Шашылыш кабар:

Фотобаян: Сиздин Фейсбуктагы маалыматтарыңыз кайсы жерде сакталат?

Сентябрь 30, 2016 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
314

2244887texnika12

Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг өз баракчасында алгачкы жолу социалдык тармактын маалыматтык борборунун сүрөттөрүн жүктөдү. Facebook компаниясынын маалыматтар базасы Швециядагы Лулео шаарында жайгашкан.

Facebook социалдык тармагынын маалыматтар базасынын имараты  6 футбол майданына ылайык аймакты ээлейт.  Бул имараттын Лулеодо жайгашканынын да жөнү бар. Анткени аталган шаарда абанын температурасы жыл бою +10 даража жылуу болуп, климаты салкын деп  эсептелет. Мындай аба ырайы маалыматтар базасындагы техникаларды муздак кармоодо  электр энергиясын өтө үнөмдөйт. Болгону өтө чоң вентиляторлор орнотулуп, алар сырттагы муздак абаны  миңдеген серверлерге жеткирип турат.

Вентиляторлор гидроэлектростанциялардан алынуучу энергия таасиринде иштейт. Социалдык тармактын мындай объекти башка ушул сыяктуу борборлорго караганда  40% энергияны аз колдонот. Ал эми жарактан чыккан катуу дисктер да ошол жерде жок кылынат. Маалыматтардын сыртка чыгуусуна жол берилбейт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *