Шашылыш кабар:

Кан басымдын жогорулашы жашарды

Октябрь 8, 2016 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
126

Статистикалык маалыматтарга ылайык Кыргызстанда жалпы өлүмдүн ичинен жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар биринчи орунда турат. Орто эсеп менен республика боюнча бир жылда жүрөк оорусунан 18 миң жаран, башкача айтканда күнүнө 50 адам көз жумат. Ал эми дүйнө жүзүндө жыл сайын 17.5 млн киши аталган оорунун курмандыгы болот. Ошондуктан 29-сентябрь 2000-жылы бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү деп белгиленген. Жүрөк-кан тамыр ооруулары боюнча №3 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун терапевт дарыгери Аиза Солтогулова айтып берди. Ошондой эле 3 жылдан бери кан басымынын жогорулашы менен жабыр тарткан Азимбай Назаралиевге кеңеш берип өттү.


560536eda7e91

-Жүрөк-кан тамыр ооруларына байланышкан ооруларга кайсылар кирет?

— Бул оору көп кездешет. Мисалга алсак, ымыркайлардын жүрөк тешигинен тарта, чоңдордо көп кездешкен кан басымынын жогорулашы, ревматизм, инфаркт жана башкалар. Андан сырткары стенокардия, мында жүрөктүн булчуңдарына кан жетпей өз кызматын толук кандуу аткара албай калат.

-Жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу себептери эмнелер?

Себептер көп, биринчиден жашоо шарт таасирин тийгизет. Мурда аталган илдетке тоолуу аймакта жашагандар көп чалдыкса, акыркы учурда шаардык тургундарда эки эсе көп кездешет. Экинчиси бул-стресс. Калаа калкы жана офистик жумушчулар үчүн стресс кооптуу. Туура эмес тамактануу, тактап айтканда майлуу тамактарды ашыкча колдонуу жана аз кыймылдоодон келип чыккан ашыкча салмактуулук жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет.

— Кан басымынын жогорулашына кайдыгер кароонун арты эмнеге алып келет? Оору жаш тандайбы?

— Кан басымынын жогорулашынын белгилери болот. Айтсак, кишинин көңүлү айланып, кускусу келет. Кулагы шуулдап, көзү караңгылайт да, алсырай баштайт. Өз кезегинде көңүл бурбаса, инфарк, инсульт болуп, өлүмгө жетелейт. Ошондуктан, жок дегенде жылына бир жолу кан басымын өлчөтүп койгон оң.

Мурда 50 жаштан жогору жаштагы эркек жана 60 таяп калган байбичелерде кездешчү. Азыр ооруу жашарды десек болот. Он сегиз жаш курактууларда да кездешип жатат. Анын себеби  стресс, жашоо шарт жана ден-соолукка көңүлкош мамиле.

— КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкан кишилердин саны арбын. Балким, өлкөбүз тоолуу аймак болгону үчүн бул илдетке чалдыккандардын саны көп болуп жүрбөсүн?

-Мурда жогорку кан басымы менен тоолуу аймак шартында жашагандар көп ооручу. Анткени климат катаал жана жарандарынын каны коюу келет. Азыр болсо, шаар тургундарында көп кездешип жатат. Буга стресс себепкер, өзүңүз билгендей кара жумушка караганда, офистик иштер стресске көп кабылтат.

-Азимбай мырза, сиз канча жылдан бери кан басымынын жогорулашы менен күрөшүп келесиз жана кайсыл учурда жогорулайт?

-3-4 жылдан бери кыйналып келем. Базардын ичинен текшертсем жакшы эле деп койду. Өзүм кара жумуш жасабайм, үйдө сүрөт тартам. Балким, кыймылсыздыктын айынан кан басымым жогорулайт. Жаш куракка жараша, майлуу тамак көп жейт экенсиң, тойго барып дегендей. Кээде сол капталым чымырап калат.

Аиза Солтогулова: Азимбай мырза тамеки тартат экен. Аз кыймылдагандыктан, салмагы да нормадан өйдө. Текшерип көрсөк, 150-105 экен. Бул II даражадагы гипертониялык оору. Бир эле жолу өлчөп диагноз коюу туура эмес. Ошондуктан, бир канча жолу текшерткен натыйжалуу.

Азимбай мырза, сергек жашоого өтүш керек. Көп басып, кыймылга өтүшү зарыл. Ичимдик жана тамекини таштаса өзүнө пайда. Тузду азыраак колдонуусун сунуштаар элем.

-Угарман: Уулум төрөлгөндө жүрөгүндө тешик бар болчу. Азыр дарыгерлер бутөлүп калыптыр дешти. Бул кийин кайра козголбойбу?

-Аиза: Кээ бир балдар органдары толук жетиле элек төрөлөт. Кемтик бир гана жүрөктө эмес, өт же башка органда деле болушу мүмкүн. Бара-бара ымыркайдын булчуңдары чоңойгондо, ал кемтик оңолуп кетет. Дарыгерлер тешик жабылып калды десе коркунуч жок.

Гипертония менен гипотаниянын айырмасы кандай?

-Гипотания-нормалдуу басымдан төмөндөп кеткен учур. Симптомдору: шайы ооп, алсырап, баса албай калат.  Гипотания азыраак кездешет. Дары колдонбой эле, кофе, бир чөйчөк коюу чай ичип кан басымын көтөрсө болот. Чон даражадагы гипертоник болсо, түшүрүш оңой.

Ал эми гипертония-кан басымынын көтөрүлүп кетиши. Эгер илдет өтүшүп кеткен болсо, дары-дармек менен сакайтабыз. Бирок, бул айыкпас оору. Врачтын көзөмөлүндө болуп, дарыларын толук ичишсе, кадимки соо адамдай эле жүрө беришет. Физикалык активдүүлүгүнө да маани берүү талапка ылайык.

Кан басымын кантип туура өлчөйбүз?

— Манжетаны таккан соң, бир аз кутө турган оң. Анткени айрымдар коркуп кетет. Атайын билими бар мед-айымга же дарыгерге өлчөткөн жакшы, өлчөөнүн да жол-жоболору болот. Врачтын көзөмөлү менен дарыланыш шарт, анткени жүрөктүн согушу да диагноз коюуда маанилүү.

-Ооруга чалдыгып дарыланганга караганда, илдеттин алдын алган жакшы. Оорунун алдын ала алабызбы?

— Ашыкча салмактан арылып, туура тамактануу зарыл. Сергек жашоого көнүп, көп-көп кыймыл-аракет жасаш керек. Тамеки чегүүдөн, алкоголдук ичимдиктерден алыс болгон ден-соолукка пайдалуу. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *