Шашылыш кабар:

Балдар арасындагы шахматты жаш үй-бүлөлөр көтөрүүдө

Апрель 22, 2015 | жарыялаган maraluser
120

Балдар арасындагы шахмат учурда өсүү динамикасында. 2014-жылы Кыргызстандын биринчилигине 450дөн ашуун жеткинчектер ат салышкан. Шахматка балдар арасында кызыгуунун өскөнү жаш үй-бүлөлөр тарабынан жасалган кадам болууда.

 

Шахмат менен дүйнөнү кезген балдар

Атаандаш менен шахмат талаасындагы күрөш. Эки сааттык салгылашуу. Андагы жыйынтык. Шах жана Мат болуу. Бүгүн биз шахмат дүйнөсүндө ийгиликтерди багынткан жеткинчектер менен кенен маек куруп, андагы жеңиш жана анын артындагы талыкпас мээнет тууралуу айтып бермекчибиз.

64 чарчыдагы ири эки беттешүү. Адамдын жеке акылы менен ойлонуунун артындагы жеңиш жалгыз гана шахмат оюнунда колдонулат. Шахматтын акылды өстүрүүгө салымынын чоңдугу дүйнөдө бааланып, ага тартылган балдардын саны да өстү. Анын ичинде Кыргызстанда да акыркы эки жыл аралыгында шахмат дүйнөсүндө бум болду. 5 жаштан жогорку курактагы балдар кыздар Индия, Бириккен Арап Эмираттарында, Греция сыяктуу мамлекеттерде өткөн бүткүл дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарында жемиштүү кайтышты. Алардын бири Элдияр Орозбаев 2013-жылы дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарда коло, күмүш медалдардын ээси болгон. Андан сырткары Президенттин кубогун да багындырган. Бир гана Элдияр эмес, Азиянын бир канча ирээт чемпиондору 5-6 жаш курагында шахмат менен дүйнө кыдырууда.

Жеке жашоосун шахмат менен алмаштырган машыктыруучу

Мындай азаматтарды даярдоо бир эмес бир канча шахмат боюнча клубтар колго алып жатат. Алардын саны эсепке алаарлык болгону менен кылган эмгегинин акыбети кайткандай. «Тиленбаеванын шахмат балдар борборунда» 180ден ашуун бала-бакчадагы жана мектеп окуучуларын шахматка даярдап келет. Борбордун жетекчиси Бактыгүл Тиленбаева биз менен курган маегинде окуучуларынын ийгилигин сыймыктануу менен айтат.
20 жылдан ашык өмүрүн шахматка арнаган Бактыгул эже өзүнүн жеке турмушун шахмат менен алмаштырган. Окуучуларын дайыма чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн турнирлерге ыктоого болгон аракетин жумшайт. Себебин устат балдар канчалык чет жер башка маданият болсо баланын жашоого болгон көз карашы өсүп өзүнө ылайыктуусун тапдап алат деген пикирде. Ошол себептен Жашоодогу жеңиштери катары окуучулары саналат.

Жеңиш менен кошо түйшөлткөн маселе

Чет өлкөдө жана анын ичинде Кыргызстандагы мелдештерге жолдомону балдар толкундануу менен кабыл алса, ата-энелерде кубануу менен кошо түйшөлткөн маселелер да болбой койбойт. Айтайын дегеним, Чет өлкөгө жолдомо уткан баланы ал аймакка барып катыштырып келүү ири өлчөмдөгү каражаттарды чапчууда. Мисалы, Дубай шаарына жолдомо алган окуучунун жол кире, тамак-аш чыгымдары ата-эненин мойнунда. Бир эмес 3 уулу жолдомо алган Съезбек Таштекеев учурда демөөрчү издөө менен алек. Балдарынын шагын сындырбоо үчүн болгон аракетимди каражат жагынан жардам бере турган кыргызстандыктарды издөөдө. Кошумчалай кетсек, Сингапур мамлекетине 3 баласын алып барып келүү үчүн ар бирине миң доллардан керектелет.

Шахмат Федерациясы ири 2 гана мелдешти каржылайт

Ал эми Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча федерациясынын президенти Милан Турпанов «Орду бар өлкөнүн желеги желбирей турган Азиялык жана Дүйнөлүк чемпионаттарга бара турган балдардын жол киреси 100 пайыз федерация жана демөөрчүлөр каржылап берет. Бирок андан башка кичи мелдештерди каржылоого азырынча каражаттардын тартыштыгынан ата-энелер өз чөнтөгүнөн төлөө керек. Биз бул маалыматты алдын ала ата-энелерге бергенбиз»-деп билдирет. 

Ата-мекендеги шахматты көтөрүү боюнча учурда аракеттер көрүлүп жатканын белгилейт. Алардын бири катары Азиялык шахмат федерациясы быйылкы жылы Кыргызстанда чемпионатты өткөрүү боюнча укукту камсыздап бергенин айтат.

Балага туура багыт берүүнү шахмат камсыздайт

Азия чемпиону Элдиярдын чоң атасы Жүрсүнбек Орозбаев небереси менен дайыма чогуу. Шахматка бирге машыгат. Небересин акылдын гимнастикасына көндүрүү үчүн, 4 жашынан шахматтын фигуралары менен ойноткон. «Баланы кичинекей кезинен пайдалуу жактарга багыттап койсо, ал ошол боюнча багыт алат. Канчалык баланын жаш курагы төмөн болсо кабыл алуусу ошончо бекем болот»-дейт ал.
 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *