Шашылыш кабар:

25 жыл аралыгында медицина тармагындагы билим берүү өзгөргөн эмес

Сентябрь 2, 2016 | жарыялаган Мунара Турдубаева
115

Кыргызстан эгемендик алгандан бери медицина тармагындагы билим берүүдө эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Себеби, мамлекет жетишерлик деңгээлде медицина тармагына көзөмөл кылган эмес.

20160901_135800

1- сентябрь — Билим күнү болгонуна байланыштуу. Бул жолку “Дабагер” уктуруусунда медицина тармагындагы билим берүүнүн көйгөйү,  дарыгерлердин даярдалышы боюнча медицина илимдеринин доктору, профессор, Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр илимий борборунун директору Калдарбек Абраманов менен маек курдук.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери медицина тармагындагы билим берүүдө кескин кандай  өзгөрүүлөр болду?

 Тилекке каршы медицинада кескин түрдө жакшы өзгөрүүлөр болду деп, айта албаймын. Мен ушул маселени  айткым келбей турат, бирок айтыш  керек. Чындап айтканда, бул көйгөйдү илимпоздор, дарыгерлер, Саламаттыкты сактоо министри жакшы билет, негедир ачыкка чыгарып айткандан уялышат. Ачык айтпасак, медицинаны мындан кийин жоготуп деле алышыбыз мүмкүн. Эгемендүүлүк алгандан кийин биз, дарыгерлер, эл күткөн  медицинада жакшы жылыштар болгон жок.  Менин таң калганым, саясий түзүлүш  өзгөргөндө, медицинаны дагы өзгөртүп жибергенге аракет кылышты. Бул өтө чоң жаңылыштык болгон. Эми баарына эле маалым, Совет убагында медицина тармагын мамлекет көзөмөлгө алчу. Ал убакта медицина акысыз болчуда, өкмөт каражат бөлгөндөн кийин баарын өзүнүн көзөмөлүнө алган. Азыр мамлекет медицинаны кандай көзөмөлгө алып жатат билбеймин. Бирок, эми тиешелүү тармактар иштеп жатат.

Өлкөдө Үй-бүлөлүк медицина борборунун түзүлгөнүнө быйыл 20 жыл болот. Бирок, дагы деле бул жаатта атайын адистер даярдалган эмес. Ошондой эле аймактарда айрым адистиктер жокко эсе. Маалыматтар боюнча, азыркы  жаштар бир канча адистикке тапшырып, бирок айрым адистиктер окулбай калган.

 Жаңы реформада киргизилген Үй – бүлөлүк медициналык система дагы 20 жылда эч кандай жыйынтык берген жок. Төрт, беш жыл мурун медакадемияны бүткөн жаштарды, аймактарга жиберүү үчүн атайын система ойлоп  табышкан болчу. Ошол  кезде мен карама — каршы пикир айтканда, көрөбүз убакыт керек дешкен. Мына убакыт дагы өттү, ал система иштеген жок. Негизи эле дарыгерлерди айылдарга жиберүү өтө татаал иш. Адамдын аң сезиминен дагы, материалдык жагдайлар бийик турат. Ошондуктан айылдарга дарыгерлерди тартуунун бирден бир жолу деп, өкмөт башчылар же акимдер абитуриенттер менен келишимди түзүп, алардын контрагын төлөп, кайра айылга барасың деп чечсе болот. Себеби  ал бала медакадемиянын эшигин аттаганда эле мен Нарынга барып иштеймин деген ою болуп, ошого даяр болот. Жаштардын өсүшү үчүн  стимул керек. Аларга биз болбогон бир шарттарды түзүп коёгонбуз. Документ түрүндө жасап жатабыз деп  эле айтып келе жатабыз. Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министринен  бир адис келгенде, азыр мен сурайт элем. 15 жылдан бери бул көйгөй көтөрүлүп эле келе жатат, эмне үчүн чечилбейт демекмин. Себеби, башында эле бул туура эмес түзүлгөн.

Негизи бизде дипломдон кийинки дагы атайын даярдаган өзүнчө бир система бар. Бизде бир чооң институт иштейт, бирок аны көпчүлүгү билбейт. Ошол жерде иштеген адистерден сураш керек да, бир топ жылдан бери иштеп жатасыңар, кантип даярдалууда, эмне үчүн бул маселе чечилбейт. Дипломду алгандан кийин алар даяр дарыгер эмес, бирок алар адис эмес. Айылдарда айрым адистиктер жок болгондугунун жолун, облус, район жана айылдардагы жок болгон адистердин муктаждыгын эсептеп чыгып, пландуу түрдө ординатураларды бөлүштүрүш керек. Анан эле  70 пайызын  үй-бүлөлүк  медицинага барасыңар, ал жакта дарыгерлер жетишпей жатат деген маселени чечпейт. Бир топ жылдан кийин хирургдар жетишпей калышы мүмкүн да, себеби кардиология, актуалдуу тармактарга  чектөө киргизилген.

Саламаттыкты сактоо министри жакында эле айтты, бизде дарыгерлер бир тармактуу эле болуп даярдалат, замандын талабына жараша адистер даярдалбай жатат деп. Буга  эмне тоскоолдук болууда?

 Буга эч ким деле тоскоолдук кылган жок. Жогоруда айтып өткөн системалардын ишке ашпай калганы, мамлекеттик көзөмөлдүн жакшы иштебегендигинде. Эгерде пландуу түрдө болгондо, мындай сөз дагы келип чыкмак эмес. Саламаттыкты сактоо министрлигине канчалаган кишилер келди, алардын колунан келе турган жумуш эмес бул. 25 жылдан бери келе жаткан көйгөй. Эң чоң кемчилдик мамлекет медицинага тиешелүү көңүл бурган жок. Мына ошонун кесепети. Муну  экономисттер менен эле тастыктап койсо болот. Ички дүң продукциянын канча пайызы медицинага бөлүнүп жатат десе, 3 эле пайызы медицинага бөлүнүүдө. Ал каражатка оорукананы камсыздаш керек, кызматкерлердин маянасы ошонун баары медицинага деп  айтылышы мүмкүн. Бирок, реалдуу медицинага 3 пайыз бөлүнсө, анда биз сөз кылып жаткан медицинадагы билим берүү, кадр, жаңы ооруканалар ачылып, чечилмек.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *