Шашылыш кабар:

Ар түрдүү азыкка бай балдын өңү кара кочкул болот

Ноябрь 16, 2016 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
130
4531c36c-9db8-4b2e-95e4-fddca796dbf7

Тургунбаева Чолпон Мадьяровна

Студия мейманы Чолпон Тургунбаева

Маектешкен Акылай Бакешева 

          Балдын эң жакшы түрү кочкул кызыл бал

Балдын даамы ар бир айдагы тартымы ар башка болот. Май айынан баштап беде, каакым гүлдөй баштайт. Биринчи тартым июнь айында болот. Беде гүлүнөн чогултулган бал жеңил болот. Аны Европалыктар жакшы көргөндүктөн ал жака экспорттолот. Кыргызстанда болсо, кочкул кара бал өтүмдүү. Канчалык  курамы бай келсе ошончолук өңү кочкул кара болот. Негизи балдын бул түрү  күчтүү деп саналат.

Биринчи тартым бал кант диабети барларга сунушталат. Доник гүлүнөн алынган бал, жүрөк оорусуна, кан басымы жогорулашына, канды суюлтуучу касиетке ээ. Ал эми көкөмерен жана шалба гүлүнөн тартылган бал, тамак оорууларына, суук тийгенге, какырык чыгарууга пайдалуу. Экинчи тартым бөйрөктү, боорду тазалоочу касиетке ээ. Бал аары эненин сүтү 60 % суудан, 17% углеводдордон, 16% пайызы ар кандай белоктордон турат. Уйдун сүтүнөн он эсе пайдалуу.  Жаш балдардын акыл эсин өстүрүүгө жардам берет. Аялдардын көкүрөк рагын алдын алат. Кыргызстанда эң жакшы бал Токтогулдун Ала-Тай балы, чаңга, газга ууланган эмес. Аарылар балды шире бөлүп чыгаруучу өсүмдүктөрдөн жана талдардан чогултушат. Кант диабети барларга, кан басымы жогору болгон адамдарга сунушталат.

Ар бир аарынын өзүнүн милдети барbal-ari-susuz-yucel-uzeyir-1

Бир бал челектеги аары эне күнүнө 2000-3000 жумуртка тууйт. Алар 21 күндө жетилип, ар кандай жумуш жасаганды үйрөнүшөт. Аарылар нектар чогулткандан башка, үйдү салкындатуучу, суу ташуучулары жана бала багуучусу болуп кадимкидей үй-бүлө сыяктуу. Ар бир аарынын өзүнүн аткарган жумушу бар. Аарылар жай- кышы бал челектин ичиндеги  35 даража жылуулукту ар дайым сактап турушат.

Кышында бир бал челекте 60-80 миң аары кыштап чыгат. Аарылар үнөмчүл болгондуктан ар бир челектеги  16-18 кг бал менен кыштан чыгышат. Сезимтал болгондуктан, кайсыл мезгилде жаан жаап,  аба-ырайы өзгөрүшүн билишет, ошондой эле аарылардын учуу кыймылы бир мааниге ээ. Эгерде алыс жерге учабыз десе, сегиз сан түрүндө чалгынчы аары кыймылдайт. Ал эми тоголок болуп бийлесе алыс эмес жерге учабыз деген белгини билдирет.

Үйдө балды кантип туура сакташыбыз керекari

Балды сактоо мөөнөтү жок. Балга бир эле тамчы суу аралашса бузулуп калат. Ошон үчүн кургак жерде жана айнек идиштерге сакталышы керк.

Таза балды кантип билсе болот?

36-37градустагы 200 грамм жылуу сууга бир аш кашык балды салып, эки үч тамчы йод менен аралаштырып, отуз мүнөт күтөсүз. Анда балдын өңү өзгөрбөсө таза болот. Эгерде отуз мүнөттөн кийин балыңыз кара же көк сыя түскө өтүп кетсе жасалма болуп эсептелет. Балды текшерүүнүн дагы бир жолу: жука кагазга бир тамчы балды тамызгандан 20 мүнөттөн кийин, кийинки бетине өтүп жайылып кетсе ал таза эмес бал. Жаңы тартылганда бал суюк болот, эки айдан кийин отуруш керек. Кышы бою суюк бойдон турса ал бал жасалма.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *