Шашылыш кабар:

Помидор илдетин Латвиялык адистер изилдеп жатат

Ноябрь 25, 2016 | жарыялаган Акылай Бакешева
149

Алгач “Помидор күбөсү” Ош аймагында аныкталган

7f09159c-5596-4421-a060-7a32da542c50Өлкөдөгү помидор талааларына биринчи жолу «помидор күбөсү» келди. Учурда Чүйдүн талааларындагы помидорлорго бул илдет жугууда. Бирок дарттан айыктыруучу каражат азырынча Кыргызстанда жок. Натыйжада помидорду соңку 4 жыл айдабай турууну адистер эскертишүүдө. Алгач “Помидор күбөсү” Ош аймагында аныкталган. Бул күбөнүн  зыяны абдан коркунучтуу. зыяндарын бир гана илимий кызматкерлер аныктай алышат. Учурда бул зыянкечти текшерүүгө Латвиядан илимий кызматкер келген. Мамлекет Москвадагы “Бүткүл союздук өсүмдүктөр карантини институтуна” ферамон тузактарына  буйрутма кылуунун алдында турат. Бирок буга азырынча каражат бөлүнбөгөндүгүн Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Сеил Эргешова билдирди.

Жергиликтүү илимий кызматкерлердин изилдөөсү

3196311e-8b2b-47cb-a7e8-598e7467eb96-1Ушул жылдын сентябрь айынан баштап дыйкандар тарабынан помидордун курттаганы, оорулары жана булар химиялык каражаттар аркылуу жугууда деген божомолдорду айтышкан. Бирок бул дарттын химиялык жолдордон жугуусу мүмкүн эмес. Мен атайын октябрь айында өзүм талаадагы өстүрүлүп жаткан помидорлорду алып Кыргыз Түрк Манас универститетинин лабораториясында текшерүү жүргүзгөнбүз.  Анда баш капсуласынан карап бул помидор күбөсү экенин аныктадык. Помидор күбөсү 1см ди түзгөн күрөң түстөгү көпөлөк. Жумурткалары 0.2мм-0.3мм болгондуктан көрүүгө мүмкүн эмес. Бул зыянкеч помидор, калемпир, картошка жана баклажандын жалбырактарына жана отуругузулган топурактарына жумурткаларын таштайт.

Аргентина жана Чили өлкөлөрүндө помидор күбөсүнөн улам, томатты сатууга чектөө киргизилген. Мындан улам экономикалык зыянга учураган. 2006-2008 жылдары Европа өлкөлөрүндө 90-100% түшүм болгон эмес. Эгерде биз да каршы күрөшбөсөк, 90-100% помидорду жоготуп алышыбыз  ыктымал экендигин, Кыргыз -Түрк Манас Университетинин илимий кызматкери Таир Эсеналы уулу кошумчалады.

Помидор күбөсү менен карантиндик жол менен күрөшсөк натыйжа берет

Биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиевдин 40d93740-5bdd-4616-bc82-5b3e275efba2баамында помидор күбөсү менен күрөшүүдө, жалпы өлкө боюнча карантин киргизилиши керек. Коңшу Казакстан менен Орусияда буга чейин эле помидор күбөсүнө карантин киргизген.

Быйыл жаан-чачын көп болуп, помидор начар болгондуктан Орусия жана Казакстандан келген помидорлор аркылуу  кириши толук ыктымаал. Мындан ары биз Бажы биримдигине кирген соң, Фитосанитардык көзөмөлдү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн күчөтүп колго алышыбыз керек. Дыйкан жалгыз күрөшө албайт, муну мамлекеттик денгээлде чечиш керек. Дүйнө жүзүндө бир топ күрөшүү жолдору бар. Эгерде карантиндик жол менен күрөшсөк бул натыйжа берет. Карантиндик объект табылган жердеги 3 км радиуста тазалоо иштери жүргүзүлөт. Тажрыйбада бул натыйжа берген. Ал эми “ферамон тузактары” помидор күбөсү менен күрөшүүдө жардам бербейт, болгону түрлөрүн аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.  Негизинен помидор күбөсү 10-12 муунга чейин күбө берет.

Помидор күбөсү менен күрөшүүдө өлкөбүздө дары-дармектер жок

96fda05c-f7f8-445b-877a-4bcae2b6c028Помидор күбөсүн жок кылуу үчүн өлкөбуздө дары-дармектер жок, чет өлкөдөн алдырууга аргасызбыз. Кээ бир чоң күнөсканалар препараттарды сатып алышат, ал эми чакан ишкерлерге кымбатка турат. Себеби бир тазалоосу  эле 100 евродон ашат. Бул зыянкеч бир жумуртка таштаганда 200-260 даана таштайт, бат эле көбөйүп кетет, ошондой эле сырттан да учуп да келет. Ошондуктан мамлекеттен суранарыбыз сырттан келген айыл чарба продукцияларды каттуурак көзөмөлгө алып, сырттан келген товарларды текшеруу керек экендигин Социалдык ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *