Шашылыш кабар:

Жаш балдар арасындагы кант диабети курч оору

Ноябрь 16, 2016 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
90

0-156

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзундө кант диабети менен ооругандарды саны 370 миллионго чукулдаган. Анын ичинде, Кыргызсанда бул илдетке чалдыгып катталгандардын саны кырк миңди ашат. 250дөн ашуун жаш өспүрүм аталган ооруу менен жапа чегип келет. Бул чыгарылышта кант диабетинин пайда болуу себептери, анан кесепеттери жана алдын алуу жолдору туурасында сөз кылып, студиябызга эндокринолог Кайыргүл Жоошбаеваны чакырганбыз.

Саламатсызбы, статистикалык маалыматтарга таянсак кант диабетине чалдыккандардын саны кескин көбөйүүдө, буга эмне себеп?

-2016-жылдын январь айындагы жыйынтык боюнча өлкөдө бул ооруга чалдыккандардын саны 51 миңди түздү. Ал эми, кант диабети менен ооруганын билбей, билсе да дарыгердин көзөмөлүсүз жүргөндөр эки-үч эсе көп. Атлас боюнча карачу болсок, 100 миң кишиге жетет.

Оорунун пайда болушунун башкы себептери катары аз кыймылдуулук, туура эмес тамактануу, ашыкча салмактуулук каралса, айрым учурда тукум куучулук да кирет. Калориялуу тамактанып, аз кыймылдаган адам салмак кошо баштайт. Артериялык кан басымы жогору адамдар, гипертониктер, кош бойлуулук кезинде таттуу көп жеген аялдарда да оорунун пайда болуу коркунучу бар.

-Кант диабетине чалдыккан байтаптын организминде кандай өзгөрүүлөр байкалат, белгилери болобу?

-Оорунун биринчи белгиси бейтап сууну көп иче баштайт. Арыктап, денеси кычыша баштайт. Көздүн көрүүчү начарлап, жаракат алса, ал кеч айыга баштайт. Алы кетип, уйку басат да, буттары да ооруйт. Бирок кээде аталган белгилер байкалбай эле илдетке чалдыккандар арбын. Кадимкидей эле жүрүп, текшергени келгенде мурунтан эле кант диабети менен ооруганы маалым болот. Ошондуктан 45 жаштан өтүп калганда ашыкча салмактуу болсо, кан басымы жогорулар, 4.5 килограммдык бала төрөгөн аялдар жок дегенде жыл сайын үй-бүлөлүк медициналык борборлордон кандагы канттын деңгээлин текшерип турушу зарыл. Ошондо гана алдын алып, өтүшүп кете электе дарылоого мүмкүн.

-Илдет жаш курак иргейби? Турлөрүнө токтолсоңуз.

-Жаш тандабайт, ошол эле учурда мезгилге да карабайт. Илдетти биринчи жана экинчи типке бөлүп карайбыз. Алгачкы типке 30 жашка чейинки жаш балдар жана өспүрүмдөр кирет. Бул учурда уйку бези аркылуу инсулин гармону бөлүнүп чыкпай калат. Андыктан, алар өмүр бою инсулин саюу жолу менен дарыланат. Оору буларда тукум куучулук, бета-клеткаларды жабыркашы, тез татым борборлорунан көп тамактануу жолу менен пайда болот.

Ал эми, экинчи тиби менен отуз жаштан улуулар жабыркайт. Аларда ткандардын сезгичтиги начарлап, инсулинди сезбей калат да оору пайда болот. Бул учурда туура тамакануу, кандагы кантты азайтуучу дары-дармектер жардам берет.  Учурда дүйнө жүзү боюнча экинчи тиби менен жабыркагандар 96%ды түзөт. 

-Кант диабети менен ооруган киши башка кандай илдетке чалдыгышы мүмкүн?

-Көп оору коштоп жүрөт. Кант диабети күчөп кеткенде жүрөк ооруларына алып келет. Андан сырткары, бөйрөктү начарлатат. Илдетке чалдыккандарда негизги жабыркоочу органдарга жүрөк, бөйрөк, көз, кан тамыр системасы кирет. Демек, өз учурунда дарыланбаса, акырындык менен нерв клеткаларына, кан тамырларга доо кетет. Алдын албаса бут ооруп, майыптык менен жыйынтыкталышы мүмкүн. Оору менен күрөшсө болот.

-Дартка чалдыккан адам өзүн кантип көзөмөлгө алса болот?

-Эч ким бул оору менен жабыркабайт деген кепилдик алган эмес. «Менде болбойт» деген ойдон алыс болуш керек. Бейтап дарыгерге барып, көзөмөлүнөн өтүп турушу зарыл. Соо адам деле анализ тапшырып, ички органдарын текшертип койгону талапка ылайык.

Норма боюнча кандагы канттын үлүшү манжаларда 3.3-5.5, ал эми венада 3.3-6.2ге чейин болуш керек. Андан жогору болсо, углеводдук алмашуу бузулат. Ушул учурда кант диабетин болтурбай коюга мүмкүн.

-Кант диабети менен ооругандарга эмнелер тыюу салынат?

-Бейтап бал, таттуу азыктарды аз колдонгону оң. Кыям, ширелер, мөмө-жемиштерден жүзүм менен коонду жегенге болбойт. Ар бир тамак ашта углевод бар. Нан жесе деле канда канттын деңгээли көтөрүлө берет. Биз билгени калемпирде, камырда, сүттө көп болот. Жалпак тил менен айтканда инсулин углеводду кан аркылуу ткандарга киргизет. Эгер адам салмактуу болсо, май басып калгандыктан инсулин кире албайт. Дат баскан кулпу менен ачкычка салыштырсак; ачкыч-инсулин, дат баскан кулпу-май баскан ткандай эле. Жетиштүү углевод ала албаган организм бара-бара арыктай баштайт. 

Андан сырткары алкоголдук ичимдиктер да организмдин иштөө процессин начарлатат, натыйжада тең салмактуулук сакталбай турдүү оорууларга себеп болот.

-Коомчулукта кант диабети жөнүндө маалыматтын аздыгынан улам аталган ооруга чалдыкканын билбей жүргөндөр көп болуп жүрбөсүн…

-Маалымат бар, анткени, 14-ноябрь диабет менен курөшү күнү деп белгиленген. Жыл сайын ар түрдүү иш-чара өткөрүлөт. Телерадио берүүлөрдү көргөн адамдар азайды. Дегеним маалымат каражаттары илдет тууралуу айтса деле уккан киши аз. Муну мен эмнеден байкайм, жабырлануучулардан “эмне үчүн мен ооруп калдым, мен оорубашым керек, ооруга чалдыгам деп ойлочу да эмесмин” дегендер көңүл бура бербейт.

Бишкекте айрым үй-бүлөлүк  медициналык борборлордо жана шаардык эндокринологиялык бөлүмдөрдө диабет мектеби иштейт.  Буга чейин адис жетишсиз болсо, быйыл 19 үй-бүлөлүк борбор эндокринолог менен камсыз болду. Алар азыр атайын график менен өзүнүн усулуна жараша сабак өтүп келген. Эми ноябрь айынан баштап жумасына төрт күн бою саат 12:00-13:30 аралыгында лекциялар улантылат.

— Аталган илдет менен ооругандар жанына бир аппарат алып жүрөт, мындайда эмнеге көңүл буруш керек?

-Бейтап канттын деңгээлин өлчөөчү аппарат- глюкометрди жанына алып жүргөнү жакшы. Ар түрдүү кырдаал болуп кетиши мүмкүн. Дары-дармекти колдонуп жатканда да, таасирдүүлүгүн байкап, байма-бай көзөмөлдөгөнү оң. Башка өлкөлөрдө глюкометр бейтаптарга бекер берилсе, бизде өздөрү сатып алат. Ар бир тест тилкечелери бир эле жолку колдонууга жарайт. Аны колдонууда да жарактуу мөөнөтүнө көңүл буруш керек. Тамакка чейин, жатаар алдында, түңкүсүн же эрте менен текшерип турганы жакшы.

Кыргызстанда инсулин жана аны саюучу каражаттар гана бекер, таблеткаларга акча бөлүнбөйт.

-Ымыркайларда бул илдетти кантип байкайбыз?

-Жаш өспүрүмдөрдө биринчи типке чалдыккандардын оорусу курч болот. Наристе бир-эки жумада эле комага түшүп калат. Оорунун белгиси, балдардын табити жоголуп тамак ичпей башташат. Бат чарчап, шалдырайт да, ичи ооруйт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *