Шашылыш кабар:

Сүйүн Откеев: Германияда мектепте 3 жыл математикадан сабак бергем

Ноябрь 15, 2016 | жарыялаган Анара Бакытбекова
61

17-ноябрда кыргыз киночулары өзүнүн кесиптик майрамын белгилейт. Бүгүнкү күндө кыргыз киносу көптөгөн ийгиликтерге жетишип, өлкөнү дүйнөгө даңазалап жатат.  «Марал» радиосу да кино тармагындагы азыркы ийгиликтердин мындан ары да улана берүүсүн каалайт. Быйыл кыргыз киносуна 75 жыл толду. Дал ушул тармакта 10 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келе жаткан жаш режиссер Сүйүн Откеев менен  «Саясаттан сырткары» программабызда баарлаштык. Каарманым калың элге «Миллиондук мелдеш», «Соолуган карек», «Көпөлөк», «Мегатой»  аттуу тасмалары, көптөгөн ырчылардын  ырларынын клибин тартып  таанымал болгон.


_mg_0445Кыргыз киносунун күнү мурдагы совет биримдигинде чоң салтанат менен белгиленчү эле. Азыр кино күнү кандай белгиленип келет?

Быйыл майрамга карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу майрам болот.  Аны Кыргыз киносу уюштуруп жатат. Анда башка коллегалар менен жолугуп, бааралашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок бул майрамды күтүп деле чоң салтанат менен деле өткөрбөймүн.

Канча кино тарттыңыз?

Менин эң биринчи тарткан тасма кыска метраждуу «Соолуган каректер» болду. Андан кийин беш кино тарттым.  

Кыргыз кинолоруна ар кандай оң жана терс пикирлер айтылууда, жаш режиссёр катары кыргыз киносунун учурдагы абалына кандай баа бересиз?

-Азыр кыргыз киносу өнүгүү жолунда. Ушул темада көп талкуулайбыз, кайда барбайлы ушундай суроолор көп берилет. Учурда Кыргызстанда экономика, саясат же медицинанынын деңгээли кандай болсо, кино тармагы деле ошондой. Мисалы, медицина менен дүйнөнү дүңгүрөттүк деп айта албаймын. Ошондуктан баардык тармак акырындан көтөрүлүп, изденип келе жатат. Кино тармагы деле ошолордун катарында. Элдин баары кино тамагына пикир айта алгандыгына байланыштуу сынга кабылат. Бизде кинонун келечеги бар, болгону колдоп турса, аз каражат менен өлкөнү бат таанытканга жакшы себепчи боло алат.

07Мурун Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев сыяктуу залкарлар кыргыздын
духун, рухун жоготпой, мыкты чыгармаларды жаратып, кино өнөрүн “Кыргыз керемети” деген деңгээлге жеткиришкен. Ошол “Кыргыз керемети” кайра жаралабы?

-Биз ушул инсандардын тасмаларын көрүп чоңойдук. Кийинчерээк Голивуддун тасмалары кеңири жайылып, элдин киного болгон табити өзгөрдү. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө кино тартуучу техникалары күчтүү, биз аларга азыр тең келе албайбыз. Анан алардын кинолорун көргөн көрүүчү кыргыздын фильмдерине сөзсүз салыштырат. Эч качан москвич менен мерседести салытырууга болбойт. Ошондуктан кыргыз киночуларына бир аз убакыт керек. Кыргызстанда 2013-жылы 100 кино тартылса, 2014-жылы элүү болсо, былтыр 23, быйыл жыйырмага жетти. Муну менен акырындан кинолордун саны азайып, сапатка өтүп жатканын байкаса болот. Азыр сценарийдин үстүндө көп иштеп калды. Кинону кино кылган бул-сценарий, анткени эл анчалык техникалык кемчиликтерге карабайт. 

img_4664Сиз кино тармагына кантип аралашып калдыңыз? Кино тармагы эмнеси менен кызык болду? 

Германияда алгач физика-математика бөлүмүндө окучумун. Студенттик күндөрдө ар кандай семинарлар болгондо аны тартканга киши жок болгондуктан мага камераны карматып жиберип коюшчу. Тартып келген видеону өзүнчө монтаждап башкаларга көрсөтсөм, жакшы сөздөрдү айтышкан. Ошондон кийин камера менен иштөө мага да жага баштап, окуусуна тапшыруумду  айтышты. Мен ойлонуп көрүп, жүрөгүмө жаккан ишти кылууну чечтим. Ошентип физика-математиканы 3 жыл окугандан кийин ал окууну таштап, Медиапродакшн деген бөлүмгө которулуп кеттим. Туура тандапмын деп ойлоймун, анткени сабакка барганда да көңүлдөнүп, чындап окудум.

Бул тандооңузду ата-энеңиз кандай кабыл алды?

Мен 6—класстан кийин түрк лицейинде окуп, өз алдынча болуп калдым. Ошол убакыттан баштап көп нерсени өзүм чече баштадым. Менин чечимимди ата-энем да колдоп келди. Ал эми Медиапродакшн бөлүмүнө которулуумду айтсам, өзүң байкап көр дешти. Алар ушул күнгө чейин мени колдоп келишет. Үй-бүлөмдүн колдоосу мага дем күч берет.

img_4658Германияда сизди мектепте эки жыл окуучуларга математикадан сабак берген деп уктум. Ал
жактан өзүңүзгө эмне ала алдыныз?

Мугалим болуп иштегенимди эл билчү эмес. Туура, ал жакта үч жылга жакын башталгыч класстын немис жана түрк балдарына математикадан сабак бердим. Мага жаш балдар менен иштөө аябай жагат. Ал жактын билим берүү системасы бизге караганда бир аз башкачараак. Мисалы Германияда 2+3=5 дегенди башка ыкма менен үйрөтөт. Бул мен үчүн аябай жакшы тажрыйба болду. Азыр пайдасын көрүп, кызыма үйрөтүп жатамын.

Эки жыл мурун түрктөр менен Кыргызстанда кино тарттыңыз эле. Бирок кыргыз элине ал фильм тартуулана элек.

Түрктөр менен иштешүү биз үчүн да жакшы тажрыйба болду. Бизде жок техникалар менен иштедик.  Түрктөрдүн иштегенин көрүп таң калып, суктанып, жада калса кызганып да алдык. Таптакыр башка дүйнөдөн келгендей болушту. Чынын айтсам ошол тасманы өзүм да көрө элекмин. Кандай болгону мага дагы кызык болуп жатат.   Түркиядагы тааныштарым тасманы көрүп жакшы болгонун айтты. Кыргызстанга алып келип, элге көрсөтгөнгө сунушташты. Бирок каражат жагынан биз көтөрө албай турган сумманы айтышты.  Бул жакка алып келүүгө мүмкүн эмес. Качан ютубка чыкса көрөбүз деп күтүп жатабыз.

img_8892Акыркы тарткан «Мегатой» тасмаңыз кызыктуу комедия болуптур.  Тасмадагы окуя чыныгы жашоодо болгонбу?

Ооба, чыныгы жашоодо болгон окуя. Дайыма мен изденүүнүн үстүндө болуп, көп адамдар менен баарлашканга аракет кыламын. Жоомарт Жолдошов деген белгилүү адвокат досум эмнеге кино тарпай жатасың деп сурап калды. Жакшы идея жок болуп жатат десем «Мегатойдун» идеясын айтып берди. Жоомарттын достору кыз алганы башка үйгө адашып  барып калып, кыздан же акчадан жок болуп банкрот болуп калышыптыр.  Ошондо Аксылык балдар Сузакка тойго барышкан экен. Эң кызыгы ошол окуя Сузак районунун Октябрский деген менин айылымда болуптур. Муну жакында уктум. Азыр кимдин үйүндө болгонун сураштырып жатамын. Бул окуя мага кызык болуп,  кино тартууга уруксат  сурадым. Кинодо адашып келген үйдүн кызына бала үйлөнөт, чыныгы жашоодо андай болгон эмес.

Сизди жакындан билген инсандар кой сойгонду билбейт дешет? Бул сөздүн чындыгы барбы?

Ооба, чындыгы бар. Шаарда кой деле сойбойсуң. Убагында койдун этин жиликтегенди үйрөнүп көрдүм, ал эми  мен  үчүн  бир нерсени курмандыкка чалуу аябай оор.

Ата-энеңиздин кимисине окшошсуз? Сиздин жакшы сапаттарыңдын көбү атаңызга таандыкпы же апаңызгабы?

Жакшы сапаттарды атамдан да, апамдандан да алсам  керек деп ойлоймун. Мүнөзүм оор басырыктуу, бул атаман өтсө керек. Чечим кабыл алууда апамды тартканмын десем болот. Анткени апам кандай гана жумуш кылбасын бир канча варианттар менен кыска жолун таба билет. Ушул өзгөчөлүгү мага аябай жагат. Үйдө эң улуусу болгондуктан көп маселеге кийлигишип, чечүүгө аракет кыламын.

img_4668Немистерде кечигүү деген нерсе жок, так жүрүшөт. Германияда жүрүп ушул сапатты өзүңүзгө сиңнер алдынызбы? Же бизде кечигүү нормалдуу көрүнүш болгондуктан, кечигүүгө баш иесизби?

Кыргызстанга кайтып келгенде башында кечикпей эле жүрдүм. Бирок коом кандай болсо ошого баш ийип калат экенсиң. Бизде той ээси конокторду саат алтыга чакырат, бирок өзү деле билет той ошол убакытта башталбасын. Ал эми түз эфирлерге кечикпей жоопкерчиликти сезип убагында келемин.

Үй-бүлөдө кандай атасыз?

dsc_0632Биздин үй-бүлөдө демократиялуу башкаруу системасы. Бир кемчилигим бул үйгө кеч барамын. Кыздарым кеч киргенде саат тогуздан кийин качан келесиз деп телефон чала башташат. Кээде күтүп олтурушуп уктап да калышат. Ушул жагы өзүмө да жакпайт. Анткени монтаж кылган учурларда таң атканга чейин иштегенге туура келет. Муну келинчегим да туура түшүнөт. Ал эми эс алуу күндөрү үйдө болууга аракет кыламын.

Келинчегиңиз менен алгачкы таанышкан күнүңүз эсиңиздеби?

— Мен чет жакта окуп жүргөндө тааныш кыз досу Германияга бара турганын айтып жардам берип койчу деп айткан. Макул болгонмун. Ошол убакытта үйлөнгөнгө кыз издеп жүргөнмүн. Мага ошол 20160227_171941кыздын документтери менен кошо сүрөтүн жиберди. Сүрөттөгү кыз мага жакты. Сүйлөшүп көрсөм эмнеге болмок деп интернет аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Акырындан телефон аркылуу байланыша баштадык. Кийн алты айдан кийин 14 саат телефондо үзбөй сүйлөшүптүрбүз. Мындайча айтканда телекомду байыттык. Айдын аягында мага байланыш үчүн төлөөгө 1600 евролук чек келди.  Ушул эсимде. Бул акча студент үчүн чоң сумма. Кийинчерээк Кыргызстанга келип жолугуп, сөйкө салдырып кеткенмин. Көп өтпөй эле баш кошуп, Германияга келинчегимди  алып кеттим.

Чет жакта иштеп калуу оюңузга келдиби?

Германияга мени менен чогуу кеткен досторумдун көпчүлүгү ошол жакта калды. Досторум ал жакта ийгиликтүү иштеп жатышат. Кыргызстанга эс алууга гана келип турушат. Ал эми менде чет жакта калуу ой болгон жок. Кино тармагынын Кыргызстанда келечеги бар экенин билчүмүн. Европада калсам деле болмок, бирок катардагы эле режиссер болмокмун. Ошондуктан өзүмдүн өлкөмдө ийгиликке жетүүнү чечтим.

14604855_992003807577772_3413440869137683438_nСоциалдык тармактардагы баракчаларыңыздан футболго жакын экениңизди байкадым. Жакшы ойнойсузбу?

Футбол жашоомдун жакшы бир бөлүгү десем болот. Бала кезимден эле ойноп келемин. Европада жүргөндө футболчулардын баарынын аттарын жатка билип, жакын адамдарымдын балдарынын ысымдарын билбеген убакыттар болгон. Учурда жумасына бир жолу жоро жолдоштор менен ойноп турамын.

Алдыда кандай пландарыңыз бар? 

Буйруса 2017-жылга жакшы максаттарыбыз бар. Мен жылына бир эле кино тартчу элем. Келээрки жылы эки кино тартууну көздөп жатамын. Жакшы эки идеям бар, анын бирин январь айында тартууга киришебиз. Ал Москвадагы кыргыз мигранттар тууралуу болот. Кийинкисин жай айларында баштайбыз.

Маегиңизге чоң рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *