Шашылыш кабар:

Кепилдик фонд дыйкандарга көбүрөөк колдоо көрсөтөт

Сентябрь 26, 2016 | жарыялаган Nargiza
151

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө финансылык каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү маанилүү интструмент болуп саналат. Бирок, банк тутумунун күрөөгө карата талабы күчөтүлүп, ал кредит суммасынын кеминде 120% түзүүгө тийиш. Бул чакан жана орто бизнестин, айрыкча региондордо ишкерлердин алдыга коюлган милдеттерди аткаруусун кыйла оордотууда. Алардын көбү ушундан улам да, насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой келет.

Көз карандысыз баа берүүлөргө ылайык, банкка кредит алуу үчүн кайрылышкан ишкерлердин 40% дан 50%га чейинкиси күрөөнүн жетишсиздигинен насыя ала албай кыйналышат.

Мына ушундай көйгөйдү чечүү үчүн жакында эле түзүлгөн Кепилдик фонду тууралуу кененирээк “Экомайдан” программасында талкууланды. Талкууга, экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жана Кепилдик фондунун төрагасы Малик Абакиров болду.

Көпчүлүк ишкерлердин кепилдик фонд боюнча жакшы түшүнүгү жок экен. Биринчи айта кетсеңиз «кепилдик фонд» деген эмне, ал кандай кызмат аткарат?

Малик Абакиров: — Кепилдик фонд бул — организация. Эгерде ишкер насыя алайын деп келип, бирок күрөөсү ала турган суммасына жетпей калса, акча ала турган ишкер менен банк кепилдик фондго кайрылса болот. Ошондо ала турган акчасын алат. Мисалдын негизинде түшүндүрүп берели. Ишкер 500 миң сом насыя алгысы келет дейли. Бул үчүн ал банкка кайрылат. Банк анын бизнесин баалап, бизнес-планын, насыя таржымалын карап чыгып, кепилдикти баалагандан кийин 400 миң сом сунуш кылат. Бирок ишкерге 500 миң сом керек да.

Мындай учурда банк ишкерге 100 миң сом суммасына кепилдик суроо үчүн Кепилдик фондуна кайрылууну сунуштайт. Кепилдик берүү тууралуу өтүнүч келтирилген табыштама банктан КФке түшөт. Ал жерде конкреттүү зайымчыга байланыштуу банк филиалынын насыя комитетинин чечими, бизнес-планга жасалган анализ, колдо болгон кепилдиктин канчага бааланганы жана башка материалдар болот. КФ беш жумушчу күндүн ичинде табыштаманы карап чыгат жана кепилдикти берүү же баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. 100 миң сомго кепилдик берген учурда ишкер банктан зарыл болгон 500 миң сом насыя алат. КФ кепилдикти берүүдө негизги шарттар төмөнкүлөр:

  • кепилдиктин суммасы насыя суммасынан 30% ашпаш керек;
  • кепилдиктин суммасы кепилдик фондунун капиталынан 5% ашпаш керек;
  • кепилдик бир жылга чейин берилет (бул КФ жогору капитализацияга жеткенге чейинки убактылуу шарт);
  • кепилдик КФтин Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилген экономиканын белгилүү бир тармактарына берилет.

Ушундай схема менен азыркы учурда алты кепилдик фонд иштеп жатат.

Кепилдик фонд маселеси мындан 3-4 жыл мурда эле көтөрүлүп, бирок ийгиликтүү ишке ашпай келе жатат. Негизги тоскоол болгон жагдай эмнеде болуп жатат же баягы эле каражат маселесине такалуудабы?

Данияр Иманалиев:- Бул фонд ишкерлерди колдоо схемасынын бир гана бөлүгү. Анткени Кыргызстандын эле экономикасында эмес, башка мамлекеттерде да экономикага убагында арзан жана узак мөөнөткө болгон финансылык каражаттарды тартуу — чоң маселелердин бири болуп эсептелет. Ошондой эле өлкөнүн экономикалык өсүү деңгээлин эске алып, мындан тышкары финасылык өсүүнү да эске алганда, банк системасындагы үстөк пайыздардын жогору болушу да түздөн-түз байланышы бар. Биринчиден, бул финансылык система жеткиликтүү деңгээлге чейин өнүгө элек. Мисалы, башка мамлекеттерде “фондовый рынок” жакшы өнүккөн. Ал эми Кыргызстанда жаңыдан өнүгүү жолунда. Мындан тышкары Кыргызстандагы коммерциялык банктарга дагы сырттан келген каражаттар чоң-чоң инвестицияны алып келет. Ал инвестицияны алып келүү үчүн бир нече шарттар дагы болушу зарыл.

Дагы бир айта кетчү нерсе, буга чейин эле Малик мырза менен кепилдик фонддордун өнүгүү конценциясын 2-3 жылдан бери иштеп чыгып, үстүбүздөгү жылдын ортосунда кабыл алып, ал концепцияга ылайык, мурдагы иштелген алты кепилдик фонддорго кошумча болуп, чоңураак кепилдик фонд түзүү боюнча тапшырма берилген. Мурдагы алты кепилдик фонду муниципалдык эле болгон. Ага эл аралык донорлор жардам берип, региондордун деңгээлинде түзүлгөн фонддор болчу. Алардын уставдык капиталы дагы жогору болгон эмес. Тактап айтканда, 6 миллиондун тегерегинде эле түзүлүп калган. Бирок 6 млн сом болгону менен алардын атайын мыйзамда чектөө бар. Бир бергенде сумма 5%дан ашпаш керек. Ошол кезде 300 миңдей эле бере алышкан. Андан ашык бере алган эмес. Себеби атайын чектөөлөр бар болгон.  Азыркы учурда тез арада киргизгенибиздин себеби, жогоруда айтылган фонддор ишкерлер үчүн керектүүлүгүн далилдеп чыгышты. Ошондуктан кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Кепилдик фонд баардык ишкерлердин түздөн-түз көйгөйүн чече алабы же атайын бизнес план талап кылынабы?

Малик Абакиров:- Биринчи кезекте, ишкер банкка кайрылат. Банкта атайын өздөрүнүн талаптары бар. Анда бизнес-планы, кредиттик тарыхы жана башка жакта карызы болбошу керек. Эгерде сураган акчасынын көлөмү банк бере турган суммадан көбүрөөк болсо, ошондо кепилдик фондко кайрыла алат. Ошол эле учурда баардык банктардан келгендерди кабыл ала бербейт. Анткени кепилдик фондунун да өзүнүн талаптары бар. Ошондой эле кабыл алгандарды дагы банктан келген тиешелүү документтери кайрадан каралат. Ала турган акчасына эле кепил болуп бербестен ишкерлерге бизнес-план түзгөнгө да жардамдар берилет. Себеп дегенде, өлкөнүн экономикасын көтөрүүнү кааласак ишкерлерге жардам беришибиз абзел.

Кепилдик фонддун уставдык капиталы тууралуу билгибиз келип жатат. Негизи эле жогоруда айтылып кетти. Эл аралык донорлор жана кыргыз өкмөттүнөн дагы каржы бөлүнөт деп. Бүгүнкү күндө так суммасы белгилүүбү?

Данияр Иманалиев:-  Кепилдик фонд түзүлүп жатканда каржыны кайдан табабыз деген ой келген. Аталган фонддун негизги максаты көйгөйдү чечүү. Ишкерлер банкка барганда күрөөсү жетпей калган учурлар көп кезигет. Мисалы, Чүйдө күрөөгө коюлган мүлк башкача эсептелинет. Ал эми региондордо ошол эле мүлк арзан бааланып, күрөөгө койгон мүлкү ала турган акчасынан аз болуп калууда. Ошондуктан банк талап кылган күрөөнүн көлөмүн жаап, кепилдик фонд берүүгө даяр. Ошону менен бирге эле региондордогу айыл-чарбадагы болгон дыйкандарга жардамын көрсөтөт. Ошондой эле кепилдик фонд эки нерсени чечет.

1. Мүмкүнчүлүктү берет. Алууга керектүү көлөмдү.

2. Үстөк пайызын кыскартып берет.

Жалпы алганда мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн 72 млн сом жана Азия өнүктүрүү банкынан которулган 3 млн доллар бар. Мындан тышкары алты кепилдик фонддо 33 млн сом жатат. Жалпы капитал 310 млн сомдун тегерегинде болот.

Ишкерлер мамлекеттик фонддон канча суммага чейин акча ала алат?

5-7 млн сомдон ала алышат.

Мамлекеттик кепилдик фонддо ачык айкындуулукту камсыз кылуу боюнча өзүнчө механизм керекпи? Анткени азыр баардык ишкерлер узак мөөнөттүү насыяга муктаж.

Данияр Иманалиев:- Мурда түзүлгөн камсыздандыруу жана ипотекалык компаниялардын ички пландарын карап чыгып, кепилдик фондго керектүү жерлерин алдык. Бул жерде биринчи кезекте ишкерлерге маалыматты так, туура берүү. Шаар жергесинде бул маселе жөнгө салынган. Эми региондорго басым жасалат. Ал эми тез арада кепилдик фондунун киргизилгенин себеби, бир гана ишкерлерге көмөк көрсөтпөстөн, экспортко дагы пайдасы зор. Анткени ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын рыногун изилдеп көргөндө көйгөйлөрдүн бири продукциялардын көлөмү жана сапаттын жоктугу болуп чыкты. Себеп дегенде, биздин дыйкандар бир түрдө көп көлөмдө экпейт экен. Эми аларга шарт түзүп, көлөм менен сапатка иштешибиз керек. Ошондо гана экспортко тоскоолдуксуз чыга алабыз.

Кепилдик фонд берген каражат канча жылга чейин колдонулат?

Негизги 70-80% тобокелчиликти алган бул банктар. Ал эми кепилдик фонд насыянын негизги мөөнөтүнө жана суммасына жараша кепил болуп бере алат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *