Шашылыш кабар:

Instagram колдонуучуларына депрессиядан чыгууга жардам берет

Октябрь 25, 2016 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
111

rfziillqob1n4jnb-kpy18tmg-cggglu

Instagram жетекчилиги мындан ары  өз колдоонучуларына депрессиядан чыгуусуна көмөк көрсөтөт. Бул социалдык тармактын колдоонучулары мындан ары депрессияда жүргөн жакындары же тааныштары тууралуу компанияга кабар бере алат. Алардын кайрылуусун адистер карап чыгып, атайын психологдордун жардамы сунушталат же депрессиядан чыгаруучу кеп-кеңештер айтылышы мүмкүн.

Компания жетекчилиги: «Биздин депрессиядан чыгууга көмөтөшүүчү функциябыз менен колдоонуучулар өздөрүн коомго керектүү адам катары сезе алат»-деп түшүндүргөн.

Жаңы функцияны иштеп чыгууда, компания атайын адистер менен кеңешкен. Бирок депрессия менен күрөшүүнүн мындай ыкмасы канчалык натыйжалуу болору азырынча белгисиз. Айрымдар бейбаш колдонуучулар муну оюн катары көрүп, компания кызматкерлеринин жөн гана убагын алуусу мүмкүн деп эсептейт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *