Шашылыш кабар:

Кыргыз армиясы — мамлекеттин күзгүсү!

Февраль 11, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
81

Кубат Тукешов

Армия1

Бүгүнкү күндө, биздин армиябыз кандай абалда экенин айтпасак деле эл билет. Тилекке каршы, эн сонун деп айта албайбыз. Бирок ага карабастан «Мекенди коргоо – ар бир жигиттин милдети»деп аскерге барып жаткан жаштарды көрүп суктанасын. Өз убагында тентек, жашоосу чар жайыт, азоо аттай теминген балдар армияга барып тартипке моюн сунуп, токтолуп келгенин көрүп жүрөбүз. Албетте, кээ бир учурда ашкере тартипке салабыз деп кырчындай өмүрлөр кыйылып кеткенин көрүп үшкүрөсүң.

Армия«Ат көрбөгөн минип өлтүрөт болуп» сабайт десе эле балдарды өлөрчө сабагандардын айынан жаш жоокерлер качып, ал тургай өзүнө кол салып өлгөндөр аз эмес. Өкмөт ушуну карабаса, көзөмөлгө албаса жаш балдардын баары армиядан качып, акча берип кутулганы ошондон болушу керек. Мылтык атканды билбесек, согушуу ыкмасын, стратегиясын үйрөнбөсөк кандай болот? Кудай сактасын, эртең Кыргызстанды коркунуч каптаса эл жерди ким коргойт?! Ошондуктан Кыргыз армиясы жаштарды качырбай тескерисинче кызыктырышы керек!

Мен өзүм чоң окуу жайда окуп жүргөндө 2 жылдык аскер кафедрасын бүтүргөм, офицердик наам алганмын. Өзүм чыгармачыл адам болгондон кийин аскердик карьераны уланткым келбеди. Негизи Кыргыз армиясы коррупцияга малынган бир бутак. “Барбайм” дегендер оңой эле акча берип кутулуп кетишет. Мисалы, канчалаган досторум акча берип эле армияга барган жок. Ушуну дагы Өкмөт эске алса.

армия2Ал эми Кыргыз армиясы жаштарды кантип кызыктырышы керек деген суроо жаралып жатпайбы, ал суроого мындайча жооп берет элем.

Эң биринчи маселе каражатка барып такалат, жоокерлерге жакшы шарт түзүп  берүү керек. Жакшы жеңилдиктерди, соцпакеттерди жана эн негизгиси айлык маянасын “акимдикиндей” кылып бериш керек.

Экинчиден армияда ашкере чоң сунмайды токтотуш керек. Балдарга кордук көрсөтүп, мазактап уруп-сабоону, ээнбаштыкты тыйыш керек деген ойдомун. Анткени биздин армия Кыргызстандын күзгүсү десек болот! Өлкөбүз өнүксө сөзсүз армиябыз дагы өнүгүү жолуна түшөт деген ишеничтемин!

Аскерлер Жениш аянтында (1)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *