Шашылыш кабар:

Белгилүүлөр сүйүүсүн кантип билдирген?

Февраль 14, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
170

Белгилүү инсандар сүйүүсүн кантип билдиргени коомчулуктун баарын кызыктырат. Бул боштукту толтуруу үчүн өлкөдөгү айрым белгилүү адамдардын сүйүүсү жөнүндө баяндоого аракет кылдык.


Эбактан бери эле эки адамдын бири-бирине болгон сүйүүсү тууралуу ар кандай окуялар эл арасында кеңири таралган. Андай сүйүүлөрдү азыр деле кездештирүүгө болот. Бирок учурда сүйүүнүн баркы мындан 30 жыл мурункудай баркталбайт деп сын айткандар дагы бар.

Ал эми кыргыздын белгилүү инсандары болочоктогу жаубайына сүйүүсүн кантип билдирген? Ушул суроогоарзыбек кызыгып, алгач экономика министри Арзыбек Кожошев келинчегине сүйүүсүн кантип билдиргенин сурадык.

— Совет мезгилинде чоңоюп калдым. Ал учурда кыздар менен таанышуу үчүн социалдык тармактар жок болчу. Эгерде жигитке бирөө жагып калса, ага арзуусун кат аркылуу бирдиришчү. Кыздарга аяр мамиле кылып, жигитчилик башкача деңгээлде болуп, жеңил ойлуулук жок эле. Ал эми кыздар армияга барбаган балдарды жактырышчу эмес. Мындан улам эркектердин баары армияга барган, ал жактан кайткан жигиттерге кыздар турмушка чыкчу. Мен жубайым менен студент кезимде тааныштым. Анда студенттерди пахтага алып барып иштетчү. Ага келинчегим да барган, аны пахта талаасында көрүп жактырып калдым. Аны менен таанышып, экөөбүз үч жыл кыз-жигит болуп жүрүп, анан турмуш курдук.

улуЖогорку Кеңештин мурунку депутаты Улукбек Кочкоров бир көрүп жактырып калып, эки айдын ичинде эле үйлөнүү сунушун киргизген.

-Келинчегим менен 2001-жылы таанышып, эки ай сүйлөшүп баш коштук. Ал убакта мен иштегендиктен көпкө сүйлөшүүгө убакыт деле болгон эмес. Жубайым анда Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетинин бешинчи курсунун студенти болчу. Бүгүнкү күндө улуттук госпиталда дарыгер болуп иштейт. Азыр беш балабыз бар. Эки кыз, үч уул. Балдарыбыздын чоңу Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде 8-класста окуйт, кичүүсү беш айлык колубузда.

Белгилүү жаш кинорежиссер Сүйүн Откеев келинчеги менен Германияда өкүп жүргөндө интернет аркылуу таанышып, сүрөтүнөн жактырып калган. Эң кызыгы режиссер болочоктогу келинчеги менен телефон аркылуу 14 саат үзбөй сүйлөшкөнүн айтат.

Мен чет жакта окуп жүргөндө тааныш кыз досу Германияга бара турганын айтып жардам берип суйкойчу деп айткан. Макул болгонмун. Ошол убакытта үйлөнгөнгө кыз издеп жүргөнмүн. Мага ошол кыздын документтери менен кошо сүрөтүн жиберди. Сүрөттөгү кыз мага жакты. Сүйлөшүп көрсөм эмнеге болмок деп интернет аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Акырындан телефон аркылуу байланыша баштадык. Кийин алты айдан кийин 14 саат телефондо үзбөй сүйлөшүптүрбүз. Мындайча айтканда телекомду байыттык. Айдын аягында мага байланыш үчүн төлөөгө 1600 евролук чек келди.  Ушул эсимде. Бул акча студент үчүн чоң сумма. Кийинчерээк Кыргызстанга келип жолугуп, сөйкө салдырып кеткенмин. Көп өтпөй эле баш кошуп, Германияга келинчегимди алып кеттим.

равЭкс-депутат Равшан Жээнбеков келинчеги менен бир мектепте окуган. Ал учурда сүйлөшүү тууралуу сөз болбогонун айтат. Кийинчерээк борбор калаада жогорку окуу жайда окуп жатканда кыз-жигит болуп, эки жылдан кийин баш кошушкан.

Таластын Манас районундагы Арал айылынан боломун. Келинчегим коңшу айылдан. Экөөбүз бири-бирибизди мектепте окуп жүргөндө эле таанычубуз. Кийин жогорку окуу жайда окуп жүргөндө сүйлөшө баштадык. Эки жылдай мамиле куруп, турмуш жолуна бирге аттандык. Келинчегимдин колун өзгөчө деле сураган эмесмин. Сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнүү маселеси өзү эле бышып калды окшойт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *