Шашылыш кабар:

Майрамда ооруп калбаш үчүн эмнеге көңүл буруу керек?

Декабрь 30, 2016 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
70

Жаңы жылдын кирип келишине саналуу гана сааттар калды. Коомчулукта адатка айланган бул күндү эл жайыл дасторкон менен майрамдашат. Бирок тилекке каршы майрам күнү туура эмес тамактануу, суук аба-ырайынын таасиринен ооруп, тез жардам кызматына кайрылгандардын саны да кескин көбөйөт. Майрам күндөрү ооруп калбаш үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? Адистердин кеңешин сунуштайбыз.


5d690768dddb41064f56fee03d7f9613383acb63

Жаңы жыл, майрамдык дасторкон дегенде сөзсүз түрдө эсибизге консерваланган жемиштер менен жасалган салаттардын түрү келет. Ошондой эле майрамдык маанай тартуулаган пиротехникалык каражаттар. Бирок адистер тамак ашты туура жебесе жана этият мамиле жасалбаса, буга чейинки тажрыйбалар көрсөткөндөй, ушул күнү тамак-аш, спирттик ичимдиктерине уулангандар жана пиротехникалык каражаттардан жаракат алгандардын саны кескин көбөйөт.

Буга байланыштуу быйыл тез жардам кызматынын бригадасынын саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйтүлгөн. Жалпысынан 38 бригада иштейт. Бул туурасында тез жардам кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев билдирди.

-31-декабрда чакыруулардын саны көбөйөрү бышык. Маселен түнкү саат 1-2 чейин чакыруулардын саны бирдей эле болот. 1-2 кийин тамак-аш, аракка уулангандар, колун көзүн күйгүзүп алгандар чакыра баштайт. Ошондой демейде чакыруу 500 болсо, ал күнү 800-700 жетет.

Свадбьа

Келген кайрылуулардын көпчүлүгүн тамак-аштан уулануу түзөт. Анткени жаңы жылдык дасторконду консерваланган жемиштерсиз элестетүүгө болбойт. Ошондуктан, мындай абалда жемиштерди колдон келишинче жыгач бочкаларда туздоону сунушташат. Анткени үй шартында туздалган жемиштер ботулизмге алып барат. Бул туурасында Республикалык инфекциялык оорукананын дарыгери Нургүл Молдалиева буларга токтолду.

-Өтө жогорку деңгээлде үй шартында кайнатууга мүмкүнчүлүк жок. Анда бактериялар өлбөйт. Ошондуктан бул абдан кооптуу. Бирок жок дегенде жыгач бочкаларда туздаса, тазараак болот. Анан заводдордо жасалган консерваларды колдонуу сунушталат.

Ошондой эле майрам алдында көчө бойлоп торт саткандардын саны көбөйөт. Баасынын арзан экендигине кызыккан эл, анын сакталуу жерине көңүл бурба бербейт. Бирок  адистердин айтымында өзгөчө торттун каймагында микробдор бат көбөйөт. Анын кесепетинен мөөнөтү өткөн торттордон уулангандар да көп болот.

u-7f2d61368a32df4188aea72ab4d7a370Торттун каймагында бактериялар бат көбөйөт. Ошондуктан ууланып калуу коркунучу жогору. Айрыкча азыр көчө бойлоп саткан торттор суук абада турат дегени менен шарттары туура келбейт.

Ошондой эле спирт ичимдиктеринен уулангандардын саны да кескин көбөйөт. Адистер арактан уулануу оор абалга алып келерин эскертишет. Бул туурасында токсиколог Нургазы Кыштобаев буларга токтолду.

-Тамак-ашка ууланга учурда бейтаптын дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, кусат. Ал эми аракка ууланган учурда кусуп, эс уучун жоготушу ыктымал. Оор абалда болсо, комага түшүп калуу коркунучу бар. Анткени арак уйку безин бузат, канттын деңгээлин түшүрөт. Анын кесепетинен эс-учун жоготот.

dcusqdzvdq-big-350-Ал эми пиротехникалык каражаттарды этиятсыздык менен колдонгон учурда күйгөндөргө адистер тез жардам кызматы келгенге чейин муздак суу менен жууп, таза кебез байлап коюуну сунушташат. Көзү жаракат алган учурда улам көздү ачып жумбаш үчүн кебез менен жаап туруу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *