Шашылыш кабар:

Сүлүктүн шилекей безинде 130 биологиялык активдүү ферменттер бар

Октябрь 7, 2016 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
147

Сүлүк курттар аркылуу канды чыгарып дарылоо ыкмасы “гирудотерапия”  XX кылымда ар кыл химиялык дарылардын чыгышы менен колдонуудан калган. Бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстанда кайрадан жанданууда. Бул дарылануунун ыкмасы боюнча гирудотерапевт Гүлсана Бапаева Дабагер программасында маек курду.


img-20161007-wa0032

— Гирудотерапия деген эмне жана дарылоодо кандай ыкмалар колдонулат?

Гирудотерапия-бул сүлүк курту менен дарылоо, башкача айтканда медициналык ыкманын бир түрү. “Гирудо” сөзү латын тилинен которгондо, “сүлүк” дегенди түшүндүрөт. Жаратылышта сүлүктөрдүн 650дөй түрү бар. Алар 3 топко бөлүнөт; жапайы, лабораториялык жана маданий.

Сүлүк өзү шакекче түрүндөгү курттарга кирет. Алардын дем алуу системасы гана болбосо, калган баардык органдары бар. Эң кызыгы, сүлүк куртунда үч жаак болот да, ар биринде 90го жакын майда тиштер орун алган. Ал эми, шилекейинде эч бир дарыга теңдешсиз 130дай биологиялык активдүү ферменттер камтылган. Ар бир фермент адамдын организмине кан аркылуу түшкөн соң, өз кызматын аткарат. Сүлүктун механикалык(кан тамырды тазалайт), биологиялык(активдүү ферменттер) жана рефлектордук(уктап калган нервди  ойготот) кызматы бар.

Сүлүк тиштегенде биринчи 20 мүнөттө өзүлөрүнүн дарысын чачса, кийинки жыйырма мүнөт аралыгында организмге керексиз заттарды соруп алат. Дарылоодо 80% без системасын тазалайт. Андыктан канымды көп соруп алат деп чочулоонун кажети жок. Алсак, бир курт 5мл литр кан сорчу болсо, анын 20%ын гана кан тамырдан сорот. Ошондуктан түшкөндө кызыл болуп калат. Эгер жүз пайыз таза кан сорчу болсо, курт кандын градусундай жылуу болмок. Безди соргондуктан муздак болуп түшөт.

img-20161007-wa0031

— Гирудотерапия канча жылдан бери медицинада лицензия менен иштеп жатат?

— СССР учурунда сүлүк менен дарылоого уруксат жок эле. Өз алдынча эгемендүүлүк алгандан кийин гана колдоно баштадык. Орусия Союз тарагандан тарта бул ыкма менен элин дарыласа, Кыргызстанда менчик медициналык мекемелер 10 жылдан бери колдонуп келет.

— Кандай ооруулар үчүн көп колдонулат?

— Менин усулум боюнча жооп берчү болсом, дээрлик баардык илдетке каршы колдонуп келем. Кан басымы, ашказан, кулак-мурун, остеохондроз жана башка ооруулардан арылууга жардам берет. Болгону илдеттин турүнө жараша сүлүк ар башча чекитке коюлат. Норма боюнча, оорулуу 50 килограмдан аз болсо, 5-7 даана курт коюлат. 80-100 кило болсо, 10-12ге чейин койсо болот. Кадимки дары бир органды дарылап жатып экинчи мучөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. А гирудотерапияда андай эмес, сүлүк тиштегенде дарысы кан менен кошо кетет. Биологиялык активдүү ферменттер кандай гана илдет болбосун баарын таап, өз кызматын аткара берет.  

— Сүлүктөр кайда өстүрүлөт жана сиздер кайсы түрүн колдоносуздар?

— Биз лабораториялык түрүн колдонобуз. Илгери сүлүк өстүрүүчү биофабрикалар болгон. Мурда көчөдө, арыкта көп болчу. Азыр болсо, сүлүк кызыл китепке кирип калган. Ошондуктан, атайын жайларда өстүрүлөт. Ал үчүн да зор эмгек талап кылынат. Биз колдонгон сүлүктөр сертификат менен келет.  Азыр Москванын лабораториясы менен иштешебиз, алар өзүлөрү чоңойтот. Таза сүлүктөр сууда жүрө берет. Ар бир эки күндө суусун алмаштырып турабыз.  

-Көпчүлүк учурда сүлүк курттар инфекциялык ооруларды жугузат деп чочулашат?

-Дарыгер катары, калктын саламаттыгына доо кетирүү биз үчүн чоң катачылык. Керексиз курттарды 5 же 10 %дык хлороминде ээритип, жок кылабыз. Ишеним болуусу үчүн колдонулган сулуктөрдү ар бир бейтаптын өзүнө беребиз.

— Аталган дарылоо ыкмасын кимдерге колдонууга болбойт?

— Кош бойлууларга колдонсо болбойт, төрөттү мөөнөтүнөн мурда чакырып алышыбыз мүмкүн. Андан сырткары, гемофилия жана рак ооруларына да колдонууга болбойт.

— Эмне үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги гирудотерапияны милдеттүү түрдө ооруканаларга киргизген эмес?

— Фармациянын айынан гирудотерапия жакшы өнүкпөй жатат. Анткени, биз төрөлгөндөн тарта бир жерибиз ооруса дары ичип көнгөнбуз. Сүлүк менен дарылануу коомчулуктун аң сезимине сиңген эмес. Ошентсе да, сүлүк курту менен дарылоо патент алган. Эми гирудотерапевттер биригип, бир уюм түзгөн соң, министрликке кайрылалы деп турабыз. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *