Шашылыш кабар:

Г.Султаналиева: Саясатка аралашкандар үчүн инсандык касиеттерди сактоо кыйын

Ноябрь 5, 2016 | жарыялаган Анара Бакытбекова
114

Ар бир үйдүн очок ээси-асылзат аял болот. Эр киши менен үзөңгү талаш эмгектенип, керек болсо баатырдык көрсөтүп тарыхта калган айымдар жер жүзүндө миллиондоп саналып келет. Кыргызстанда да кичинекей өлкөнү, тагыраагы үй-бүлөдө балдарын тарбиялап, мамлекеттик кызматта иштеген мыкты айымдарга бай. Алардын бири Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, өкмөттүн алдындагы финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү жана адам укуктары кеңешинин төрайымы Гулжамал Султаналиева менен «Саясаттан сырткары» программасында маектештик.


  • Саламатсызбы, студиябызга кош келипсиз. Учурда эмне менен алексиз, кандай иштерди 14959002_1783316465218911_1565418988_oалып барып жатасыз?
  • Учурда мамлекет атынан көзөмөл жүргүзгөн уюмда иштейм. Аткаруу кеңешинин мүчөсү катары мыйзамдын алкагыда иш алып барам. Публикалык компаниялар, ачык акционердик коомдордун жана башка бизнестердин каржылык эеби кандай деңгээлде иштеш керектигин, кандай документтер талап кылынаарын иштеп чыгып, аны мамлекеттик деңгээлде бекитүүгө киргизебиз. Андан сырткары, көз карандысыз аудиторлорду тескейбиз. Аудитор — профессионалдык деңгээлдеги бухгалтерлер дегенди түшүндүрөт. Аудиттик сертификат алууда атайын сынактан өтүшөт.
  • “Доор эли” коомдук бирикмеси кандай иш алып барат?
  • Өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери жарандык коомдун активдүү уюштуруучусу катары иштеп келем. Саясатка аралашып калышыма да түздөн-түз байланышы бар. 1994-жылы аялдарга жардам берүү борборунун жетекчиси Роза Айтматованын сунушуменен аталган борбордун мүчөсү катары Нарындагы филиалды иштетип калдым. 1999-жылы азыркы “Компаньон” микро кредиттик компаниясынын Нарын облустук кеңсесинде жетекчилик кызматка келдим.  Бирок көп убакытка созулган жок, бир жылдан кийин кетип калдым. Анткени акчасын төлөй албай  калган учурда үйүнө чейин боолап барууга аргасыз болчубуз. Аялдардын турмуш шартын көрүп олтурсаң, балдардын оозундагы нанын жулуп келгендей эле болосуң. Азыр деле ал кундорду эстесем жүрөгүм ооруйт. Кийин “Демократия жана жарандык коом” каолициясына жумушка кирдим.
  • Азыр аялдардын комдогу орду кандай?
  • Улуттук этнос катары аялдарга жакшы мамиле жасалып келген. Улуу мурасты улантып кетсек жакшы болмок. Эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекеттин динге болгон көз карашы салкын болгондугу үчүн комго радикалдуу исламизация түшүрүгү тарап кетти. Бал нерсе кыргыз аялдарынын коомдогу ордуна терс таасирин тийгизип жатат.
  • Жашоодогу урааныңыз кандай? Ошондой эле ийгиликтериңиздин сыры эмнеде?
  • Ким болбоюн, кандай деңгээлде болбоюн жүзүм жарык болсо дейм. Элдин, туугандарымдын жана балдарымдын алдында адамгерчилигим менен ак болсом. Дайыма эле инсандык касиеттерди сактоо кыйын, өзгөсө саясатка аралашкан киши үчүн. Адамдарда калыстык сапатты жогору баалайм. Күркүрөп байып калыстыктан тайганга караганда, колунда жок болсо да адилеттикти жактаган кедей өйдо турат.
  • Саясатты эске албаганда кандай жол менен кетсек Кыргызстан дагы да өнүгөт?
  • Биринчиден, жарандардын билим деңгээлин жогорулатуу зарыл. Эл илимге суугарылса, маданият да, биримдик да өзүнөн өзү туптөлөт. Билим жакырчылыктан чыгуунун да куралы болуп эсептелет. Ошол эле учурда айрым саясатчылардын тузагынан да кутулмак белек. Жалпы элдин сабаттуулугу ылдыйлап баратат. Айрым гана ата-энелер балдарын эл аралык деңгээлде билим алуусуна көмөкчү. Бул жакшы көрсөткүч. Чет тилин өздөштүрүш керек. Мени жаштар арасында жашоонун сергек мунөзү модага айланып келе жатканы кубантат. Бир учурда бай болуп, арак ичип, клубтарга баруу моода болгон эле.

Менин биринчи билимим боюнча  математика жана информатика мугалими болом. Андан сырткары, мамлекеттик кызматтагы экономикалык башкарууну окудум.

  • Дүйнөнүн канча өлкөсүндө болдуңуз, башка мамлекеттерден Кыргызстан кандай үлгү ала алат?
  • Жумушума буйланыштуу көп өлкөлөргө бардым. Алгач 1999-жылы аялдарды саясатка жылдыруу боюнча азыркы АУЦА университети уюштурган конкурсту жеңип чыгып Америкага барып калдым. Европа өлкөлөрүн, Ислам мамлекеттерин жана Азия чөлкөмүн кыдыыдым. Алардын ичинен Самарканд шаары өзгөчө элес калтырды. Дагы мүмкүнчүлүк болсо, бир жумага эс алууга бармакмын. Ал жердин тарыхы, кооз табияты менен мени багынтты окшойт.
  • Көпчүлүккө көмүскө кандай өнөрүңүз бар?
  • Былтыр тигүүчүлүк курсуна барып, эки айда тиккенди үйрөндүм. Мурда магазиндерден кийим сатып алсам, азыр фасондорун эстеп калам. Балким пенсияга чыксам бйурутма алып каламбы
  • Окуган китептериңиз…
  • Балалык кезде классикага кызыкчумун. Адабий чыгармаларды окуп жатып, каармандардын эрктүүлүгүн баалап, аларжан сабак алганы аракеттенчүмүн. Андан сырткары психологиялык өнүгүү боюнча китептерди азыркыга чейин окуп келем. Студенттик мезгилде Дейл Карнегинин чыгармаларын маашырланып окуп жүрдук. Кийинчерээк Роберт Киосакинин китептерин колго алдым. Азыр саясий реформалар тууралуу көп окуп келем. Убакыт болуп калса Ислам дини тууралуу да маалымат алгым келет.
  • Балалыгыңыз кайсыл жерде өттү?
  • Нарындын кызымын, ЖК депутаты болгондон кийин шаарга көчүп келгенбиз. Кызым жеке менчик мектепте билим алды, анткени менин коомчулуктагы саясий көз карашымдан улам ага да кысым боло баштаган эле. Борбор Азиядагы Америкалык унивеситетин ийгиликтүү аяктап, азыр Америкада окуусун улантып жатат.
  • Эл үчүн жасалган эң мыкты эмгек кандай болуш керек?
  • Менимче балдарга болгон мамтле болсо керек. Келечек муунду татыктуу тарбиялап, коомго аралаштыруу чоң эмгекти талап кылат. Бала тарбиялоо тактыкты талап кылган нерсе. Еврейлерден бала тарбиялоо принциптерин үлгү катары алсак артыкбаш болбос. Элге айтарым, кыргыз эли улуу эл. Тарыхыбызды, эгемендигибизди баалай билсек. Жаштарга болгон мамилени өзгөртсөк, себеби алар биздин келечегибиз. Балдар чоңдордун кузгусү, биз кандай болсок, алар да ошол нерсени чагылдырат. Мамлекеттик деңгээлде жаштарды эң баалуу нерсе катары көрүп, жакшы көңүл бөлсөк дейм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *