Шашылыш кабар:

Сунушталып жаткан Конституцияда президенттин укугу чектелгенби?

Декабрь 11, 2016 | жарыялаган Nargiza
92

«Сунушталып жаткан Конституцияда президенттин укугуна караганда премьер-министрдин укугу кеңейтилген»- дейт эксперттер.

31561461810713_big

11-декабрда баш мыйзамды өзгөртүү боюнча рефорундум болот. Өткөн жумада премьер- министрдин  ыйгарым укуктарын алып чыкканбыз. Бул жолку “Акыйкат таразасы” программасында,  жаңы сунушталып жаткан баш мыйзамда презденттин ыйгарым укуктарынын айланасында талкуу курабыз.

Студиянын коноктору  “Эр теги” коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев жана юрист Райымкул уулу Касымбек.

-Учурда саясат айдыңында, өзгөчө оппозиция тарапта Президент конституциялык референдумга, элди мажбурлап алпарып жатат. Баш мыйзамды 2020-жылга чейин тийбеш керек эле деп сындашууда. Мына экөөңүздөр тең юристсиңер. Бул жерде  прецедура бузулуп жана Президенттин бийлиги жогорулап жатабы?

Райымкул уулу Касымбек:

Процедура бузулду. Себеби азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам 2020- жылга чейин өзгөрбөй туруктуу иштеш керек эле. Бирок ошол эле учурда  2010-жылы Конституциялык өзгөрүү да мыйзамсыз болгон. Аларда эл менен көп эсептешкен эмес. Укуктук өлкө болгондон кийин  ушундай нерселерге жол бербеш керек эле.

Осунбек Жамансариев:

Бийликтин булагы бул коом. Ошондуктан эл чечиш керек. Мыйзам туура же туура эмес деп. Бул жерде бийлик бутактарынан аткаруу органынына гана көп  укук берилип жатат. Мыйзамдардын кемчилигинен  25 жылдын ичинде 30га чукул өкмөт алмашып, жыйынтыгында экономикабызга терс таасирин тийгизди. Эгер өлкөбүздүн өнүгүшүнө каршы мыйзамдар болсо,биз өзгөрүүгө барыш керекбиз.

Осунбек Жамансариев:

Кайра-кайра алмаша берсе, мыйзамда туруктуулук жоголбойбу?

Андай коркунуч бар. Бирок эл чечет да. Өлкөнүн өнүгүшүнө тоскол болуп жаткан мыйзамды элдин каалосуна коюп чечип койсо эмне болмок эле. Мен туура деп эле ойлойм.

 -Конституция менен бир гана чиновниктер жашабайт, ушуну баса белгилеп кетишибиз керек. Баш мыйзам менен бүт Кыргызстандын жарандары жашайт. Ошондуктан ар бир жаран референдумга кайдигер карабашы керек. Референдум туура болсо, колдош керек же жокбу жок деш керек. Ар кимдин тандоосу эркин болушу керек. Ошол себептен улам “Акыйкат таразысы” программасы колдон келишинче, укуктук жаатан радио угармандарга маалыматты калыс жеткиргенге аракет кылып жатабыз. Ушуга улай суроо, шайлоого чейин эл референдум тууралуу толук маалымат алалдыбы?

Райымкул уулу Касымбек:

Мына эл чечет деп жатабыз, чындыгында өзгөртүү толуктоо эл тарабынан болуп келген эмес. Ооба, Конституциялык нормага такап туруп депутаттардын көпчүлүк саны колдоду деп туруп өзгөртүүгө кетип баратабыз. Мурункудай болуп эле элге толук мааламат жетпей калды. Азыр эл референдум болоорун эле билбесе, ал эми кайсы беренелер өзгөрөрүн билишпейт. Мына ушунда болуп жатат кемчилик.

-Президенттин укугу көтөрүлүп, координалдуу өзгөрүүнү байкай алдыңызбы?

Осунбек Жамансариев:

Эми муну трагедия кылып деле кереги жок. Референдум жарандардын эркин тандоосуна коюш керек.  Мыйзамды жакшылап окуп чыкса, эгер чындап жазылгандай иш алып барышса мамлекет үчүн жакшы жактары бар. Эми түп тамыры менен координалдуу өзгөрүү бар дегенден да алысмын.

 -87-берененин бешинчи пункутунда так көрсөтүлүп турат.

  1. Коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин – Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Президент аталган сунуштаманы алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция (лидерлери) менен кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап Президент 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет. Бул жерде тең салмактуулук болгону менен кандайдыр бир, бийлик башындагы адамдардын ажырымына алып келбейби?

Осунбек Жамансариев:

Ажырымга алып келбейт тескерисинче жоопкерчүлүкө үндөйт ойлойм. Мурункудай болбой эч ким, өз укгунан аша чабалбай калат. Тактап айтканда, Президент өз ишин, Премьер-министр өз ишин жасап калат.

Райымкул уулу Касымбек:

Бизде мыйзамдарда жазылганы менен реалдуу турмушта бөлөкчө аткарылып калат.  Эми кимдин ыйгарым укуктары кеңейтилди муну убакыт баасын берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *