

Экспортту качан баштадыңыз жана кандай баскычтардан өттүңүз?

Каирбек Бекилов:— Экспорт татаал иш болуп саналат. Өндүргөн продукцияга кардар табасың, бирок сен тапкан кардарыңдын ишеничине кирүү үчүн сапаттуу продукция өндүрүү керек. Мисалы, биз түрктөргө төө буурчак экспорт кылабыз. Элден алып, түз эле Түркияга жиберебиз. Башында жиберген төө буурчактарыбыз сапаттуу жакшы баада өткөн. Кийинчерээк түрктөрдөн датануу келди. Анткени жараксыздары көп өлчөмдө чыга баштаган. Себеп дегенде, жергиликтүү өндүрүшчүлөр 18-20% чейин жараксызын көп аралыштырып жиберишкен. Менин оюм боюнча экспорттун өнүкпөй жатканына өзүбүздүн жергиликтүү эл күнөөлүү.  Жараксызын көп кошуп, келген кардарларды качырышууда. Бул экспорттун өнүкпөй жатканынын эң биринчи себеби болуп саналат.

Мындан тышкары ата мекендик өнүмдөрдүн экспортко чыкпай жатканын себеби, сертификат жана ветеринардык көзөмөл маселеси дагы чоң тоскоолдук жаратууда.  Эл аралык стандартка жооп берүү үчүн эң биринчи сертификат менен ветеринардык көзөмөл болушу шарт. Бул үчүн өкмөт мындан да көбүрөөк ишкерлерге колдоо көрсөтүүсү керек.

Эске сала кетсек, “Экспорт кербен” иш-чарасы 21-февралдан 20-мартка чейин бир ай аралыгында жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *