Шашылыш кабар:

Омошов: Пара алганы да бергени да күнөөлүү

Ноябрь 27, 2016 | жарыялаган Nargiza
96

Бүгүнкү күндө кандай гана иш болбосун коррупциялык жол менен бүтүргөнгө аракет кылынып калды. Мисалы, ооруканга көрүнгөндө «жакшыраак карасын» деп адамдар врачтарга акча сунат. Ошондой эле, баланы бала бакчага киргизүү үчүн дагы акча берүүгө туура келет. Антпесе маселе чечилбейт.  Жада калса МАИ тозсо “мындай эле бүтүрбөйлүбү?” деп кол алышып, алаканына айдоочулар акча салат. Жарандар пара бергенден уялбайт, алар алгандан уялбайт. Негизи мыйзамда жазылган «пара алган адам күнөөлүү» деп. Бирок чындап карап келе турган болсо, пара берген адам да күнөөлүдөй.

cc

Пара берген күнөөлүүбү же пара алган күнөөлүүбү? Мына ушул суроонун алкагында “Экомайдан” программасынын алкагында талкуу болду. Талкууга Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн башкармалыктын прокурору Тилек Саякбаев жана ишкер Жоодар Омошов катышты.

Паракорлук менен коррупциянын айырмасы эмнеде?

Тилек Саякбаев:

Коррупциянын башын бириктирген БУУнун коррупцияга каршы конвенциясы бар. Конвенцияда 20-беренеге бир кызматкердин маянасы туура келбесе иш козголот. Мисалы,  мамлекеттик кызматкер болсо, айлык акысы 15 миң болуп туруп 2-3 жылдын ичинде чоң үй салса, анын кошумча киреше булактары текшерүүгө алынат. Бул кызматкердин жеке ишканасы болбосо кантип 3 жылда үй сала алды деп. Анын тапкан каражатты эсепке алышат. Эгерде тапкан акчасы салган үйүнүн чыгымын жаппаса, коррупциялык иш козголот.

Ал эми пара алган дагы бир бутак болуп саналат. Коррупциянын бутактары ар кандай. Бүгүнкү күндө коррупциянын баардык түрүн бириктирип конвенция менен иштеп жатабыз. Коррупциянын түшүнбөй атабыз дегендин себеби, дүйнөлүк документтерде коррупцияга талдоо жазылбайт. Анткени ар бир мамлекет коррупция маселесин өзүнчө чечет. Мисалы, Скандинавия мамлекеттеринде билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында коррупция деген жок. Айтса да түшүнүшпөйт. Алар үчүн коррупция мыкаачылык.

Трансперенси Интернэшнл (Transparency International) уюму 2-3 жылда же бир  жыл сайын коррупциянын барометрин изилдешет. Кыргызстандын мурдагы барометринде 50%дан ашык жаран пара бергенбиз деп айтышкан. А быйылкы көрсөткүчтө 38%га түштү. Бул изилдөө 176 өлкөнүн ичинде жүргүзүлгөн. Барометрге киргизилгенден кийин Кыргызстанда пара берген жарандардын саны азайып калганы байкалган.

Коррупцияга эң көп аралашкан тармак же органдар боюнча так статистикалык маалымат барбы?

Бул тууралуу өкмөттүн 105-токтому бар. Бүгүнкү күндө Улуттук статистикалык комитет коррупция тууралуу бир жылда эки ирээт изилдөө жүргүзөт. Аталган комитеттин сайтында кайсы орган коррупцияга илээшкен жана кайсынысы арылып калды деген, так маалыматты көрө аласыздар. Ал маалыматтарды мамлекеттик жетекчилер өкмөттүн жыйынынан угушат, сөгүш алышат. Ошондон кийин алар дагы көңүл бурушат. Экинчи маселеси, мамлекеттин ичиндеги кызмат дагы «коррупциялык тобокелге» алып келет. Анткени, ал эл менен катышат, мамлекеттик кызмат көрсөтөт. Ал жагын дагы иликтеп, өкмөттүн 281-токтомдун негизинде усул чыккан. Анда ар бир мамлекеттик кызмат тизмесин жүргүзүлөт да коррупциялык тобокелдер кайсылар экени аныкталат.

Коррупцияга аралашпаган органдар кайсылар?

Азыркы учурда коррупцияга аралашпаган деп, эл спорт агенттигине ишеним көрсөтүп жатышат.

Сиз ишкерсиз, сиз да коррупциялык ишке аралашып калсаңыз керек. Ошондо сиз пара алган жакка тиешелүүсүзбү же берген жаккабы?

Жоодар Омошов:

Пара берген эмесмин десем жалганчы дейсиз. Дегиле эле Кыргызстанда бул паракорчулук оорусуна чалдыкпаган адам жок. Бул каныбызга сиңип калган оору. Бирок ар бир кыйроого учураган же жаңы курулуп жаткан мамлекеттердин баардыгы буга дуушар болот.

Менин оюмча пара алган да, пара берген да күнөөлүү. Угармандардын көпчүлүгүн уксак, пара бергендердин күнөөсү жок дейт. Бергендер да күнөөлүү албетте, муну «кайдыгерлик» деп коет. Себеби, жарандык коомдун алсыздыгынан улам болуп жатат. Мындан тышкары ошол адамдар эмне кылаарын билбегендиктен же барып убактысын короткусу келбегендиктен пара алчу адамдар парасын ала берет. Жарандар качан жарандык коомго айланып, күчтөнүп, «эмне үчүн пара алып жатасыңар, ушуну кантип токтотсок болот» деген демилге көтөргөн учурда гана пара алып жаткан адамдар ойлоно баштайт.

Бүгүнкү күндө пара бербей ишкерлик кылуу мүмкүнбү?

Мүмкүн эмес. 500-1000 сомду көз жуумп берип коесуң. Бирок кээде сени ошол нерсеге кыйнаган учурлар да болот. Мисалы, чет өлкөдөн товар ташып келсең, ошол товарыңды мыйзамдуу түрдө ташып келген учурда деле, сенден акча алуу тарабын таап алышат.

Тактап айтканда, бир вагон товар алып келсең, баардыгын бирден санап, бир күнкү убактыңды алам дейт. Айла жок Бажы кызматкерлерине беш миң сом бергенге туура келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *