Шашылыш кабар:

Айылчы Сарыбаев: «Кыргыздын каада-салтынын өзү чоң маданият»

Январь 28, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
166

Жашоо – тынымсыз кыймыл, өсүү, өзгөрүү жана өнүгүп туруу эмеспи. Бирок, баардык эле адамдар эл-жерине кызмат кылууда улам өсүүнү, дайыма өнүгүүнү жана жаңыланууну көздөй бербейт. Иштеген жылдарын санабай, кылган кызматын жар салбай, жаманынан чарчадым дебеген, жакшысынын баркына жеткен, кийинки муунду тарбиялоону уланта берген адамдарыбыз жүздөп саналат.

Ошондой мекенчилдерибиздин бири – нечен жылдан бери кыргыз экономикасына зор салымын кошуп келе жаткан, билимди, илимди, тартип менен эрежени туу туткан агайыбыз – профессор Айылчы Сарыбаев «Саясаттан сырткары» программабыздын коногу болот.


  Саламатсызбы, агай. 2017-жыл үчүн кандай пландардыIMG_2317 койдуңуз?

Быйылкы жыл көп бурулуштарга себеп болчудай, себеби өлкөнү президенттик шайлоо күтүп турат. Мамлекет башчыны мурдагыдай кубалашып, согушпай, илгерки кыргыз элине таандык адилеттүүлүк менен объективдүү тандасак, аман-эсен шайлап алсак экен деген үмүт менен кирдик жаңы жылга. Экинчиси, дүйнө жүзүндө абал оор, бир топтон бери III Дүйнөлүк согуштун карааны жүрүп келе жаткансыйт. Орто Азияда орун алган Кыргызстан да саясий-экономикалык жана коопсуздук борбору катары  чоң өзгөрүү жасайбыз.

IMG_2797Бала кезиңизде ким болууну кыялдандыңыз? Экономист кесибин аркалап калышыңыздын себеби эмнеде?

Класста 2-3 бала мыкты окучубуз. “Чалкан”, “Крокодил” журналдарында экономикалык кылмышкерлерге чыгармалар жаралып, элге жек көрүндү болоор эле. Жеп ичкендердин башында экономист, бухгалтерлер турат деген түшүнүк бар эле. 8-классты бүтөөрдө Шаршен атуу агам каза тапкан. Ал киши Журналистика тармагында билим алган эле. Агамдын досу Шайык Исаков менен сүйлөшуп калдык. Окууну бүтүп, Автожол институтуна тапшырам десем, “сен ойлонуп көр, азыр Финансы кредит техникуму өнүгүп келе жатат, балким ошого келип жүрбө”,-деп калды. Ал кезде жазуучу, журналисттер биз үчүн укмуштуудай сезилчү. Ошентип Нарындан келип экзамен тапшырып, сынактан өтүп үйгө кайттым. Мугалимдер угаары менен «сен киши болбой калган турбайсыңбы, сенден юрист же жазуучу чыгат деп жүрсө» деп баштарын чайкап калды. Ошол учурда “Дүбүрт” гезитине ыр, макала бере коймой жайым бар эле.

Райондук геиттерге кабар жазчумун деп калдыңыз, анан IMG_1105кантип экономика жаатына киришип кеттиңиз?

Жазуучулук оңой жумуш эмес. Экономика илими жеңил көрүнгөнү менен татаал жумуш. Ал саат сайын өзгөрүп турган кубулуш. Адам төрөлгөндөн эле экономикалык көйгөйлөрдү чечүү менен чоңоёт. Ал эмес согуштардын көпчүлүгү ушунун айынан чыгат. Кээде ойлоп коём, эл сыяктуу жөнөкөй жумуш таап же депутат болуп журсөм болмок беле деп. Бирок кесипке жан дилиң менен берилип иштеп калгандан кийин андан чыгуу оор. Башта билим алууда тил жагынан да кыйналдым. Кыргыз тил жана адабиятты бүтүп, физика, арифметиканы билбейм деген Чыныбай Акунович спикер болсо, Сооронбай иним да Премьер-министр болуп олтурат.

IMG_0722Балага ысым коюунун тарыхы болот, сиздин атыңызды ким койгон?

Мага чейинки балдары согуш мезгилинде, ачарчылык убагында төрөлүп, кайтыш болуп калган экен. Анан жалгыз эжем бар. Мен боюнда бар кезде апам таякелерим турган жерге-төркүнгө барып төрөп келейин, алар каралашаар деп жөнөйт. Кыштын күнүндө талаада кардын үстүндө төрөлүп калгам. Мен төрөлгөн жерде жалгыз бой аял жашачу экен. Менин киндигимди ошол апанын баласы кескен экен. Алар апама «айылга бара жатсаң балаңдын атын  Айылчы коёлу» деген экен. Атыңа жараша затың болот дегени туура окшойт. Дүйнөнүн көп шаарларын кыдырсам да дагы эле барчу жерлер көп.

Окуу жайды аяктап, биринчи эмгек жолуңуз кайдан IMG_2950башталды?

Техникумду бүткөн соң Балыкчы шаарында райОНОдо иштей баштагам. Биринчи айлыгыма апама жоолук алдым, үйгө чай-кант дегендей. Жумгалда 2 жыл райондук финансы бөлүмүндө иштедим. Райондо башкы бухгалтер болуп үч жыл эмгектенген соң, таякем Курманбек Жоошевдин демилгеси менен Финансы кредит адистигине тапшырдым. Ошол эле жылы күзүндө кафедра башчыбыздын жетекчилиги менен пахтага бардык. Мен студенттерге тамак жасап, чай берип завхоз болуп калдым. Университетте группанын старостасы болчум, башчыбыз байкап калган окшойт “окууну бүтүп эмне кыласың” деп сурап калды. Мурда иштеп көнгөн системага эле кетээрими айтсам кафедрага калып иштөөнү сунуштады. Жарым жыл бою жанына чакырып, чогуу иштейбиз деп туруп алды. Ошол кезде ректор Сардарбек Табышалиев кыргыз кадрларын көтөргөн мыкты инсан эле. Көрсө ошол киши баардык кафедрага тапшырма берген экен, айылдан келип жакшы окуган баларды жумушка алаарын жашыруун айткан экен. Акыры көндүм. Мындай кабарды уккан жакын туугандар баары чалкасынан кетти. 3 жыл техникумду, 5 жыл университетти бүтүп мугалим болосунбу дегендер да болду. Андан көрө каржы министрлигине же мамлекеттик банкка келбейсиңби деп калышты. Убада бергем деп, окутуучу болуп кала бердим. Ал жерде 20 жыл иштедим. СССР тарап, жаңыдан гана эгемендүүлүктү алган учурда өлкөбүз экономикалык жактан кыйналып турган. Бюджеттин жоболорун жазууга жардам бергенбиз.  “Заман” гезити ар жерде симпозиумдарды уюштуруп, жакшы кызмат кылды. 1994-95-жылдары университеттен кетип, Дүйнөлүк Банктын, Европа өнүгүү Банкынын программалары менен Америка, Италия баш болгон бир топ өлкөлөргө окууга барып келдик. КРСУ, БГУ жана башка көп университеттерде сабак бердим. Экономика жана Финансы институту ачылды, анын алдында чоң колледждт иштетип, өнүктүрүп жатабыз.

IMG_2880Профессор катары айтсаңыз, чыныгы экономист кандай болушу зарыл?

Экономист деген сөздүн көп мааниси бар. Адамдын турмушу кандай көп түрдүү болсо, экономика да ошондой. Экономиканын баардык түрүн өздөштүрүп, түбүнө жеткен эч ким жок, биз деле адистиктерге бөлүнөбүз. Ошого жараша ар кимдин өз багыты болот. Мисалы илимдин доктору, профессор Шайлообек Мусакожоев инновация жагына көп басым жасап келе жатат. Агрардык сектор боюнча экономиканы негиздөөчүлөрдүн бири илимдер академиясынын мүчө корреспонденти Мурат Балбаков болчу. Экономиканын түрүн көп билбеген коомчулукта экономисттер көп деген түшүнүк жаралып, бухгалтерди деле экономист деп коюшат. Алсак, маркетинг деген түшүнүк калкка сиңе элек. Биз ансыз эле оокат кылып жүрөбүз. Болбосо маркетинг бизнести баштоодо эң негизги бөлүк. Товардын баасы канча болуш керек, андан пайда табуунун жол-жоболору кандай деген суроолорго жооп издейт.

Маекти үй-бүлөңүзгө бурсак, канча уул-кызды тарбиялап IMG_0341өстүрдүңүз?

Эки уулум бар. Улуусу Алмаз экономика илимдеринин кандидаты болсо, кичүүсү да ушул жаатта билим алган. Мамлекеттик салык инспекциясында бир аз иштеп, жеке бизнеске өтүп кетти. 7 неберенин чоң атасымын. Алардын улуусу Кытай Эл аралык университетинде окуп жатат. Мени кубанткан жагы неберелеримдин көпчүлүгү англис, орус, түрк тилдерин билишет. Алар дагы экономика тармагында билим алып жатат.

Балдарыңыздын экономист болуп калганы өз каалоолору мененби же сиздин кеңешиңизден уламбы?

Тун уулум жогорку окуу жайын Москва шаарынан бүтүрүп, Англияга барып да окуп келди. Жубайы Чолпон немец, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Кичүү келиним да экономика илимдеринин кандидаты. Неберелеримди да өздөрүндөй кылып тарбиялап жатышат.

Балдарыңызга мыкты тарбия берип чоңойткон жубайыңызIMG_0751 менен кантип таанышып калдыңыз? Ал кайсыл кесиптин ээси?

Небере кызым сурап калды эле “менин чоң энем кайсыл окууну бүттү эле” деп. Сенин чоң-апаң менден бир жыл мурун тарых факультетин бүткөн деп жооп бердим. Аялым-Эркин Жумгалдан болот. Ал кезде тарыхты бүткөн өзүнчө мода болгон, анткени аны аяктагандын баары секретарь болот, партияга жумушка алынат деген түшүнүк бар эле. Бирок, ал өмүр бою мектепте мугалим болуп жүрдү. Аны менен жолдош балам уулдуу болуп, анын баласын көргөнү барган жерден таанышып калдым. Ал күнү досумдун бөлөлөрү да ымыркайды көргөнү келип калат. Эркин досумдун бөлөсү болот. Тагдыр буйруп баш коштук.

IMG_1120Адамда кайсыз 3 жакшы сапат болсо дейсиз?

Жакшы сапат көп, негизги үчөөнө төмөнкүлөрдү кошоор элем. Биринчиси, адамга кылган мамилең. Кичипейилдик, сылыктык, улуу-кичүүнү сыйлай билүү менен адамдар менен тил табыша билген жакшы. Экинчиден, адамдарга жардам берүү, алардын көйгөйүн чечип берүү. Чогуу иштегендерди түшүнө билүү, жаман жагын күлүп кабыл алып, жакшы жагына сүйүнүп турган оң. Үчүнчүсү, эл жериңди сүйүү. Кээ бирөө ата-энесин жек көрсө, айрымдар эли-жерин жамандайт. Уруу болуп бөлүнгөндүн ордуна бириккен дурус.

Кандай бактылуу күндөр ар бир адамда болсо экен деп тилейсиз?

Азыркы студенттер биздин учурдагыдай ынтымактуу жүрсө экен. Окууну бүтсө, жумуш менен камсыз болушса дейм. Анткени студенттик кез акылга, күчкө толуп-токшуп турган кез. Эч нерседен коркпой келечекке зор үмүт менен караган мезгил.

Сизде аткаруу же мыйзам чыгаруу бийлигине келүү IMG_2775максаты болду беле?

Андай болгон жок, анткени кай жерде көбүрөөк пайда келтире алаарымы жакшы билем. Кыргызстанда экономикалык билим, мыйзамдар өнүккөн эмес. Аны толукташ үчүн менин өмүрүм да жетишпейт. Бийликке барып, өйдө-төмөн жаман сөз уккум келбейт, бул нерсе мен үчүн трагедия.

Жашоо принциптериңизди кыргыздын макалына сыйдырып айтсак болобу? Адабият менен маданиятка көз карашыңыз кандай?

“Акыл жаштан, асыл таштан” деп коёт. Бирок жумуштан картаңдарды кетирүүдөн мурда алар менен тажрыйба алмашып, кеп-кеңешин уккан оң. Маданият десе эле китеп жазып, ыр ырдагандарды ойлобош керек. Адам турган турпаты менен маданияттуу болушу зарыл. Ар бир нерсенин өз усулу болот, ошол эле сөздүн да, бийликтин да маданияты болот. Кыргыздын каада-салты өзү чоң маданият.

IMG_1300Азыркы жаштардын өзгөчөлүгү эмнеде?

Жаңы технологиялар аркылуу дүйнө таанууга аракет кылганы жагат. Интернеттин жардамы менен каалаган нерсесине заматта жете алышат. Алсак, АКШ президенти Трамп эмне кылып жатканын өлкөдө туруп эле билүүгө болот. Ага кошумча тил үйрөнүүгө аракеттенип жатканы кубантат. Кыргыз эли басып келген жолдун жаманын оңдоп, жакшысын улантып кете берсин. Элге тынччылык, аманчылык каалайм.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *