Шашылыш кабар:

Искендер Шаршеев: Атаман балдарды химиялык заттар менен коркутчумун

Ноябрь 30, 2016 | жарыялаган Анара Бакытбекова
114

Бул адам акыркы  жылдардан бери Кыргызстандын экономикасына өз салымын кошуп келе жаткандардын бири. Болгону 32 жашта. Чыныгы билимдүү жана тарбиялуу адам жөнөкөй болот. Ушундай сыпаттоо ага абдан жарашат. Кеп соода өнөр-жай палатасынын чет элдик ишкерлерди колдоо боюнча комитетин жетектеген, чет элдик инвесторлордун ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев  тууралуу. 

– Сыртыңыздан шаарда чоңойгондой көрүнөсүз, чынында эле ошондойбу?

Бишкек шаарында төрөлүп, төрт жашка чейин жашап, андан кийин Караколдо чоңойдум. Бирок ал жакта айылда эле болдум.

-Атаңыз Манастын жети осуятын жазган, Манас айылын салган, Манастын 1000 жылдыгы 15239232_1150159505100143_1447561096_nмааракесинин уюштуруу иштеринин башында турган Шаршеев Шеримбек деген адам. Атаңыздын жолун эмнеге жолдогон жоксуз?

Атам чыгармачылыктын кишиси. Анын чоң тарыхы бар. Тилекке каршы он эки жашымда бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Ал киши Ошто, Караколдо драм театрларын ачкан. Ошондой эле Караколдогу театрды башкарган. Маданият министринин орун басары да болуп иштеген. Мен бала чагымда Хусейин Карасаевдин үйүнө атам менен конокко көп барганмын.

– Чет өлкөдөн билим алдыңыз, биздин тышкы саясатта эмне алсыз?

-Өлкөнүн тышкы саясатын алганда Кыргызстан бүгүн бир тараптуу болуп жатат. Бирок көп тараптуу болушубуз керек. Өлкө эки, үч мамлекеттин ортосунда жайгашкан, бизге деңизге жол жок. Деңизге жол алыш үчүн баары менен жакшы мамиледе болушубуз керек. Ошондо гана Кыргызстандын товары сыртка чыгып, дүйнөнүн ар тарабына сатылат. Азыркы күндө бир тараптуу болгонубуз кооптуу. Бул нерсе өлкө экономикасына катуу терс таасир этет.

15233621_1150159391766821_1206304135_o– Эмгек чыйырыңыз кай жерден башталган?

2000-жылы Жогорку Кеңеште Темир Сариев депутат болуп турганда ага коомдук жардамчы болуп иштеп баштагам. Көбүнчө шайлоочулар менен түзүлгөн иштерге Темир Аргенбаевичке жардам бергенмин.

– Чарба иштерине кандайсыз?

-Күздө үй-бүлөм менен жер үйгө көчтүк. Жер үйдө жумуш бүтпөйт экен, көмүр менен аралашып эле үйдү жылыткыча бир топ убакыт өтөт экен. Караколдо жашаганда жер иштерине аябай көнгөнмүн.

– Кээде кайсы бир окуя адамдын бүт өмүрүндө чечүүчү роль ойноп калат. Сизде болду беле ушундай иш?

Москвага окууга баргыча акча, экономика деген эмне экенин билчүү эмесмин.Ошондой эле жашоону да жакшы түшүнчү эмес экенмин. Азыр жаштар Советтер союзун көрбөй эле ошол убакты жакшы көрөт. Мен деле ошолордун бири болуп, коммунизмге ишенгенмин. Мамлекетти чоң ата катары көрүп, баарын чечип берет дечүмүн. Ал эми Москва менин көзүмдү ачты, анткени анык коммунизмди көрүп, евро биримдиктин кыймылдарына катыштым. Ал убакта акчанын баркын билип, өзүм акча таап, окуума төлөдүм. Байкелерибиз да жардам берип жатты. Чет жакта кыргыздар бир-бирине кандай мамиле кылганын көрүп таң калдым. Анткени Москвада кыргыз балдар бир-бирине эң кооптуу экен. Себеби сабап кетип, акчасын тартып, башка бирөөлөргө сатып салышат. Ошол жакта мен коммунисттен либералдарга өтүп кеттим.

–  Берилүү менен иштейсиз. Мектеп күндөрүндө да ушундай белеңиз? Кандай окуучу элеңиз?15218513_1150159508433476_65892725_n

-Мектепте 5 да 3 дагы алган күндөрүм болгон, бирок мугалимдер макташчу. Үчүнчү класста апам ооруп калып, ошондо бизди эшикке чыкпагыла, менин жанымда болгула дегенде мени үйгө бекитип койгондой эле болгон. Үйдө болгондо өзүмдүн, эжелеримдин китептерин окуп чыкканмын. Анан мектепке барганда математикадан тышкары баарын билемин. Математикага көңүлүм келбей, түшүнбөй койгонмун. Бул сабактан берген мугалим катуу урушуп койгон сайын көңүлүм калып кетти. Бир нерсени түшүндүм, мугалим баланы канча мактаган сайын ошончолук аракет кылат. Мектепте эки мугалим мага жардам берип, алдыга жылуума түрткү болду. Алардын көмөгү менен 9-класста тарых сабагынан олимпиадага катышып, облустан биринчини алдым. Ошондон кийин 10-11-класстын эказмендерине даярданып, бир эле убакытта тапшырып, окууну өзүмдөн мурунку класстар менен кошо бүттүм.

Математика сабагын  түшүнбөсөңүз кантип экономист болуп калдыңыз? Же сиз үчүн бирөө чечтиби?

-Кичүү кезимде алты багытка кызыктым. Алар физика, химия, биология, математика, экономика жана саясат. Мугалимдин мамилесинен улам матемаикага такыр кызыкпай койдум. Кийин мектепти аяктаар алдында математикага жакшы көңүл бурдум. Бишкекке келип БГУнун саясат таануу факультетине тапшырдым. Окуп жүрүп саясатчылардын мүнөзү күчтүү, билими аз болушун түшүндүм. Кайсы өлкөдө кайсы лидерлер кандай ийгиликке жетишишин анализдедим. Ошондо экономисттер көп ийгилик жаратканын билдим. Анан экономиканы тереңирээк изилдегенге чечим кабыл алдым.

– Канчанчы атаман элеңиз?

Мен ар кайсы жакка которулуп олтуруп, 5 мектепте окудум. Атаман балдардан таяк жеген күндөр болду. Өзүм химия сабагын жакшы көргөндүктөн, «Жаш химик» деген китепти окуп чыкканмын. Анда химиялык заттарды кантип жасагандарды үйрөнүп алдым. Бишкектеги №5 мектептин кыйын баласы мени сабап койгондо, химиялык заттар менен коркутуп койгонмун. Ошондон кийин мага тийишпей калышты, анткени кооптуу экенимди баары билип калышкан. Бирок атаман деген нерсеге аралашкан жокмун.

– «Жашоодо кесип тандоодон жана жар тандоодон жаңылба» дейт. Сиз жубайыңыз менен 603572_10202846673075137_1460613534_nкайдан, кандайча таанышып, табышып калдыңыз?

Студент кезде жаштар кыймылын уюштуруп, ага өлкөдөгү бир жарым миңден ашык активист студенттер кошулган.  Ошол убакта «Ала-Тоо жазы» деген фестивалга жаштардын атынан мени калыс болуп бер деп чакырышты. Фестивалдан  келинчегим Назиранын «ред. теле алып баруучу Назира Айтбекова» талантын көрүп, баа берип койдум. Балдарга аны айтып, «кыймылга алып колдойлу» дедим. Кийин мен Москвага кеттим, балдар чынында Назирага жардам беришиптир. Москвадан кайта турган мезгилде сүрөтүн көрүп калып, Назирага чоңойюп, жылдыз болуп баратыпсың деп интернеттен кат жаздым жаздым. Кыргызстанга келип, Назирага баш кошуу сунушун айттым. Келинчегим башка кыздардай ойлонбостон дароо «макул»  деген жообун айтты.

-Иштегенден тышкары дагы эмнеге кызыгып жүрөсүз?

IT технологияга абдан кызыгып жүрөмүн. Мен алтын убактымды гуманитардык билим алууга кетиргениме өкүнөмүн. Анткени гуманитардык сабактар анык билим эмес. Анык билим алуу бул-техникалык билим. Политех университетинин студенттерине «жакшы окугула» деп айтар элем, алар жакшы жерде билим алып жатат. Анткени техникалык билим болбосо адам ийгилик жарата албайт. Гуманитардык билим мээни жибитпейт, ал эми техникалык билим мээни жибитет. Ошондуктан экономикалык жумушума кошумча программалоо тилин жана маалыматты башкаруу китептерин окуп жатамын. Буйруса программист болгум келет.

Маегиңизге чоң рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *