Шашылыш кабар:

Бизнес консалтинг ишкерлердин алдыга жылуусуна жардам берет

Ноябрь 20, 2016 | жарыялаган Nargiza
93

Бизнес өтө жоопкерчиликтүү ошол эле учурда тобокелчиликтүү иш болуп саналат. Айрыкча жаңы иш баштап жаткан үйрөнчүктөрдү бир канча кыйынчылыктар коштойт. Айрым ишкерлердин тажрыйбасы жок болгондуктан банкротко учураган учурлар да көп кезигет. Ошондуктан ишкерлерге иш баштоо алдында тиешелүү адистерден кеңеш алуу сунушталат.

%d0%b1%d0%b8%d0%b7%d0%bd%d0%b5%d1%81-%d0%ba%d0%be%d0%bd%d1%81%d0%b0%d0%bb%d1%82%d0%b8%d0%bd%d0%b3

Бизнес консалтинг маанилүүбү деген теманын алкагында “Экомайдан” программасында талкуу болду. Талкууга Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын башкы менеджери Бакай Жунусов, бизнес кеңешчи Гүлмира Исманова жана Апал Рыскулова катышты.

Бизнес кеңеш ишкерликке кандай таасир этет?

Бакай Жунусов:-  Бизнес кеңеш тармагы абдан маанилүү. Кайсыл учурда ишкерлер бизнес консалтинг компанияларга кайрылат? Мисалы, ишкерлердин тажрыйбасы жетишсиз жана бизнести алдыга жүргүзүүдө маалыматты аз болуп калган учурларда кайрылышат.

Мындан тышкары чет өлкөлүк ишкерлер иш баштоонун алдында Кыргызстандын мыйзамын, эрежесин сактоо жана кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин алдын ала билүү үчүн кайрылат. Бизнес кеңешти алган ишкерлерлердин иши дайыма алдыга жүрөт. Анткени кеңеш берүүчү адистер ишкерликтин сырын майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берет.  Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын жүргүзгөн  жумушу 10 жылдан ашып калды.  Он жылдын ичинде тажрыйбасы жогорулап, ишенимдүү кеңеш бере алат.

Ишкерлик чөйрөсүндө кайсы тармак бизнес консалтингди эң көп колдонот?

Биздин иш тажрыйбабызда 10 жылдын ичинде миң долбоорго жардам бердик. Алардын ичинен 2-3 ирээт кайрылган ири компаниялар жана ишкерлер бар. Кайрылган компаниялардын ичинен 25% азык-түлүк чыгарган ишканалар менен иштешебиз. Ал эми спирт ичимдигин жана тамеки чыгарган компаниялар менен таптакыр иштебейбиз.

Азыркы учурда көбүнчө ишкерлер экспортко чыгуу жана жаңы продукцияны кантип рынокко чыгаруу тууралуу кеңештерди сурап кайрылып жатат. Бизге кайрылган ишкерлердин талабына жараша консалтинг адистерин таап, техникалык документти түзүп беребиз. Мындан тышкары ишкер баштаган долбоорду аягына чыкканга чейин кеңеш берип жанында болобуз. Статистика боюнча, бир ишкана 3,5- 4 миң евро бизден грант алат.

Кеңеш берүүнүн кыйынчылыктары эмнеде?

Гүлмира Исманова:-  Биздин компаниянын иштеп жатканына быйыл 11 жыл болду. Биздин максатыбыз жеке фермерлерге жана мамлекеттик фермерлерге жардам берүү болуп саналат. Көбүнчө стратегиялык өнүгүү боюнча долбоорлорду жүргүзөбүз.

Кыйынчылыктар көбүнчө биздин ишкерлердин маалыматынын аздыгынан келип чыгат. Ишкерлер бизнести түзүп жатканда көбүнчө “этикетка” же “визиттик карточка” жасап бересиңерби деген суроолор менен келишет. Ишкерлердин мындай кайрылуусу, үйдү салганда фундаментинен баштабай, терезесин коюп бергилечи деген суроодой эле кайрылышууда. Мындай кайрылгандарга комплекстүү чечим кылабыз. Биринчиден, ишкерлерге өнүгүү планын түзүп беребиз.

Ошондой эле биздин ишкерлер арасында экспортко чыгабыз деген абдан популярдуу. Экспортко чыкканда деле ишкерлер эл аралык базардын талаптарын билишпейт. Кыргыз бизнесмендери банкторко учурап калгандан кийин кеңеш берүү компанияларына кайрылат. Негизги бизнестин башаты кандай болуш керектигин жана аны билбегендигинен кыйынчылыктар келип чыгууда. А чет өлкөлүк ишкерлер бизнести баштоо алдында кайрылат. Ошондуктан алардын иши алдыга жүрүп, бат бутуна туруп кетип жатат.

Үстүбүздөгү жылдан баштап региондорго чейин чыгып айыл чарба тармагындагы долбоорлорду баштадык. Анткени айыл жергесинде маалымат аз. Ошондуктан аларга кеңеш берип, атайын тренингдерди өтүп жатабыз.

Түркияда консалтинг компаниясында иштедиңиз. Кыргызстанга келээриңиз менен эле кеңеш берүү ишиңизди дароо улантып жатасыз. Мындан тышкары региондорго да чыгып келдиңиз. Салыштыруу жүргүздүңүзбү?

Апал Рыскулова:-  Түрктөрдүн кеңеш берүү боюнча түшүнүгү кыргыз ишкерлерине караганда жогору. Салыштырып караганда деле биздин ишкерлердин бизнес боюнча маалыматы аз экендиги көрүнүп эле турат. Ал эми кыргыз ишкерлеринин ичинде да бизнес тармагын мыкты билгендер бар. Мисалы, мен Түркиядар жүргөндө медициналык компанияда кеңеш берип иштедим. Бирок бир фирмага кирип дароо өзгөрүү жасоо кыйын. Бул жерди туура эмес жасап жатасыңар, муну өзгөртүш керек дегенде, өзгөрүүнү кабыл алуу ар бир адамга кыйын болот.

Ишкерлердин маалымат алуу жагынан кыйынчылык бар дегенге кошуласызбы?

«Консалтинг» деген сөз кыргыз сөзү эмес. Ошондуктан жарандар билбеген нерсеге жат карап жакындаша бербейт. Эгерде кеңеш берүү борбору деп атасак. Ошондо көбүрөөк кайрылабы деп ойлойм. Мисалы, семинарларды өткөргөндө С5ти колдонот экенбиз дегенди кошуп жатам. Негизинен кеңешчи жүз жолдун ичинен ушунусу туура дегенди көрсөтөт.

Ишкерлердин арасында консалтинг компанияларга кайрылуу кымбат деген нерсе барбы?

Ишкерлер алдында иштеген жардамчыларым менен эле кеңешип жумушумду жүргүзөм деп ойлонгондор бар. Бирок алар 1 же 2 жылдын ичинде планын түзүп бүтүшү мүмкүн. Ал эми атайын кеңеш берүү адистери менен консалтинг компаниясына  кайрылса 1-2 ай аралыгында алардын иш алып баруу планын түзүп коет. Ошондой эле атаандаштары менен тең тайлашып, жарыша алат. Эгерде консалтинг компаниясындагы кеңеш берүү адистерине каражатымды коротпойм десе, көп ишинен артта калат.

Баардык эле ишкерлер консалтинг компанияларына кайрыла алышпайт. Анткени жаңы иш баштаган ишкерлердин каражатты жетпеген учурлар да бар. Мында тышкары айыл жергесинен келген кээ бир фермерлер, ишкер болууну эңсеген жарандар консалтинг компанияларына келип кеңеш ала албайт. Себеби, тил билбейт. Ал эми Кыргызстандын кызмат көрсөтүү ишканалардын басымдуу бөлүгү орус тилдүү адистер иш алып барышат. Тил маселеси да ишкерлерге жолтоо болушу мүмкүнбү?

Менин оюмча анча деле тоскоолдук эмес. Орус тилин баардыгы эле билет болушу керек. Учурда бизнеске керектүү документтердин 80-90% орус тилинде түзүлүп жатат. Мисалы, кардар өзүнө керектүү документтерди кыргыз тилинде алат элем десе, кеңеш берүү адистери кыргызча которуп берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *