Шашылыш кабар:

Туура эмес тамактануу жүрөк оорусуна себеп

Ноябрь 10, 2016 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
89

891282a5-a8a5-476d-9e89-59813bdafef4_mw1024_mh1024_s

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 14.5 млн адам жүрөк оорусунун курмандыгы болот. Адистердин айтымында, бул көрсөткүч 2030-жылы 23 миллионго жетиши мүмкүн. Кыргызстанда жылына 18 минден ашуун жаран жүрөк оорусунан улам көз жумат. Бүгүнкү чыгарылышта жүрөк кан тамыр оорулары тууралуу сөз кылабыз. Бул жолку коногубуз Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы кардиологу Ишенбай Молдоташев.

-Саламатсызбы, студиябызга кош келиптирсиз! Айтсаңыз жүрөк кан тамыр ооруларына кайсыл дарттар кирет?

-Жүрөктүн булчуңу, клапан жана кан тамыр ооруларынын бир нече түрү бар. 1980-жылдарга салыштырмалуу өнүккөн өлкөлөрдө аталган илдетке чалдыккандардын саны эки эсе кыскарган. Буга алдын алуу жана жеке жарандык көзөмөл түрткү болду. Бизде жүрөктүн кан тамыр оорусу көп кездешет. Мурункуга салыштырмалуу жүрөк оорусу менен жабыркагандар көбөйүүдө. Дарттын биринчи себеби-туура эмес тамактануу. Кыргыздар майды көп колдонобуз. Май кан тамырларды бүтөп калат да натыйжада оору пайда болот. Кийинки фактор-стресс. Элде жумушсуздук күч алды, социалдык абалына жараша бөлүнө баштадык. Мунун баары психологиялык таасир этип, кан басымын жогорулашына алып келет. Натыйжада жүрөккө күч келип, ар түрдүү ооруну чакырат. Үчүнчүсү- кыймылсыздык. Айыл калкы шаар тургундарына караганда көп кыймылдайт.

-Оорунун белгилери кандай, себептерине токтолсоңуз?

-Адам тамак ичкенден кийин өзүнүн жүрөгүнүн сокконун санаш керек. Норма боюнча 60-80 болушу шарт. Андан ылдый же өйдө болсо жүрөк жабыркаганынан кабар берет. Экинчиси, кан басымды текшериш керек. Жылына бир жолу кандагы кантты жана холестеринди текшертип койгон жакшы.

Туура эмес тамактануудан улам ашыкча салмак кошуп баштайбыз. Тамекини таштап койсо болот, кан басымын дары-дармектер менен калыбына келтирсек болот. Эң кыйыны ашыкча салмактуулук, адам тамактанбай коё албайт. Көп тамак жегендиктеп ашказан чоюлуп кетет. Көп тоюнуп алганда, аба жетишпей демигип баштайт. Натыйжада, ашказан жүрөктү кысат да, кан басым жогорулайт.

-Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн жаш балдар көбөйүүдө, бул канчалык кооптуу?

-Ымыркайлардагы жүрөк кемтиги дээрлик тубаса болот. Андай кемтиктин жүздөн ашык түрү бар. Аны наристе төрөлгөндө эле байкасак болот. Бийик тоолуу жерде жашагандарда көп кездешет. Заманбап жабдуулардын жардамы менен кемтикти бүтөө оңой эле. Чоңдор жабыркаса дарыгерге кайрылып, оорунун түрүн аныктап, дарыгердин көзөмөлүндө болуш керек. 

-Баткен өрүгү жүрөк оорусуна даба дешет?

Баткен өрүгү витамин сыятуу, жүрөк үчүн пайдалуу калий бар. Оорулуулар эмес, соо жарандар деле бул өрүктү жеп келет. Ооруну айыктырбайт, болгону сакаюга жардам берет.

-Мамлекет тарабынан жүрөк ооруларына карата кандай жардамдар бар?

Бизде бекер операция жок. Каражаты болгондор жасатат. Мамлекет колдосо, балким атайын квота менен аз камсыз болгондор бекер операция жасалып калаар. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *