Шашылыш кабар:

Э.Абакиров: Сырткы инвестиция 9,7% азайса, ички инвестиция 9,8% өстү

Ноябрь 13, 2016 | жарыялаган Nargiza
68

Бүгүнкү күнү Кыргызстан экономикасынын 65% кичи жана орто бизнес түзүп калды. Же башкача айтканда кичи жана орто бизнес менен алектенгендердин саны 500миңдин тегереги. Алардын басымдуу бөлүгү кызмат көрсөтүү жана алып-сатуу менен алектенгендер. Бул тармак өлкө экономиканын күрөө тамырын кармап турат дегенибиз  менен көйгөйлөр дагы деле арбын.

%d0%b8%d0%bd%d0%b2%d0%b5%d1%81%d1%82

Жогоруда айтылган маселелер жана бизнеске инвестиция тартуу тууралуу “Экомайдан” программасында талкуу болду. Талкууга, экономика министринин орун  басары Эльдар Абакиров жана экономика боюнча көз карандысыз эксперт Нурадил Райымбеков катышты.

— Кыргызстанда бизнесин  өнүктүрөм деген ишкерлерге инвестиция тартуу боюнча кандай инструменттер бар?

Эльдар Абакиров:— Мамлекет жактан эмне жардам берилип жатат десек, кичи жана орто бизнеске Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан келген насыялар жана башка банктар аркылуу бөлүнгөн акчалар кирет. Тактап айтканда, ишкерлер үчүн“Айыл Банк” аркылуу көп акча бөлүнүүдө. Мындан тышкары айыл чарба өндүрүрүүчүлөрдү колдоо программасы да түзүлүп жатат. Ага 2017-жылга 3-7 миллиард сомго чейин каралууда. Бул банктардан 10% менен жеңилдетилген кредиттер болуп ишкерлерге берилет. Бирок муну менен бирге эле көйгөйлөр дагы көп. Негизги көйгөй ишкерлер насыя алуу үчүн күрөөгө мүлкүбүз жетпейт деп айтат.  Күрөө маселесин чечүү үчүн атайын өкмөт алдында Кепилдик фонд түзүлгөн. Фонддун капиталына жыл башында бюджеттен 72 млн сом бөлүнгөн. Азыркы учурда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 3 млн доллар бөлүнүп жатат. Мындан тышкары Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан дагы 10 млн долларга жакын акча бөлүнүшү мүмкүн.

Ошондой эле ички инвестиция Кыргызстан үчүн маңыздуу иш болуп эсептелет.  Статистиканы карасак, 2016-жылдан баштап сырткы инвестиция 9,7% азайса, ички инвестиция 9,8%га  өстү. Ички инвестиция бул- албетте элдин акчасы, банктагы депозиттер, ишкерлердин акчасы жана өнөктөштөрдүн каражаттарынын баардыгы ички инвестицияны түзөт. Анткени ички инвестиция Кыргызстандын экономикасын сактап келе жатат. Ал эми инвестицияны коргоо үчүн мыйзам бар. Учурда мыйзамга өзгөрүү киргизилүүдө. Ал туруктуу режим деп аталат. Туруктуу режим  бул – эгерде инвестор бир ишкана ачып жатканда мамлекет салык же кандайдыр бир жардамдарды берген болсо, кийин инвестор үчүн берилген шарттар оорлоп кетпеш керек.

 — Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана атайын ишкерлер үчүн кепилдик фонддор түзүлдү. Мындан сырткары да ишкерлер каражат ала турган түзүмдөр же уюмдар барбы?

Нурадил Райымбеков:— Ооба бар. Алар жеке фонддор менен жеке инвесторлор. Кыргызстанда жеке инвестициялык фонддордун саны анча көп эмес.  Учурда 9га жакын жеке инвестициялык фонд жана 20нын тегерегинде компания иштейт. Мындай инвестициялык каражат Кыргызстандын кичи жана орто ишканалары үчүн өтө керектүү. Бирок аны менен катар эле бир нече кыйынчылыктар да бар. Биринчиден, жеке ишкерлердин долбоорлорунун сапаты жагынан төмөнүрөөк болуп жатат. Экинчиден, ошол эле ишкерлердин юридикалык билимдери да жетишээрлик эмес болууда. Ошондуктан, сырттан келген инвесторлор менен келишим түзүү кыйын болуп жатат. Анткени бири-бирине ишенбөөчүлүк жаралууда десек болот.

Мындан тышкары ишкерлерди колдоо үчүн мамлекеттик фонддор түзүлсө. Мисалы, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду мамлекеттик фонд эмес. Бул  фонд Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн. Биз аталган фондго түз таасир эте албайбыз. Ошондуктан башка чет өлкөлөргө көз карандысыз атайын ишкерлер үчүн мамлекеттик фонд түзүү зарыл. Менин оюм боюнча экономикада ички акча жетиштүү. Бирок туура эмес пайдаланылууда.

 — Өткөн жылы бизнес коомчулук менен экономика министрлиги “BIF» форумун өткөргөнсүздөр. Азыркы учурда экинчи форумга даярданып жатасыздар. Былтыркы жылдагы форумдун жыйынтыгы боюнча 500 миң инвестиция тартылган деген маалыматтар айтылып жатат. Негизи эле бул жылы өтө турган форумдун максаты эмне  жана орто жана чакан бизнеске инвестиция тартууда кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

Эльдар Абакиров:- Ички инвестициянын пайдасы чоң. Себеби, 2016-жылдагы экономикалык тренди кармаган ички инвестиция. Экономикабыз аз болсо дагы өсүп келе жатат. Анткени ИДӨ көлөмү 2% түзүүдө.

Ички инвестиция бул- эки өнөктөш тил табыша алса, биринде долбоор, биринде акча болуп бири-бирине ишеним көрсөтсө, ошондо инвестиция пайда болот. Мындайча айтканда, жөн жаткан акча иштеп, жумуш орундары түзүлөт.

Ал эми “BIFтин» чоң ролу да ишкерлер бири-бирине ишеним көрсөтө алган куралдардын бири болуп саналат.  Былтыр болуп өткөн форумда ишкерлерде ишеним жок экенин байкадык. Көп адамдар «идеямды уурдап алат» деп айткысы келбейт экен. Идеясына инвестор табылса дагы, кийин бул инвестор мага үстөмдүк кылып бизнесимди алып алат деген коркунучтар пайда болгон. Бирок инвестиция форуму аркылуу биз элге түшүндүрүп жатабыз. Биринчиден, каалоо керек жана экөө бирикмейинче, экөө тең өсө албайт. Анткени, биринде долбоор, экинчисинде акча жок.

 — “BIF” форумунда Кыргызстан менен кызыктар болгон, сырттан дагы конокторду күтүп жатасыздарбы?

— Бул форумда негизги өнөктөш катары Индия мамлекети болуп жатат. Индиядан 30га жакын инвестор келээри күтүлүүдө. Мындан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиядан коноктор келет. Бүгүнкү күндө экономика министрлигинде орто мөөнөттүк инвестициялык программа жазылган. Учурда өкмөттө макулдашуу жүрүп жатат.  Программада, кийим тигүү, туризм тармагы жана айыл чарба продукциясын иштетүү тармагы киргизилген. Мындайча айтканда приоритет коюлуп, үч жылдын ичинде иштер жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, “BIF” форуму үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында  Бишкекте өтөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *