Шашылыш кабар:

Тилеков: Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар

Ноябрь 6, 2016 | жарыялаган Nargiza
100

Бишкекте эле 80дей лаборатория болгонуна карабай бейтаптардын көпчүлүгү коңшу мамлекеттерге барып анализ тапшырып келишет. Мындай көрсөткүч лабраториялардын сапатынын төмөндүгүнөн кабар берет. Сапаттын төмөндүгүнөн Кыргызстандын медициналык тармагына Кытай, Түркия, Индия өлкөлөрү кол сунууда. Аталган мамлекеттердин Кыргызстанга жардам бергени жакшы. Бирок биздин бюджетке медициналык кызмат көрсөтүүдөн түшө турган акча чет өлкөлөргө чыгып кетип жатат. Буга медициналык апараттардын эскилигинен улам жергиликтүү адистердин туура эмес  диогноз коюусу жана дарылануу шарттарынын жетишсиздиги түрткү болууда.

Мындан тышкары  Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү үчүн медициналык туризмге көбүрөөк  маани берүү керек.

The new Artis zeego angiography system of Siemens Healthcare introduces unprecedented flexibility in catheter labs and operating rooms. The industrial robot technology integrated in Artis zeego allows the physician to move the C-arm to almost any position around the patient. This makes it easier than ever before to visualize internal organs from various sides, if - for example - tumors or vessel diseases have to be diagnosed. Capturefile: Z:1 ProjekteSiemensMEDMED_0707_2624 Artis 3D Animation3_Produktion7 Foto3_Produktion1_RohdatenCS-FilesHintergrund_FotoP1_HG.TIFCaptureSN: CT010178.028998Software: Capture One PRO for Windows

Кыргызстанда медициналык туризмдин келечеги барбы? Мына ушул суроонун алкагында “Экомайдан” прогаммасында талкуу болду. Талкууга, Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Эрнис Тилеков, Дарылоо профилактика боюнча жардам бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бообекова жана медицина тармагында консалтинг жүргүзгөн ишкер Азамат Абдыжапаров.

Кыргызстанда медициналык туризм жөнүндө сөз кылуу мүмкүнбү?

Эрнис Тилеков:- Медициналык туризм дегенди көпчүлүк түшүнбөйт. Медициналык туризм бул — башка өлкөгө барып дарыланып келүү же башка өлкөнүн жарандары официалдуу түрдө кайрылып Кыргызстандан дарыланып кетүүсү. Кыргызстан өзүнүн кооздугу жана меймандостугу менен 12 коопсуз өлкөнүн катарына кирди. Кээ бир түшүнбөгөн адамдар медициналык туризм десе эле ооруканага жатып дарылануу деп ойлошот. Мисалы, Кыргызстан табигый жер алдынан чыккан ысык суу жана жаратылыштагы эс алуу жайларын колдонуп, медициналык туризмди өнүктүрсө болот. Мындан тышкары Кочкордо жер астында туз бар. Бул аллергия жана бронхит астмасы бар, өпкөнүн өнөкөт ооруларына абдан жакшы таасирин тийгизет. Аталган жерге мурда совет өлкөлөрүнөн бери келип, дарыланып кетишчү.

Бүгүнкү күндө  Евпропа мамлекеттеринен келип дарыланып, алардын ичинен беттерине пластикалык операция жасатып кеткендер бар. Анткени Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүү чет мамлекеттерге караганда эки эсе арзан. Бизде эң мыкты деген врачтар бар. Алсак, Сабырбек Артисбекович жана Миталип Мамытовичке операция жасатып кеткендер абдан көп. Мисалы, Миталип Мамытович баш мээге жана баш сөөккө 10 миңге жакын операция жасаган. Алардын ичинен 3 миңден ашыгы чет өлкөлөрдөн келип жасаткандар. Чет жактан келгендер эч жерде катоодон өтпөй, бирден-экиден келип дарылангандар. Ошондуктан Кыргызстанда медициналык туризм жоктой сезилет. Эгерде сырттан келип дарылангандарды кандайдыр бир каттоодон өткөрүп, жыйынтык чыгарылса, Кыргызстан медициналык туризм тармагынан мактанганга татыктуу.

Ал эми органдарды алмаштыруу жагынан Кыргызстан көп мамлекеттерден артта. Аны моюнга алуу керек. Мындан тышкары медициналык жабдуулар эски. А жаңысын алууга каражат жетпейт.

Кыргызстанда медициналык туризм тармагында стратегиялык көз караш барбы?

Айгүл Бообекова:- Саламаттыкты сактоо тармагында бул суроо көйгөйлүү болуп жатат. Азыркы учурда Кыргызстандын дарыгерлери чет мамлекетке чыгып, чет жактын медицина тармагындагы тажрыйбасын көрүп келишүүдө. Быйыл мен дагы Индия мамлекетине медициналык туризмди өнүктүрүү боюнча барып келдим. Ал жакта аэропорттон баштап пациентти тосуп алып, кайра узатып жибергенге чейин көзөмөлгө алышат экен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда медициналык туризм боюнча статистика жүргүзүлбөйт. Эки жылдан бери чет жакка дарыланып келүү боюнча 100 орун бөлүнүп жатат. Биз көбүнчө жаш балдарга көңүл буруудабыз. Мисалы, кулагы укпаган балдарды жиберип жатабыз. Анткени 5 жаштан өтүп кетсе, аларды дарылоо кыйынга турат. Ал эми кулагы укпаган бир балага бир имплант салуу 12 миң доллар каражат кетет. Бул Кыргызстанда бир оорукананын бир айлык бюджеттин түзөт. Мындан тышкары тубаса кемтиктер менен төрөлгөн балдарды да операцияга жибергенге аракет кылуудабыз. Мындай операцияларды Кыргызстандын  деле хирургдары жасайт. Бирок бизде кээ бир медициналык аспаптар жетишпейт.

Кыргызстанда врачтарды жакшы даярдабайт деп айтабыз. Бирок  сырттан медицина тармагына окуганга абдан көп студенттер келет. Бул эмненин көрсөткүчү?

Бул көрсөткүч эки маанилүү деп ойлойм. Биринчиси, бизде окутуу сапаты жакшы. Ошондуктан чет өлкөдөгү студенттер кайрылып, окуп кайрадан өз мекендерине барып иштегенге мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргыз-Түрк Манас университети жана Борбор Азиядагы Америка окуу жайлары медициналык факультет ачууну каалашууда, бирок мамлекет уруксаат бербей, ача албай жатышат,- деген да маалыматтар чыкты эле. Бул канчалык деңгээлде туура?

Медициналык факультет ачууга өзүнчө талаптар бар. Эң биринчи окуу базасы болуш керек. Мындан тышкары медициналык аспаптары жана мугалимдердин түзүмү болуусу зарыл. Ал мугалимдердин билим-сапаты азыркы талапка жооп берүүсү шарт.

Эрнис Тилеков:- Саны көп, сапаты жок медициналык окуу жайлардын ачуунун кереги жок. Азыркы учурда бир бөлүмдө 3-4 шаардагы студенттер бир учурда келет. Анан аларда кайдагы сапатуу билим болот. Мисалы, Манас университетинин статусу жооп берет. Бирок ошол учурда дагы сураш керек. Биринчи өзүнчө университеттик клиника кургула деп. Алар заман талабына ылайык атайын окуу жайды оорукана курат, андан ары студенттерди даярдай берсин. Анткени алардын өзүнчө окутуу базасы болот.

Азамат мырза сиз медицина тармагында ишкерсиз жана Түркияда бир топ жыл ушул тармакта иш алып бардыңыз. Медициналык туризмге сиздин көз карашыңыз кандай?

Азамат Абдыжапаров: — Негизи ар бир өлкөдө саламаттыкты сактоодо кадрдык саясат деген бар. Бул кадр саясатында менин оюмча биздин студенттерге багыт берген кадр саясаты иш алып барыш керек. Дүйнөлүк практикадада 4-5 аргумент бар. Ошолорго жараша кадр саясаты жүргүзүлөт. Себеби, келээрки жылы кайсы оорулар көбөйүп жатат, ошого жараша адистерди даярдоо зарыл. Азыркы учурда талап кандай болуп жатат, алдын ала изилдөө жүргүзүш керек. Мисалы, бүгүнкү күндө медицина тармагына тапшырган стунденттердин көпчүлүгү гинекологиялык бөлүмдү тандай берсе, 3-4 жылдан кийин аталган бөлүмдө кадр инфляциясы болот. Ошол себептен мамлекет жаштарга кесип тандоодо багыт берүү керек. Түркияда сапаттуу адистердин келип чыгуусунун бирден бир себеби, бир окутуучуга 2,7 студент туура келет. Анткени мамлекет ушундай саясат жүргүзгөн. Бул жерде устат менен шакирттин ортосунда байланыш болот дагы мыкты кесипкөйлөр чыгат.

Статистика боюнча Түркияда 650 орган алмаштыруу болуптур. Бул жогорку дүйнөлүк көрсөткүчтөрдүн бири деп эсептелет экен. Мындан тышкары көпчүлүк жарандар Түркияга дарылануу үчүн арзан жана сапатуу деп барышат. Негизи эле Түркия мындай медициналык өнүгүүгө кантип жеткен?

Негизи Түркиянын тажрыйбасында акыркы 10 жылдык көрсөткүч болуп эсептелет. Себеби, мамлекет медицина тармагына жакшы көңүл буруп, муну менен катар медициналык туризмге да абдан маани беришкен. Айта кетсек, 2016-жылы Түркия медициналык туризмге 70 млн доллар бөлгөн. Ошонун алкагында Түркияда Түркия медициналык туризм агенттиги ачылган. Аталган агенттик ушул учурда Африка жана Орто Азия өлкөлөрүнө барып, Түркиянын медицина тармагын таанытып жатат. Бул алар үчүн жардам болду. Ошондой эле Түркия акыркы 10-15 жылда жеке секторго да чоң маани берди. Ал эми мамлекеттик сектордо бизде болгондой эле көйгөйлөр ал жакта да болуп турат. Бирок Түркиянын 2023-жылкы медициналык туризмди өнүктүрөбүз деген программасында дүйнөдөгү эң алдыңкы 5 өлкөнүн катарына киребиз деп койгон максаттары бар.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *