Шашылыш кабар:

Кыргыз тили жаштардын арасында «Брендге» айланышы керек

Сентябрь 23, 2016 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
194

ЮНЕСКОнун баракчасында жыл сайын жоголуп бараткан тилдердин тизмеси жарыяланат. Анда жоголуу коркунучу шексиз тилдердин катарында бүгүнкү күнү кыргыз тили да кирди. Мындан чыгуу үчүн мамлекеттик тилди жаштардын арасында «Брендге» айлантуу керек.

dsc_0108

Кыргыз тили боюнча мониторинг

Социалдык сурамжылоо жаш активист Азамат Баяманов тараптан учурдагы кыргыз тилинин абалы изилдөөгө алганды. Өзгөчө Бишкек шаарында жаштар орус тилинде сүйлөп, модага айланып бараткандай көрүнөт. Ошол себептүү  чыныгы абалды билүү үчүн мониторинг жасалды. Ага Бишкек жана Чүй өрөөнү боюнча жалпы 1 миң адам катышты. Басымдуу бөлүгүн жаштар түздү дейт, ал.  Анда жалпы 6 суроо камтылган. Ал  төмөндөгүчө:

  1. Кыргыз тилин кандай деңгээлде билесиз?

71,75% — жакшы

22,63% -орто

5,6% — начар

  1. Орус тилин кандай деңгээлде билесиз?

52,8% — жакшы

40,70% — орто

6,43% — начар

  1. Үйдө кайсы тилде сүйлөөгө басым кыласыз?

59,33% — кыргыз тили

10,94% — орус тили

29,71%- аралаш

  1. Кыргыз тилинин жоголуп кетүү коркунучу барбы?

39,28% — бар

33,11% -жок

27,59% — айтуу кыйын

  1. Кыргызстанда эне тилде сүйлөөгө эмне тоскоолдук кылат?

31,46% — сабактар орус тилинде өткөнү

35,97% — орус тилинде сүйлөгөн мода

32,47 % — кыргыз тилине тиешелүү мыйзамдар күчүнө кирген эмес

  1. Кыргыз тилине мамлекет тараптан өзгөчө басым жасалышы керекпи?

78,84% — өзгөчө басым жасоо кажет

14,7% — зарылчылыгы жок

7,8% — айтуу кыйын

деген жооптор алынган.

Кыргыз тили жоголуп кетүү коркунучу бар

Кыргыз тилдин абалы көпчүлүк карап жүргөн маселелерге кирет. Бирок буга терең изилденип кадам таштала элек. Ошол себептүү тил күнүнө карата, маселени көтөрүү эмес, маселенин бар экенин түшүндүрүп берүү башкы максат. Эми бул маселе боюнча биз тиешелүү органдарга кайрылаарын жаш активист Эрбол Кенжетаев айтат.

Жүргүзүлгөн мониторигде кыргыз тилинин жоголуп кетүү коркунучу барбы деген суроого көпчүлүк эл ооба деп жооп берген. Бул жерле тилдин келечегине жаштар кызыктар.

Ошондуктан тилдин келечеги үчүн кызмат кылган мамлекеттик органдар иштеши керек. Бүгүнкү күнү мамлекеттик органдардан эч кандай талапты коюп, ирээтке келтире алган жок. Мыйзамда да мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылыш керек. Айрым гана учурларда расмий тил колдонулууга тийиш эле. Бирок тилекке каршы андай болгон жок.

Тилди өнүктүрүү боюнча долбоорлор жаштар тараптан жазылат

Жаштар кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жазып жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар. Жеке курстарды ачса болот. Эгер мамлекет тараптан колдоо болсо, коомдук бирикмелерди ачса болот. Ошол эле маалда мамлекет мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүсү тийиш. Сурамжылоодо “эне тилинде сүйлөөгө эмне тоскоолдук кылат?» -деген суроого орусча өтүлгөн сабактар деп жооп беришкен. Демек мамлекет тараптан ушул жаатта талапты катуу коюу кажет. Кыргыз тили боюнча мугалимдери Кыргызстанда жетиштүү жана сапаттуу. Болгону гана билим берүү системасында кыргыз тилине өгөйлүк кылгандай кадамдардын бар экени байкалат.

Маселен, башка өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда мамлекеттик тилди 4 жыл окутат. Ошондуктан тил сабактарын баардык билим берүү мекемелерине көбөйтүү зарыл.

Кыргыз тили жаштар арасында «бренгге» айланышы керек

Орус тилин билбегендик уят. Ал эми кыргыз тилин билбиген адамды уят деп айткандын ордуна шаардык деп кабыл алынат. Демек маселенин баары элдин аң-сезиминде болуп жатат. Өзгөчө орус класстарда жана өзбек мектептерди аяктаган жаштар тилге болгон кызыгуусу күч болууга тийиш. Алар үчүн кыргыз тил «брендге» айланышы керектигин жаш активисттер белгилешет.

Анткен менен тилге болгон мамиле өтө төмөн деп айтуу да туура эмес. Учурда социалдык тармактарда кыргызча жазган жаштарыбыз көбөйдү. Андан тышкары маданий чөйрөдөгү инсандардын салымы дагы чоң. Юлия Руцкая, Баястан сыктуу кыргыз эстрадасынын адамдары өз чыгармалары менен кыргыз тилине үндөшүүдө.

Буга кошумча “google translate» электрондук сөздүгүнө жыл башында кыргыз тили да кошулду, деп «Марал»радиосуна берген маегин жыйынтыкташты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *