Шашылыш кабар:

Орозобекова: Кирешеси 2 миң 453 сомдон аз болгон үй-бүлөлөр жакырлардын катарына кирет

Январь 23, 2017 | жарыялаган Nargiza
112

сом акча аралаш

Статистикалык маалыматка караганда, Кыргызстандын 30% жараны жакыр турмушта жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланган. Тактап айтканда, бир айлык кирешеси 2453 сомдон аз алган үй-бүлөлөр жакыр жашагандардын катарына кирет.


«Экомайдан» программасынын бул жолку чыгарылышында «Жакырчылыктан кантип арылабыз?» — деген теманын алкагында талкуу болду. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык камсыз кылуу департаментинин ыкчам эсеп бөлүмүнүн башчысы Динара Орозобекова жана ошол эле министрликтин өкүлү Зарипа Ниязбекова болду.

Кыргызстанда статистика боюнча жакыр жашоодо жашагандардын көрсөткүчү 30% экен. Тактап айтканда, 123 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт. Жакыр деген 2453 сомдон ылдый алгандар айтылат. Негизи эле  жакырлар үчүн биз билбеген кандай маалыматтар жана сандар бар?

Динара Орозбекова: — Жакырчылыкты жоюу өтө оор маселе болуп саналат. Кичинекей Кыргызстан үчүн 30% адам жакырчылыкта жашаганы начар көрсөткүч. Жакырчылыкты жоюу маселеси менен ар бир министрлик иш алып барат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ай сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул берет. Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдарга социалдык жөлөк пул берилип турат. Республика боюнча жалпы 356 миң жаран жөлөк пул алат. Жөлөк пулдун орточо өлчөмү бир адамга ай сайын 872 сомду түзөт. Кепилденген киреше бөлүмү да жакыр жашаган жарандар менен иш алып барат. Кепилденген киреше бөлүмүнүн ар бир адамга ай сайын бере турган орточо көлөмү 900 сом. Ал эми мурда 810 сом болгон. 2016-жылдын 1-октябрында гана 900 сомго көтөрө алдык. Бул көрсөткүчтөр бюджеттин деңгээлине жараша бөлүнөт. Жыл сайын жогоруда айтылган көрсөткүчтөрдү көтөрүү боюнча өкмөткө сунуштар берилет.

Минималдуу кепилденген сумма 900 сомду кантип аныктайсыздар?

Ар бир айылда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлө айыл өкмөттөгү социалдык адиске кайрылат. Социалдык адиске баардык тиешелүү документтерин алып келип өткөрөт. Аталган адис баардык керектүү документтерди райондук социалдык башкаруу уюмуна алып келет. Биздин адистер барып «чын эле жакыр жашоодо жашайбы» деп текшерип келишет. Анткени жөлөк пул төлөш үчүн даректүүлүгүнө абдан көңүл бурулат. Чындыгында ошол үй-бүлө муктажбы, баардыгы иликтенет. Себеп дегенде, үйүндө жатып алып эле жөлөк пул алам дегендер абдан көп кездешет. Өлкө экономикасынын абалына жараша жөлөк пул берилет жана ошого жараша азайып, көбөйтүлөт. Азыркы учурда ар бир айда 5 жүз миллионго жакын жөлөк пул берилет. Жакыр адамдардын 67% айыл жергесинде жашайт. Ошондой эле тоолуу жердегилер жакыр жашаган жарандар “высокогория” деп коэффицент кошуп алышат.

Кыргызстанда 75 миң адам өтө жакыр жашоодо жашайт экен. Негизи булар кимдер?

Кирешеси 2453 сомдон да аз жарандар өтө жакыр деп айтылат.

Орусиядагы кыргыз кыздарынын өлүмү жана учак кырсыгынан каза тапкан жарандар ал жерде жашабаш керек эле деген пикирлер айтылып жатты. Ушундай окуялар жакырчылыктын кесепетинен келбей элеби?

Улукбек Кочкоров:- Албетте, жакырчылыктын кесепетинен да болуп жатат десек болот. Дача-Суга элдер жашабаш керек деген сөздөр айтылып жатат. Алардын ошол жакта жашап жатканынын себеби, башка жакка жашаганга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан жашап жатышат. Алы жеткен жерге келип үй салып жашагандыктан түшкө кирбеген окуялар болуп жатат. Өткөн жылы да Москва шаарында 17 кызыбыз тирүүлөй күйүп кетти. Бул дагы жакырчылыктын айынан болду. Эгерде Кыргызстанда жетишээрлик жумуш орундары менен камсыз болуп, айлык маяналары жакшы болгондо кыздарыбыз чет жакка чыкмак эмес.

Мындан тышкары жол кырсыгына учураган жарандар дагы мигранттар. Өлкөдө жакшы шарттар жана жумуш орундар жок болгондуктан, жарандар жакыр жашоодон чыгуунун айласын издеп, ар кайсы жакка тентип, жаман окуяларга учурап отурушат. Мындай каргашалуу окуялардын баардыгы түздөн-түз жакырчылык менен байланышы бар. Жакырчылыкты жоюу үчүн мамлекет комплекстүү иштерди көрүш керек. Мамлекеттик бийлик жана кызматтар «эмне болсоң ошо бол» деген жагдайда туруп алганыбыздан улам ар кандай жагымсыз иштер болууда. Учактын кулашы бийликке, өкмөткө сабак болушу керек.

Мисалы, Бишкектин ар тарабында газдын магистралдык түтүкчөлөрүнүн үстүндө жайгашкан үйлөр бар. Сактыкта кордук жок дейт. Кудай сактасын, эгер ошол түтүкчөлөр жарыла турган болсо кандай кесепети болушу мүмкүн деген ой толгоо жатат. Бүгүнкү күндө “сибирь язва” оорусу менен көмүлгөн жерлерде үйлөрдү салып алып жашагандар арбын.

Мындан тышкары мүрзөлөргө жакын, санитардык нормага жооп бербеген жерлерде жашагандардын саны көп. Мындай жагдайлардын баардыгына сенин көйгөйүң дегенсип, мамлекет тарабынан да, жарандар өздөрү да көңүл сыртында калтырып келишүүдө. Жакырчылыктан чыгуу үчүн бийлик элге жерди бөлүп берген соң, ошол жердеги зарылчылыктарды жоюп, ошондой эле өндүргөн өнүмдөрүн жакшы баада, жакшы жерге сатып берүүгө мамлекет кандайдыр бир иш-чараларды көрүш керек. Жумушуң жок, үйүң жок. Бул сенин көйгөйүң дебестен өкмөт ошонун үстүнөн иштесе майнаптуу бир жыйынтык чыкмак.

Жакырчылыкты жоюу боюнча министриликте комплекстүү иш жүргүзүлүп жатабы?

Зарипа Ниязбекова:- 2016-жылдын ноябрь айында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде жакырчылыкты жоюу боюнча атайын кеңеш түзүлгөн. Аталган кеңештин башында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков турат. Кеңештин түзүлгөнүнүн максаты жакырчылык менен күрөшүү болуп эсептелет. Жакырчылык менен күрөшүү бир министрликтин колунан келбейт. Анын ичинде ар бир министрликтин тиешелүү аткара турган иш-чаралары жазылган. Мисалы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин милдети, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдарды даректүү жеткирип берүү. Ошондой эле азык-түлүк жагынан жардам кылуу. Бул социалдык колдоо системасын жакшыртуу жана калктын аярлуу катмарына тамак-аш аркылуу жардам көрсөтүү болуп саналат.

Улукбек Кочкоров: — Жогоруда айтылып кетти. Жакыр жашоодо жашаган жарандардын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде экени. Айыл жергесин жакырчылыктан чыгарабыз десек, айыл чарба тармагындагы дыйкандарга колдоо көрсөтүү керек. ЕАЭБге кирдик, жыргайбыз, экономикабыз өнүгөт дедик.

Тилекке каршы андай болгон жок. Тескерисинче Тажикстан кирип, Кыргызстандын мөмө-жемиштерин арзан баада сатып алып чыгып, Орусияга тажик бренди менен эки эсе кымбат баада сатууда. Түйшүгүн кыргыз тарап тартып, ал эми пайдасын тажиктер көрүүдө. Эгерде мамлекет ушундай иштерди колго ала турган болсо, мурда 100 сомдон саткан нерсесин 150 сомдон сатса дагы жакырчылыктан чыкканга бир топ түрткү болот.
Дыйкандардын товарын сатканга мүмкүнчүлүк түзүп бербеген Айыл чарба министрлигинин жалпы бюджети 1 млрд 4 жүз миң сом болсо, анын 60% айлык маянасына кетет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга ошондой армия керекпи? Бул министрликтин эффективдүүлүгү такыр жок. Айыл чарба министрлигин такыр жоюп салгыла дегенден алысмын. Бирок ошону оптималдаштыруу кылып, айлыгына 50 млн кете турган кылуу зарыл.

Мындан тышкары Эл аралык базарларда Кыргызстандын товарларын сатууга жана шарттарын түзүү боюнча издене турган мобилдүү бир команда түзүү максатында иш алып барууга алгылыктуу иштерди жасалышы керек. Ошондой эле, кичи жана орто ишканалардын иштөөсүнө өкмөт бут тозбой, аларды колдоого алып, жарандар жумуш орундар менен камсыз болушса, өлкө экономикасында өсүү байкалат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *