Шашылыш кабар:

Арзыбек Кожошев: Туруктуулукту каалаган кишимин

Декабрь 14, 2016 | жарыялаган Анара Бакытбекова
124

Жетекчи болуу ар бир адамдын кыялы. Бирок өзүнүн ак эмгеги, талбаган аракети  менен бийиктиктерди багындыруу көпчүлүктүн колунан келе бербейт. Бүгүн биз экономика тармагындагы мыкты жетекчи, билими, тажрыйбасы менен башкалардан айырмаланган  Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев менен  «Саясаттан сырткары» программасында маектештик.  Анда ийгилик ээсинин сырын ачып, басып бараткан жолун, саясаттан сырткары жашоосун талдадык.


Ушул деңгээлге жеткениме атамдын салымы чоң

Мен 1968-жылы Ош шаарында төрөлдүм. Атам Кара-Суу районунун Папан айылынан болот. Өзүм шаарда 20161202_233127чоңоюп, орус тилдүү мектепте окудум. Совет мезгилинде орус тилин билбесең каръерага тепкичиң болбойт деп атам орус мектепке берген. Бирок мен биринчи күнү эле нааразы болдум, анан орус кыз менен отургузуп койгон. Анын аты Надя болчу, кайдан келдиң деп сураса түшүнбөйм, мен сүйлөсөм ал түшүнбөйт. Үйгө келип атам менен апама мен эч кимди түшүнбөй жатам деп ыйлап айттым. Же ал жакта досум жок, айылда окуйм десем атам макул болбой, кийин түшүнүп каласың деп койгон. Убакыт өткөн соң акыл-эсиме келип калганда атам мага «бул турмушта каръерамдын өспөгөнүнүн негизги себеби менин орус тилин билбегендигим» деп айтты.

Бүгүнкү күндө ким сабаттуу болсо ошол адам көп нерсеге жетишет. Азыр ата-энем шаарда орус тилдүү мектепте эмнеге окутканыбызды түшүнсөң керек деп сурайт. Чындыгында ушул деңгээлге жеткениме атамдын салымы чоң. Биздин бала кезибизде интернет деген нерсе жок болгон. Телевизорду деле белгилүү эле убакытта көрчүбүз. Күнүгө алтыда балдар үчүн мультфильм болчу.  Ал эми радиодо жалаң эле саясатты берет эле. Ошол убакытта балдардын баары эле көчөдө жүрүп, көпчүлүгү спорт менен машыгып калды. Менин ийгилигим спорт менен башталган. Төртүнчү класстан баштап күрөш менен машыктым. Негизи ата бабаларым кыйын күрөшчү экен. Бешинчи класста 35 кг салмакта күрөш боюнча Ош шаарынын чемпиону болгонмун.

Кыргызстанда эң көп жыл министрдин орун басары болуп иштеген мен болдум

_mg_1706Мен жаштарга дайыма мамлекет үчүн иштесеңер сөзсүз Кудай колдоп, өзүңөр аракет кылсаңар көп нерсеге жетесиңер деп айтып келем. 1995-жылы окуу жайды бүткөндөн кийин эле Финансы министрлигине адис болуп келдим. Ал мезгилде айлык маянам 350 сом болчу. Бул акча эмнеге жетет? Бирок ага карабастан иштедим, туугандарым мага жардам берди. Биздин үй-бүлөдө министрликте иштегендер болбогондуктан мени колдойлу деп  каржы жагынан жакшы көмөктөрүн көрсөтүштү. Анткени жакындарым мени жакшы адам болуумду каалашты. Анан мен 20 жыл Финансы министрлигинде адистиктен орун басарлыкка чейин жеттим. Орун басарлыкта 9 жыл болдум. Бул аралыкта Кемелбек Нанаевден баштап Адылбек Касымалиевге чейин 15 министр менен иштедим.  Орун басар болуп иштеген оңой эмес, айрыкча бюджеттин тартыштыгы мезгилинде Жогорку Кеңештен сын сөздөрдү угасың. Бирок бул мага чоң тажрыйба болду. 2000-жылдан баштап эле Жогорку Кеңештин жыйындарына бара баштадым. Учурда финансы боюнча жаштарге кеп-кеңеш берип турам. Ушул 20 жылдык тажрыйбам экономика тармагын башкарууга жардам берип жатат. Мыйзам чыгаруу бийлигинде да иштегим келип, өткөн жылы Кыргызстан партиясы менен депутат болдум. Кесиптештерим мени мамлекеттик кызматта тажрыйбаң бар деп министр болуумду суранышты. Макул болуп министрликке келдим. Экономика министрлиги өкмөттөн кийинки эле мекеме, аны башкарып кетүүнүн да түйшүгү болот. Бизде өкмөт тез эле алмашып жаткандыгына байланыштуу министрлер да алмашты. Финансы министрлигине дайыма жаңы жетекчи келгенде, көптөн бери бул ведомстводо ким иштейт десе мени көрсөтүшчү. Эмне үчүн көп жылдан бери иштеп жүрөт деп мени текшерген учурлар болгон. Бирок таза иштегендиктен артымдан эч нерсе тапкан эмес.

Туруктуулукту каалаган кишимин

Экономика министрлигине жаңы келгенде эмгек жамаатын чогултуп, эч кимди жумуштан кетирбейм, img_5651баарыңар иштейсиңер деп айттым.  Себеби ар бир адам туруктуулукту каалайт. Мамлекеттик системанын адамы болгондуктан ким жакшы иштесе ошону жумушунан көтөрүп, колдойм.  Ким ордунан көтөрүлсө анын ордуна дагы жакшы иштеп жаткан адам келет, ошентип башка кызматкерлер да жумушум көтөрүлөт экен деген түшүнүктү кабыл алып калышат. Жыл сайын министрликтердин арасында спорттук жарыштар болот. Мен Каржы министрлигинде иштеп жүргөндө спорттук мелдештерден биринчиликти алышчу. Себеби өзүм үлгү көрсөтүп, баарын биринчиликти алууга үндөйт элем. Экономика министрлигине келгенде спорттук мелдештерге катышасыңарбы деп сурасам Финансы тармагы биринчини алып кетишет дешти. Ошондо быйыл биз биринчиликти  алабыз деп даярданып, биринчи болдук. Өзүм 100 метрге жүгүрүп, биринчи келдим. Кызматкерлер дагы катышып, жакшы көрсөткүч көрсөттү.

Спорттук каръераны уланткан жокмун

3x4_1092Бешинчи класста күрөш боюнча чемпион болгондо атам аябай сүйүнгөн. Ошол убакта телевизордон орустардын телеканалынан кыргыз спортчусу Каныбек Осмоналиевдин СССРдин чемпиону болгонун көрсөттү. Аны көрүп таасирленип, мен да ошондой болом деп чечтим. Анан көбүрөөк машыга баштадым. Ал мезгилде спорттун эң мыктылары  Бишкектеги спорт интернатына чогулуп машыгышчу. Алардын катарында менда бар. Интернатта окуп жүрүп, Раатбек Санатбаев менен дос болдум. Бир күнү ойлонуп, күрөшкө катышпай турганымды Раатбекке айттым. Анткени келечегимди спорт тармагында көрө албайт экенмин. Себеби, спортчулар келечекте машыктыруучу же дене-тарбия мугалими эле болуп калат экенин түшүндүм. Ошентип, окууга көп көңүл бура баштадым. Жыйынтыгында эки жогорку окуу жайды артыкчылык менен бүттүм. Бирок спортко болгон жардамымды аябай эле көрсөтүп келем. Азыркы мыкты спортчулар Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов  окуучуларым болот.

Келинчегимди бир көрүп жактырып калдым

Совет мизгилинде чоңоюп калдым. Ал учурда кыздар менен таанышуу үчүн социалдык тармактар жок болчу. Эгерде жигитке бирөө жагып калса, ага арзуусун кат аркылуу бирдиришчү. Кыздарга аяр мамиле кылып, жигитчилик башкача деңгээлде болуп, жеңил ойлуулук жок эле.  Ал эми кыздар армияга барбаган балдарды жактырышчу эмес. Мындан улам эркектердин баары армияга барган, ал жактан кайткан жигиттерге кыздар турмушка чыкчу. Мен жубайым менен студент кезимде тааныштым. Анда студенттерди пахтага алып барып иштетчү. Ага келинчегим да барган, аны пахта талаасында көрүп жактырып калдым. Аны менен таанышып, экөөбүз үч жыл кыз-жигит болуп жүрүп, анан турмуш курдук.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *