Шашылыш кабар:

Apple компаниясы Air Pods зымсыз кулакчынын (наушник) презентациялады

Сентябрь 8, 2016 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
88

Apple компаниясы Сан-Францискодо өтүп жаткан көргөзмөсүндө зымсыз кулакчынды (наушник) презентациялады. Бул кулакчынды  Apple компаниясынын бардык телефон, ноутбуктары менен иштетсе болот. Болгону iCloud тиркемесин аппаратка жүктөө зарыл.

Air Pods’ту Siri үндүү жардамчы менен башкарууга мүмкүн. Ал телефон чалуу болгондо микрофон кызматын да аткарат. 

Кулакчындар атайын заряддагыч кутусу менен чогуу сатылат. Air Pods бир заяряддалганда 5 саатка чейин иштей алат. Заряддагыч кутунун кубаты бир күнгө толук жетет.

Аталган компания Air Pods кулакчындарынан башка iPhone 7  телефонун да өз кардарларына презентациялады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *