Шашылыш кабар:

Автоматика жана маалыматтык технологиялар

Февраль 7, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
83

iait

АВТОМАТИКА ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР. К.Осмоналиев жана Б.Исмаиловдун маеги:

Каныбек Осмоналиев: Дүйнө жүзүндө анын ичинде техникалык илимдер, жаңы технологиялар абдан дүркүрөп өнүп-өсүп келе жатат. Кытайда эң кичине атомдук электро станциясын куруп жатышкандыгы жөнүндө маалымат болду. Ал атомдук реактор кадимки эле темир жол контейнерине окшош эле көлөмдө бата турган АЭС экен. Реактор күлүк нейтрондордун негизинде иштеп 10 МВт электро энергиясын бере алат. Демек, 50 000 үйдү электр менен камсыз кыла тургандай жасалган. Бул чоң жаңылык, АЭС десек эле биз биринчи кезекте коопсуздук маселесин ойлонобуз, аны абдан чоң гигант катары түшүнөбүз. Мисалы, кытайлар жасаган АЭСтин өлчөмү боюнча узуну 6м, ал эми туурасы 2,5м көлөмдө жасалган. Ал эритилген коргошун менен муздатылып турат, конструкциялык өзгөчөлүгү боюнча ондогон жылдар бою кошумча азыктандыруу жок эле иштей алат экен. Анын келечеги абдан чоң экендигин илимпоздор, массалык маалымат каражаттарында, айрыкча интернетте айтылууда.images (2)

Бактыбек Исмаилов: Биздин Автоматика жана Маалыматтык технология институту көбүнчө санариптик технология менен байланыштуу. Мисалга алсак, бүгүнкү күнгө чейин телекөрсөтүүлөр аналогдук болгон, быйыл ал майда толук бойдон токтотулат. Ошондуктан бүт бойдон санариптик телеберүүгө өтүш керек. Себеби, аналогдук көрсөтүүнүн сапаты начар болгон, көрсөтүүнүн сапаты жогору болуш үчүн көп нерсе керек. Биринчиден, электромагниттик тоскоолдуктар аз болуш керек, андай мүмкүн эмес. Берип жаткан станциялардын кубаты бийигирээк болуш керек. Санариптик телекөрсөтүү болгондо, же бар, же жок, болсо ал сапаттуу. Ошон үчүн электр кубаты төмөнүрөөк, электромагниттик тоскоолдуктарга оңой менен таасир берилбейт. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын институттары конкреттүү түрдө, мисалы Техникалык университет, Курулуш, техника жана архитектура университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен байланыштарыбыз бар.

Каныбек Осмоналиев: Эми Бактыбек Искакович бүгүнкү башкы маселелердин бири билим берүү системасы. Биринчиден, кандайдыр бир билим берүү мекемесине лицензия бергенден кийин анын аттестациясын, аккредитациясын өткөрүш керек болот. Негизги максат билим берүүнүн профессионалдык, же жалпы билим берүү болобу сапатын өстүрүү боюнча. Бүгүнкү күндө ушул абал жөнүндө айтып берсеңиз. Себеби абдан актуалдуу маселе болуп турат.

Без названияБактыбек Исмаилов:  1-жолу көз карандысыз аккредитация билим берүү системасына кирсин деген мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. 2014-жылы тилекке каршы билим берүү министрликтин демилгеси менен жылдырылып кетти. Анан 1-сентябрь 2016-жылы ал мыйзам күчүнө кирди. Бирок мыйзам күчүнө киргени менен Өкмөттүн токтому менен күчүнө кире турган жоболор калып калды. Эң акыркы жобо октябрда алынды жана базасы толук пайда болду. Аккредитация” деген сөз бул латын тилинен келген, бул ишенем деген маанини билдирет. Мисалы, аккредитациядан өткөн окуу жай же билим берүү программасы анын сапатына ишенсе болот дегенди түшүнсө болот. Аккредитацияланган программа бул сапаттуу прграмма, аккредитацияланган окуу жай бул сапаттуу окуу жай деп эсептесе болот. Эмне үчүн көз карандысыз? Себеби Эл аралык тенденция акредатация 160 жыл мурун АКШда чыккан. Ал жерде өзүн өтө жакшы көрсөткөн. Ошондуктан, бүгүнкү күнү америкалык университеттердин абсолюттук лидер болгону ошондон. Сапатын абдан көтөрүшкөн. Ошону көрүп бүтүңдөй Европа жана башка өнүккөн өлкөлөр көз карандысыз аккридатацияга өттү. Эми бүгүнкү күндө буйруса биз да өтүп жатабыз. Биздин баштапкы билим берүү системасы менен 25 жылдан ашык Германиянын “Германское общество развитие” деген коом менен иштеп жатышкан. Профлицейлерди методикалык, материалдык техникалык база жагынан, окутуучулар тарабынан каржылап иштешкен. Профлицей боюнча да аккредитация иштеп чыктык. Анын негизинде толук бойдон аккредитация боюнча колдонмо-китеп жазып чыгардык. Азыркы күндө окуу лицейлерге тапшырылып жатат. Аккредитациядан тышкары сертификат системасын киргизүү болот. Аккредитация окуу жайды же билим берүү программасын баалоо болсо, сертификация деген бул ошол окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн компетенцияларын, алардын билимдерин, чеберчилигин баалайт. Бул профессионалдык экзамен деп койсок болот. Эгер бир студент окуу жайды бүтсө диплом алат, диплом менен ишке албайт, анда сөзсүз түрдө сертификат болушу керек. Диплому менен кошо сертификаты болсо ошондо гана жумушка алынат. Бизде да ошондой аракеттер жүрүп жатат.

images (3)

Каныбек Осмоналиев: Абдан жакшы, менде мындай түшүнүк пайда болуп, андан суроо келип чыгып жатат. Германия Европанын башка мамлекеттери менен байланышып, аларга биздин балдар-кыздарыбыз жумуш таап кетүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Биздин кошуна мамлекеттер менен кандай, мисалы, Казакстанда, Россияда ушул сыяктуу система иштейби? Алар менен биздин мамилелер барбы? Мен бул суроону бергенимдин себеби меним карындашымдын кызы Бишкектин “чач тарач” адистигин алыптыр. Мурдагыдай эле күбөлүк берилген. Ал Россияда иштеп жүргөн. Иштеп жүрүп бизден сурап жатат, ушундай эл аралык сертификация болобу деп. Эл аралык сертификация болсо, мени Румынияга чакырып жатат, ал жердеги мен ала турган маянам Россиядагы алган маянамдан 4-5 эсе жогору экен деп. Бул жөнөкөй эле “чач тарачтын” адистиги боюнча жумуш айтылды. Ушуну мамлекеттик деңгээлде, өкмөттүк аралык келишимдерге киргизсек болобу. Бул боюнча менин кабарым жок экен. Мына Россияда иш издеп 1 000 000го жакын жарандарыбыз, кечээ Казакстанда официалдуу түрдө 250 000-300 000ге жакын кыргызстандыктар жүрөт делинди. Алардын көбү жөнөкөй эле жумушчулар. Ушул боюнча маселе көтөрүүгө мезгил жетти деп ойлойсузбу?images

Бактыбек Исмаилов: Бул маселе бүгүнкү күндө баштапкы этапта болуп жатат. Анткени бизде закондуу түрдө сертификация системасы кире элек. Россияда жаңыдан кээ бир элементтери кире баштады, системалуу түрдө кире элек. Бирок, азыр аракеттер жүрө баштады. Бизде сертификация боюнча негизги жооптуу уюм бул биздин “Торговая промышленная палата” кошуна мамлекеттер менен келишим түзүүгө аракеттенип жатат. Эгер ошондой келишим түзүлсө, анда бизде алынган сертификат Россияда, Казакстанда да күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *