Шашылыш кабар:

Сунушталып жаткан Конституцияда өкмөткө кандай укук берилген?

Декабрь 4, 2016 | жарыялаган Nargiza
107

“Жаңы сунушталып жаткан баш мыйзамдын, өкмөт боюнча беренесинде чоң өзгөрүү болбогону менен бирок  аз да болсо,  өкмөттү туруктуулукка багыттаган кадамдар бар үчүн колдоп беришибиз керек”- дейт Ч. Жаныбеков.

dsc_0508-2

11-декабрда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча рефорундум болот.  Бийлик башындагылардын кээ бири референдумду колдосо, айрымдары каршы болушууда. Ал эми калктын калың  катмары конституцияга өзгөртүү болорун гана укпаса, мындай  терең маани берише элек.  “Акыйкат таразасы” программасында,  жаңы сунушталып жаткан баш мыйзамдагы негизги  өзгөрүүлөрдүн бири болгон, Премьер-министрдин ыйгарым укуктары тууралуу талкууладык. Студиянын коногу көз карандсыз юрист Чыңгыз Жаныбеков.

-Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери,  28 Премьер- министр  алмашыптыр. Өкмөттүн көп урашынан улам, өлкө экономикасына  терс таасирин тийгизип келет.  Ал эми бийликтин айтымында,  жаңы сунушталып жаткан конституция өкмөттү  туруктуулукка алып келет деп жатышат?

Албетте өлкөбүз көз карандысыздыкты  алгандан бери эле 30га чукул өкмөт алмашты. Анын айынан оор абалда турган экономикабыз  ого бетер кризиске учурады. Өкмөттүн туруксуздугунун бирден  бир себеби  конституция экени баарыбызга белгилүү. Жаңы сунушталып жаткан Баш мыйзамдын өкмөт боюнча беренесинде деле бир чоң өзгөрүү көрүнбөйт. Бирок маңызында, өкмөттү туруктуулукка багыттаган кадамдар бар экен.

-Оппозиция маанайдагы саясатчылар жаңы сунушталып жаткан  конституциянын негизинде Премьер- министрдин укугун  болуп көрбөгөндөй кеңейтип алабыз деп чочулап жатат. Мыйзамда ушундай жагдай көрө алдыңызбы?

Негизи аткаруу органынын укугун кеңейтиш керек. Ошондо гана экономикада өсүүлөр болот. Бир адам келип же кооз сүйлөө менен абал өзгөрүп кетпейт, тескерисинче барыбыз мыйзамды сыйлап өз милдеттерибизди так аткарсак, ошондо өлкөбүзгө жакшы салым болмок. Мен аткаруу бийлигинин укугун кеңейтүүнү колдойт элем.

-Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын  72-беренесинде

  1. Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандаттын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн. Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган депутаттын башка ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана чектөөнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.

Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордундагы Жогорку Кеңештин депутатынын аталган кызматтан кетүүсү, бошотулушу жана милдеттерин аткарууну токтотушу анын депутаттык ыйгарым укуктарын толук көлөмдө калыбына келтирүүгө алып келет деп турат. Ушуга юридикалык кандай баа бересиз?

Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордунда иштеп, кайра ал ордунан кеткенден кийин депутаттык мандаттын сактап калышына каршымын. Себеби биринчден, жоопкерчиликтүү болбой калат, экинчиден, акчалууларга бизнес болуп калат. Каалаган учурда бийлик башына келип, түшүп калса кайра депутаттык мандаттын сактап калып жүрө беришет.

-87-берененин бешинчи пункутунда так көсөтүлүп турат.

  1. Коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин – Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсү премьер-министрдин сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Президент аталган сунуштаманы алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди президент өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап Президент 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет. Бул жерде тең салмактуулук болгону менен кандайдыр бир бийлик башындагы адамдардын ажырымына алып келбейби?

Бийлик бутактарында ажырым болуп туруш керек. Бул демократия принциптерине туура келет. Мисалы бир өкмөт мүчөсү иштей албай жатса, парламент президентти  эмес, Премьер-министрди такалайт да. Ошондуктан өкмөт мүчөлөрүн алмаштырып же шайлоодо өкмөт башчыга укук бериш керек.

89-берененин жетинчи пункутунда өзгөрүү кирген жаңы редакция боюнча,

 7) Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт жана бошотот, деп турат. Ушул жерден көп суроолор болуп жатат. Маселен өкмөт башчы жергиликтүү органдарга чейин кийлигише алат экен, деп. Ушул туурабы?

 Туура, кийлигүүшүсү керек. Себеби региондордо эмне болуп жатканы деле белгисиз. Ар ким өзү чечип, өзү коюп жатышат. Ошондуктан аткаруу бийлиги,  тактап айтканда, Премьер-министр тарабынан көзөмөл керек.  Качан гана  бийликтте тартип,  көзөмөл жакшы болсо, ошондо мамлекетте мыйзамдуулук  орнойт.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *