Шашылыш кабар:

Математика илиминин Кыргызстандагы абалы

Февраль 14, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
85

Без названия (2)   К.Осмоналиев менен А.Чекеевдин маеги: МАТЕМАТИКА ИЛИМИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АБАЛЫ

Каныбек Осмоналиев: Дүйнөлүк математика илими дүркүрөп өсүп, өзүнүн башкача касиеттерин ачып, айрыкча мени таң калтырган “Математические модели вычисляют инновации” деген жаңылык болду. Жалпы эле илимий ачылыштарда чынында эле кыйын болуп калды. Алар ачылыштардын алдын ала моделдештирип, көп нерселерди алдын ала көрүп инновациялык жолдорду математикалык эсептөөлөрдүн жардамы менен берип жатышат.

Асылбек Чекеев: Акыркы жылдары айрыкча математика менен физикага кичине көңүл буруу маселеси артта калгандай болуп келет. Математика илими жөнүндө болсо, өзү өнүгүү жагынан дайыма алдыда жүрөт. Мисалы, атайын салыштырмалуу теориясынын евклиддик эмес геометриясы эчак эле иштелип чыккан болчу, Минковскийдин өзгөртүп түзүүлөрү, андан Эйнштейндин постулаты менен  мозаиканы жыйнап койду. Бирок, Эвклиддик эмес геометрияны биринчи, адегенде Лобачевский жана Винер  ачкан. Венгер математиги Янош Бойяинин эмгектери чоң. Тарыхты карасак илимий иштерин Гаусска текшерүүгө берип коюп, аны азыркыга чейин математиканын тарыхчылары билбей жатат, мунун тамырын. Же Гаусс бир жактуу эмес мамиле кылган, анын кагаздарынын арасында калып калган. Бойяинин эвклиддик эмес геометриясы азыр абдан ынанымдуу. А Ловачевский эвклиддик эмес геометрияны орустардын “непотребный” деген сөзү менен айткан жагы бар. Анын тегерегиндеги илимпоздор да “непотебный геометрия” деп да чыгышкан. Көрсө, сопсонун эле керектүү экендиги далилденди. Андан кийин жалпы салыштырмалуулук теориясында дагы тензордук эсептөөлөр андан көп мурун пайда болгон. Кыргызстандын математиктери жөнүндө сөз кылганда эки чоң тармак өнүгүп келген жана өнүгүп жатат. Биринчи, дифференциалдык теңдемелер тармагы, аны М.Иманалиев жана Я.Быков окумуштуулары негиздеген. Экинчиси, топологиялык багытта А.А.Бөрүбаев негиздеген. Мен ал кишинин мектебинин өкүлүмүн. Негизи дарыянын башталыш булагы же болбосо чоң дарактын башкы тамыры Алтай Асылканович болсо, биз ал дарактын бутактары деп эсептеймин.Без названия (5)

Каныбек Осмоналиев: Америкадагы атактуу Гарвард университетинде тарыхта биринчи жолу суутектин металлдык фазасын алышты. Кадимки учурда биз суутекти газ анан суюк түрдө элестетебиз да. Ушуну математиктер 40 жыл мурда айтышкан экен. Вигнер жана Хангинстон деген эки окумуштуу айтышыптыр. Эгерде металл-суутекти колдоно турган болсок, дүйнөдө эң чоң перспектива ачылганы турат. Окумуштуулар эпохалдык тажрыйба жүргүзүштү. Алардын базасында математиктер турган дешет. Кийинки учурларда мына Сиз айткан эки илимий мектеп бар, эгерде Алтай Асылканович, Мырзабек Иманалиевичтер “комбайн” болсо, анын чекесинде орок оруп жүргөндөр да бар да. Бирок, ошол менин таасирленгеним, физикалык процесстерди түшүндүргөн математиктер да бар биздин Кыргызстанда. Эми Асылбек мырза, сиздердин илимдин контекстинде ишиңиздерди улантам деген жаштар, аспиранттар барбы?

Асылбек Чекеев: Эми, ачыгын айтканда динамика ойдогудай эмес. Мен кайра эле артка карап кылчайып биздеги доор менен салыштырам. Анда биз алдыга умтулчу элек. Азыр болсо көпчүлүк учурда үгүттөйбүз, түшүндүрөбүз, жаштар азыр прагматик болуп кеткен. Арыз алар турмуштун жакшысын тез алганга аракет кылышат. Ачык эле айтышат, математика тармагына кетип калсам, турмуштун жыргалчылыгын тез арада көрбөй калат экенбиз дешет.

Каныбек Осмоналиев: Бирок, дүйнөлүк тенденцияны алып карасам, математика дайыма жаш боюнча кала бергендей болуп жатат. Кошуна Казакстан мамлекетинин сиз, мен жакшы билген аксакал академиги бар, Мухтарбай Өтөлбаев деген. Бул киши жакындан бери сөз болуп жатат Навье-Стокстун күчтүү талаалары үчүн теңдемелерин чечип чоң жаңылык ачты. Бизде да бир математик чоң жаңылык ачып жатат деп угуп калдым. Ушундай ачылыштарды кандай көз карашта карайсыздар?

Без названия (6)

Асылбек Чекеев: Ачылыш жасадым деген адам, экспертизадан өтүш керек. Мен деле прагматикалык мамиле жасайм. Себеби, Перельман болобу, англиялык окумуштуубу, Нобель сыйлыгын алган физиктер чынын айтканда топологиялык ыкмалар менен илимий жаңылыктарын жасап жатышат. Абстрактуу илим жөнүндө сөз болуп жатат. Азыр биз жаңы доордун күбөсү болуп жатабыз. Ар бир ачылыш жасаган адам ачылыш жасадым деп айтпайт. Перельман Пуанкарэнин проблемасын сайтка чыгарган. Анда үч жыл турган, үч жылда бардык илимпоздор текшерип карап чыгышкан. Текшерип чыккандан кийин илимпоздор жыйынтык чыгарат, текшерген илимпоздор айтат, ачылыш жасалды деп.

Каныбек Осмоналиев: Мисалы, Оксфорд университетинин профессору Эндрю Уайт, 2016-жылы Абель сыйлыгын Ферманын теоремасын далилдегени үчүн алыптыр. Чындыгында күчтүү математик экендигин айтышат. Орус математиги Михаил Цфасман жөнүндө окусам жана Сиз айтканды байкадым. Бул үчүн убакыт керек. Эгерде мен жаңылбасам Перельман өзүнө берген сыйлыктан баш тарткан экен.

Асылбек Чекеев: Перельман, ал энеси менен жашап, Санкт-Петербургда Стеклов Институтунун бөлүмү бар, ошол жерде иштеп болгон маршруту эле үйү жана жушушу болгон. Бул адамдын өзүнүн улуту еврей. Еврейлерде эненин маданияты абдан жогору. Ал өзү да, менин жашоом “математика жана энем” деп айткан. Калган нерсе аны кызыктырган эмес, жана Сиз айткан сыйлыктардын баарынан баш тарткан.

Без названия (3)

Каныбек Осмоналиев: Казак абабыз Мухтарбай Өтөлбаев жана анын коллегасы Бакытбек Кашанов Сиз айткан сөздү айтып жатышат: “Решение это еще должно получить мировое признание” деп. Дагы бир жаңылык, Нигериялык математик Опиьеме Енох 156 жылдан бери далилденбеген Римандын гипотезасын далилдеди. Кембриджде Массачусетс Математикалык Институтунда иштеген нигериялык окумуштуу. Ушуларды полуляризациялап, биздин жаштарды шыктандырып, математикага тартсак болобу? Мен Бөрүбаевдей, Иманалиевдей, Чекеевдей болом деген балдар, кыздар барбы?

Асылбек Чекеев: Бар. Акыркы жылдары топологиядан Алтай Асылкановичтин жетекчилиги менен Бурас Болжиев жана Анвар Нуракунов деген эки доктордук илимий иштери корголду. Азыркы талаптар боюнча Анвар да Бурас да докторлук диссертацияга талап кылынган эрежелерди ашыгы менен аткарышты. Бул доктолук иштер, андан тышкары кандидаттык иштер корголуп жатат.

Каныбек Осмоналиев: Сиз экөөбүз жана физик, математиктер урматтап сүйгөн пи () саны жөнүндө. Аны айлананын узундугунун диаметрине болгон катышы деп айтып жүрөбүз. Аны биз абстрактуу 3,14 ж.б. деп ойлоп жүрөбүз да. суутектин энергетикалык деңгээлдерин саны аркылуу утурлаган жаңы теореманы математиктер чыгарышты. Англиялык Тамар Фридман жана америкалык Карл Хагген деген эки окумуштуу суутектин атомун саны менен байланыштырган. Биз демейде суутектин атому, гелийдин атому болобу Шредингердин теңдемеси менен жакындаштырылган түрдө гана чечебиз да. саны абстрактуу эмес,  кандайдыр бир физикалык мааниге ээ боло турган экендигин айтып чыгышты.  Ушунун негизинде мени абдан таң калтырган нерсе, математикалык жол менен “теория заговора” деген бар, мисалы, Айга астроноавттар конгон эмес. Же болбосо азыр климатты ар кандай айтып коркутуп, мамлекеттен акча жыйнаган шылуун саясатчылардын жолун математиктер эң сонун далилдешкен. Биздин Кыргызстандын математиктеринин ушундай “прогноз” бере тургандары барбы, биздин экономикага, биздин Кыргызстандын шартына?

images (5)Асылбек Чекеев: Эми прогноз берүүгө ал адис болуш керек, антпесе, математикалык статистика, ыктымалдуулук теориялар, буга “теория прогнозирование”, “теория игры” булардын баары өзүнчө багыттар. Анын түпкүрүнө кирип, атайын иштеш керек.

Каныбек Осмоналиев: Бишкектин № 46 мектебинде болдум. Мугалимдердин алган маянасы 6000-7000 болсо, аларда айып деле жок, ошентсе да математик, физиктер колунан келишинче иштеп жатышыптыр. Бирок, алар мага бир нерсени айтышты, мисалы, 11-класста мурда жумасына 5 сааттан математика окулган болсо, азыр акыркы 5 жылда аны 4 саатка кыскартыптыр. Физика  дагы жумасына 1 саатка кыскартылган. Бул тенденция дагы мындан ары да кетип жатат дейт. Муну эмне себептен деп ойлойсуз? Табигый предметтер барып-барып шарттуу гана окутулуп калабы?

Асылбек Чекеев: Мен өзүмдөн баштасам. Мен мурдагы Фрунзе шаарындагы № 5 мектепти бүтүргөм. Мен математикалык класста окугандыктан, биз ошол учурда математика сабагын алтынчы күндөн башка күндөрү күнүнө 2 сааттан, же жумасына 10 сааттан окуганбыз. Ал учурда шаардык, республикалык олимпиадаларга барганда № 61 мектеп менен таймашат элек. Анткени окуучулар менен баарлашып окутпаса эч качан жакшы жыйынтык болбойт. Биз азыр кыскартып берип, калганын өз алдынча иштер деп берип койсо, алар даярды көчүрүп алуудан оң натыйжа бербейт. Физикадан деле формуланы жазганда анын ар бири физикалык процессти түшүндүрөт, аны айтып түшүндүрбөсө, жөн гана көчүрүп жазуудан кеңири түшүнүк албайт. О.э. математикадан бир теңдемеден экинчи теңдеме кантип чыгат, андан кантип тамыр алыш керек, кантип ийри сызык келип чыгат, ж.б. ошолордун бардыгын түшүндүрүп айтып бериш керек да. Мен сизге кошулам, аны ойлонбосок барып-барып математикасы, физикасы жок коомго айланабыз.images (4)

Каныбек Осмоналиев: Менин таң калганым, айып биздин өзүбүздө болуп жатат. Мисалы, докторлук диссертациямды биринчи киришип иштеп баштаганда, алгач шарт, талап койгон. Сен ошол кандидаттык диссертацияңды эң сонун эксперименталдык материалдар менен коргогонсуң. Эми ушунун математикалык абстракциясын түзүп, универсалдуу деңгээлге алып чыгышың керек. Өзүңдүн алган физикалык эффектилериңди, математикалык тил менен жазышың керек. Өзүн сыйлаган япониялык же болбосо америкалык окумуштуу түшүнө тургандай жасаш керек деп. Менде мындай ой пайда болуп жатат. Менимче Өкмөт Казакстандагыдай физика-математика илимине өзүнчө мамиле кыла турган иш чараны баштабаса болбойт окшойт. Ушул маселени көтөрсөк кандай дейсиз? Балким каржы бөлүп, атайын Өкмөттүн иш чарасы керектир?

Асылбек Чекеев: Мындай ойду мен толугу менен колдойт элем. Себеби азыр студенттер менен иштеп жатып байкайм, тенденция жылдан-жылга жакшы эмес. Жылдан-жылга окууга келген студенттер начарлап бара жатат. ОРТ баллы менен баары жакшы болуп келишет. Мамлекеттик стандартка ылайык сабактар өтүлө баштаганда 1-курска келген балдар толук мектептен билими жетишсиз болуп “разрыв” болуп ортодо студент да мугалим да кыйналып, “разрыв” жогорулай берет.

Без названия (4)Каныбек Осмоналиев: Дүйнөлүк тенденция математикага болгон кызыгуу, муктаждык өсүп жатса, биздин Кыргызстанда, балким постсоветтик мейкинде тескерисинче мамиле жасагандай болуп жатабыз да. Бизде дагы тубаса математик балдар бар, ошолордун келечегин ойлоп, атайын математикалык группаларды Новосибирскидеги академик Лаврентьевдин жасаган варианттарын математика факультетинин алдында жасасаңыздар болобу?

Асылбек Чекеев: Негизи ал жол менен кетсек болот, анда математикалык мектеп-интернаттарды түзүш керек. СССР учурунда МГУнун алдына жана Новосибирскиге тандалган студенттерди окутчу. Физика-математикалык мектеп деп аталчу дагы максаттуу түрдө иштечү. Азыр биз дагы жасасак деле болот, бирок эң биринчиден саясий эрк керек жана Өкмөттүн чечимин уюштурушубуз зарыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *