Шашылыш кабар:

Бир даана тамеки дагы көз карандылыкка алып келет

Сентябрь 25, 2016 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
111

%d1%82%d0%b0%d0%bc%d0%b5%d0%ba%d0%b8

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын тамекинин кесепетинен 14 миңдей киши көз жумат. Ал эми 6 миллионго жакыны тамекиге байланат. Тамеки тартуунун зыяндуулугунан жана анын кесепетинен пайда болгон оорулар боюнча врач-пульмонолог Мехрибан Касимова “Марал” радиосунун Дабагер программасында айтып берди.

Тарых

Тамеки алгач дарылык касиет катары колдонулганы менен ал кийинчерээк ырахат алуу үчүн колдонулуп калды. Биринчи индеецтер аң улоо үчүн колдонушкан. Анын жардамы менен жаныбарларды өлтүрүшкөн. Анткени бир куту тамеки- тамеки чекпеген кишини өлтүрө тургандай күчкө ээ. Ал эми тамеки тарткан кишини 2 куту уулап кое алат. 1 даана тамекиде 2,5 миллиграмм никотин бар.

Тамеки тартуу адат эмес, өнөкөт оору

Дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү чылым тартат. Ал эми Кыргызстандын көрсөткүчүндө жумушка жарамдуу катмардын 40%, жаш өспүрүмдөрдүн 20% тамеки тартат. Бул көрсөткүч Кыргызстанда тамеки тарткандар көп дегенди түшүндүрөт. Анын кесепетинен пайда болгон оорулардын көрсөткүчү да көбөйүүдө. Алар өпкө, жүрөк-кан тамыр жана рак ооруларына чалдыгат. Такай тамеки тарткан киши 15-20 жыл өмүрүн кыскартат. Тамекинин курамында никотин болгон үчүн кишини көз карандылыкка алып келет. Анын негизинде ал адат эмес, өнөкөт оору болуп калат. Окумуштуулар далилдешкендей, тамекинин курамында 7 миңден ашык зыяндуу зат бар. Анын 20 уулуу заттар. Булар рак ооруларын алып келээри талашсыз.

1 даана тамеки да көз каранды кылат

Негизи тамекиге болгон көз карандуулук 1 даана чылымдан башталат. Эгер киши күн сайын бирден тамеки тартса, организми ага көнөт. Анткени андагы аммиак, ацетон, формальдегид, мышьяк тамакта өзгөртүүлөрдү пайда кылат. Андан өтүп дофамин деген рахат алуу гармонун козгоп, ал өзгөртүүлөр дофамин гармонун алуу үчүн тамекиге муктаждык жаратат. Бул көз карандылык кишинин организмине да жараша өзгөрөт. Айрымдар 1 жылда, айрымдар жарым жылда байланып калат.

Тамекини кантип таштоого болот?

Тамекини таштоонун  эки жолу бар. Психологиялык жактан жардам берүү же медициналык жардам. Биринчиден тамекини таштоого кишиге эрк керек. Биз жүргузгөн мониторингге ылайык, көпчүлүгү тамеки тартуунун зыяндуулугун биле беришпейт. Алар көбүнчө бир эле рак оорусуна алып келет дешет жана ал дарт алардан алыс деп ойлоп кайдыгерлик кылышат. Психологиялык күрөш катары биз бейтаптарга айтабыз бизге 2103 номуруна кайрылгыла дейбиз. Анда биз аларды нарколог, психологдорго жөнөтөбүз. Ал эми экинчиден биз бейтаптарга 3-5 мүнөттүк рахат үчүн алданбай, тамеки тарткыңар келгенде абалыңарды өзгөрткүлө деп айтабыз. Ошол учурда өзүңөрдү башка нерсе менен алаксытып, терең дем алып дем чыгарыңыз деп айтабыз. Ошондой эле, айрымдарына тамеки тарткысы келген учурда  оозуна сала кое турган нерсе алып жүргүлө дейбиз. Бирок тилекке каршы өз алдынча тамекини таштагандар 2% эле түзөт. Ал эми бир күндө 10 тамекиге чейин тарткан киши психологиялык жактан гана көз каранды болгондуктан, аны психологдун жардамы менен гана таштатууга болот. Бирок 10 ашкан учурда атайы дары-дармектер бар (курамында никотин болгон), аларды ичкен учурда тамекинин ордуна ал дарыдагы заттар организмди тарбиялайт.

Тамекиге болгон көз карандылыкты жоюу жолу катары мыйзамдарды кабыл алуу жолу менен да ишке ашырылып келет. Маселен, коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу, акциз салыктарын көтөрүү, рекламага тыюу салуу жолдору бар.

Тамеки сизге эле эмес, жаныңыздагы кишиге да терс таасирин тийгизет

Активдүү тамеки тарткан киши тамекинин түтүнүнүн 20% тартса, пассивдүү тамеки тарткан киши 80% өпкөсүнө тартат. Ошондуктан, пассивдүү тамеки тарткан киши да өпкө ооруларына чалдыгып калышы толук ыктымал.

Маселен бир үй-бүлөдө ата-эне тамеки тартса биринчиден жаман үлгү болот, экинчиден пассивдүү тамеки тарткан киши катары түтүндүн 80% тартып алып, жаш өсүп келе жаткан баланын акыл эс тутумуна, өсүшүнө терс таасирин тийгизет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *