Шашылыш кабар:

К.Бокоев: Буудай менен ун импортуна кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүү керек

Октябрь 30, 2016 | жарыялаган Nargiza
150

Ун менен буудайга кошумча нарк салыгын киргизүүгө каршы пикирин ишкерлер союзунун ун боюнча комитети жана ишкерлер билдирип чыкты. Маалыматка ылайык, ишкерлер ун менен буудайды чек арадан алып өтүүдө кошумча нарк салыгынан жыл башында бошотулган. Мындай кадам Кыргызстан ЕАЭБге расмий киргенден тартып, ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында жасалган. Бирок жыл айланбай ун жана буудайдан келчү кирешенин көлөмү 650 млн сомго азайып кеткен. Эми кайрадан буудайга болгон кошумча нарк салыгын киргизүү демилгесин «Республика-Ата-Журт» партиясынын депутатты Кенжебек Бокоев көтөрүп жатат.

rr

Мына ушул тууралуу “Экомайдан” программасынын бул жолку чыгарылышында «Импорттолгон буудай жана кошумча нарк салыгы» тууралуу талкуу болду. Талкууга, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев, Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Айдаралиев, Ишкерлер союзунун ун өндүрүшчүлөр комитетинин төрагасы  Рустам Жунушов.

Мурда алынып салынган кошумча нарк салыгы импорттолгон буудай боюнча эки жүйөлүү негизде айтылып жатат. Биринчиден, азык-түлүк коопсуздугу зыянга учурады деп айтылууда. Экинчиден, бюджет көп жоготууга учурады деген божомолдор болуп жатат. Бул демилгени кайрадан эмне себептен көтөрдүңүздөр?

Кенжебек Бокоев:- Бул мыйзам долбоору парламентте аябай талкуу болуп, “лобби” мыйзамы деген атка да конгон. Бир канча ММКда аткаминерлер өзүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн киргизилип жатат деген пикирлер жазылган. Эмне себептен? Анткени парламентте үч окуудан каралып жатканда, экинчи окууда мен жана башка депутаттар да каршы чыкканбыз. Себеби, былтыркы жылга салыштырмалуу 650 млн сом бюджеттен чыгаша алып келет. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу бул келечектеги буудай өндүрүүчүлөрдүн санын азайтып, бизде буудай өндүрүү дээрлик токтоп калышы мүмкүн. Ошол себептен азык-түлүк коопсуздугуна зыян алып келет деген ойду айтканбыз.

Азыркы учурда бул мыйзамды депутат катары парламентте кайрадан демилгелеп алып чыгып жатам. Бул жаңы же ойлоп табылган мыйзам эмес. Өкмөт кетирген каталарды кайра оңдоо зарыл. Биздин айыл чарбабызга, анын ичинен буудай өндүрүүгө эч кандай жардамдар берилбейт. Ошондуктан биздин өндүрүүчүлөр коңшу Казакстандын буудай өндүрүүчүлөрүнө салыштырмалуу жаман абалда калат. Анткени Казакстанда буудай өндүрүү стратегиялык багыт болуп эсептелет. Мындан тышкары Казакстан биздегидей 10-20 гектар эле айдабайт. Алардын дыйкандары миңдеген гектарлап буудай эгет. Казакстанда буудайдын уругунан баштап, ар кандай субсидиялык жардамдар берилип турат.

Кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча кабыл алынган мыйзам максатына жетпей калды деп айткыңыз келип жатабы?

Бул мыйзамды киргендин өзү туура эмес болгон деген ойду ошол мыйзам кирип жатканда эле мен айткам. Муну киргизбеш керек болчу. Азыр да ошону айтып туруп, сырттан келген норманы кайра ордуна келтирүүнү көтөрүп жатам. Анткени сырттан келген буудайга бир аз да болсо чек коюу керек. Алар кирсин, бирок бюджетке салык түшүш керек жана ошол түшкөн салык менен биздин буудай өндүрүүчүлөргө бир аз да болсо айырма кылабыз. Мындай чектөө бизде гана эмес керектүү учурда башка мамлекеттерде да чектөө киргизилип турат. Өзүнүн мамлекетиндеги фермер, дыйкандарды колдоо, сактап калуу максатында атайын бир убакытта чектөө киргизилет. Бул боюнча учурда мыйзам долбоору даярдалууда.

Негизи экономика министринин бул тууралуу позициясы кандай? Мурда кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Эгерде кайрадан кошумча нарк салыгы киргизиле турган болсо, ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгы корголот деген пикирге макулсузбу?

Кубанычбек Айдаралиев:- Макул эмесмин. Анткени бул маселени дээрлик 3 жылга жакын изилдедик. Себеби бул боюнча ар кандай кайрылуулар көп болгон. Биздин ата мекендик буудайда клейковинасы төмөн. Клейковина төмөн болгондуктан сапаты жагынан стандарттуу ун алуу үчүн Казакстандын буудайын кошуу керек. Казакстандын буудайы кошулуп, бизде сапаттуу ун чыгат. Эгерде бизге Казакстандан келген буудай көбөйсө, ошонун негизинде өзүбүздүн ички буудайга болгон суроо-талап өсөт. Мындай жол менен азык-түлүк коопсуздугун да коргой алабыз. Дүйнө жүзүндө азык-түлүк коопсуздугуна бир гана буудай кирет.

Эске сала кетсем, 2007-жылы Казакстан экспортко уруксаат бербей койгон. Ошол учурда Казакстандан буудай да, ун да ала албай калганбыз. Ал кездеги президент Курманбек Бакиев Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен макулдашып, үч жүз миң тонна буудайга уруксаат алган. Ал дагы кечиктирилип берилгендиктен нандын баасы 3 эсе көтөрүлүп кеткен. Ошол жылдары Кытайдан, Тажикстандан да буудай ала албай койгонбуз. А Россиядан алып келген буудай менен ундун наркын жол киреси эле жеп коет. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү сактап калуу чоң нерсе. Бүгүнкү күндө биздин өндүрүшчүлөр 60% гана камсыз кыла алат. Калган 40% коңшу Казакстанга көз карандыбыз. Анын ичинде ун да кирип жатат. Ошондуктан буудайга артыкчылык бергенибиздин бирден-бир себеби, буудайды иштеткен учурда анын калдыктары мал-чарбасына арзаныраак тоют катары кетет. Ушул тапта Казакстан 40 ашык өлкөгө буудай экспортойт.  Бирок ошолордун ичинен 50%дан  ашык үлүштү Казакстандан албайт.

Кошумча нарк салыгын кайрадан киргизе турган болсок, импорко бөгөт болот деп эсептейсизби?

Эгерде кошумча нарк салыгын киргизсек Казакстанга жардам берген болобуз. Кенжебек мырза айткан 650 млн сом бюджетке зыян келтирди дегенге да кошулбайм. Себеби, бизде официалдуу статистика деген бар. Бажы биримдиктин жана ЕАЭБдин статистикасында буудай менен ундун статистикасы 650 млндон ашпайт. Мындан тышкары ата мекендик буудайга Казакстандын буудайынан 20% кошулат. Кошумча нарк салыгы менен 150 миң тонна буудайды Казакстандын баасы 14 сом менен көбөйтүп туруп, кошумча нарк салыгын 2 сом менен алганда эле 240 млн сом болот.

Кенжебек Бокоев:- Азыркы Кубан мырза айткан баяндаманы биз үч окууда тең укканбыз. Булар да эң негизгиси азык-түлүк коопсуздугу деген терминди колдонуп жатат. Ал эми азык-түлүк коопсуздугуна биринчи орунда буудай турат. Ошондуктан азык-түлүк коопсуздугун сактап калуу үчүн сырттан келген буудайга 10% чектөө киргизүү зарыл. Мына биз импорттолгон буудайдан кошумча нарк салыгын алып салдык. Ошондон бери  базарда нан арзандап кеттиби. Мен ошондон бери байкап келе  жатам. Эгерде айылдарга барып сурамжылоо жүргүзө турган болсок, алар айтат силер 2-3 эле ун өндүрүүчүлөрдүн чөнтөгүнө 1 млрд иштеп койдуңар деп. Анткени буга чейин жогоруда айтылган сумма мамлекеттик бюджетке түшүп турган.  Бул сумманы мен ойлоп тапкан жокмун.

Бул маселе боюнча ишкерлердин позициясы кандай?

Рустам Жунушов:-  Кенжебек мырза бул жалаң ун өндүрүүчүлөргө жардам деп айтып жатат. Алар өндүргөн буудайды кайра ун иштеткен комбинаттар эле иштете алат.  Бизде эпкспорттук потенциал деген жок. Кыргызстанда миллион тонна буудай чогулса, анын 40% гана унга жарайт. Бул Кыргызстанга жетпейт. Ошондуктан Казакстанда дагы 40-50% өлчөмүнө буудай келет. Эмне бизде кайра иштетүү ун тегирмендери болбосо, отуруп алып буудай жейбизби. Бул тармакта мыйзам киргенге чейин баары токтоп турган. Ал эми киргенден кийин Кыргызстан боюнча 29 комбинат  иштей баштады. Айта кетсем, азыр 29 чоң жана 2 миңге жакын кичи тегирмендер бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *