Шашылыш кабар:

Мекенди көрбөй туруп сүйгөн кыргыз балдары

Апрель 19th, 2015 | by maral

Мекендин сыртындагы жашоо. Чет жерде төрөлүп өскөн балдар. Берилген тарбия,мекенге болгон сүйүү жана да берилген билим. Бул жолку берүүбүз Кыргызстандын 7 дубаны эмес, океандын ары жагындагы кичинекей мекендештерибиз менен өзгөчө маектешип кайттык.

 Мекенге болгон сүйүү кыргыз тилин үйрөнүү менен толукталууда

Мезгилдин талабы, ыргагы менен Кыргызстандык жарандар чет өлкөдө ийгиликтерди багындырып жатканы баарыбызга маалым. Анын ичинде Америка Кошмо штатындагы жашоо. Андагы төрөлгөн кыргыз балдары. Учурда алардын саны өсүү динамикасын көрсөтүп турат. Жаш курактары мектепке чейинки курактан тарта 6-классты окуган балдар басымдуу кылат. Учурда АКШнын бардык шаттарында отурукташкан. Бирок эң арбын жайгашкан акмак, кичи Кыргызстан болуп саналап Чикаго шаары айтылат. Бул аймакта балдар бир гана мамлекеттик мектептерден сырткары жеке борборлордо тарбияланышат. Аны менен кошо кыргыз тилин үйрөтүү колго алынууда. Жеткинчектер Кыргызстандагы окуучулардай эле алиппеден баштап азыркы тапта тамга курап окууга өтүштү. Ата-энелердин каалоосу менен Түрк-Америка маданият борборунда кыргыздар үчүн атайын билим берүү борбору ачылган. Бул жерде жумасына бир жолу кыргыз балдарына эне тили үйрөтүлөт. Өзү журналистика тармагын бүткөн Бекмурат Матисаков бул балдарга кыргыз тилинен сабак берет.

Голливудду багындырууга бел байлаган жеткинчектер

Тил үйрөнүү менен бирге кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жаш муундарга жеткирүү колго алынууда. Аны менен катар балдарды мекенчилдикке тарбиялоо үчүн «Менин мекеним Кыргызстан», «Мен Кыргызстанды сүйөм», «Кыргызстан кооз өлкө» сыяктуу темаларда сабактар өтүлүп жатат. Барлар үйдө кыргыз тилинде пикир алышканды колго алган үчүн Кыргызстанды көрбөсө да мекен тууралуу кабары бар. Улуттук тамактар, жерлер жана баалуулуктарды ошондой эле Кыргызстандын гимнин жаттап өздөштүрштү. Андан сырткары Голливуддун мектебинде окугандары да бар арасында. Кудай буюрса Голливудду кыргыздын жылдыздары багындыраар да мезгил алыс эместир.

Балдардын келечеги үчүн тандалган Америка

Ата-энелер болсо, балдарынын замандын күндөп алмашып жаткандыгына карап өсүүсү үчүн мекенден алыс кетишкендигин айтышат. Бирок ага карабай балдарына татыктуу тарбия берүү үчүн баардык аракеттерди жумшарын Ирина Байсабаева белгилейт. Учурда Иринанын 2 баласы бар. Чүрпөлөрүнүн өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу менен бирге татыктуу эс алууну да камсыз кылганды туура көрөт. Америкада болсо да балдарынын эс алуусу үчүн ата-энеси дем алыш күндөрдү ошолорго арнайт. Шайтан араба тебүү, балык кармоо сыяктуу эс алууларды чоогу өткөрүп турушат.

Тейлөө тармагынан мамлекеттик кызматка өткөн кыргыздар

Чет өлкөдө кыргыз жарандары тейлөө тармактарында эмгектенишет деген пикир Кыргызстанда арбын айтылат. Бирок учурда андай эмес десек туура болот. Дегеним американын Чикаго шаарындагы мектептердин биринде матемаика сабагынан билим берген мекендешибиз да бар. Кыргызстандык балдар менен Америкалык балдардын тарбиясы Жылдыз эки башка кайыкка окшоштурат. «Биздин балдар улууну урматтоо сыяктуу касиеттерге ээ . Ал эми америкада андай эмес»-дейт,ал.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache