Шашылыш кабар:

Көчмөндөр Оюндарына карата смартфондун уникалдуу дизайны иштелип чыкты

Август 25th, 2016 | by Диналиана Джунушева
Көчмөндөр Оюндарына карата смартфондун уникалдуу дизайны иштелип чыкты
Кыска кабар
0

Snimok3-696x464

 

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата смартфондун уникалдуу дизайны иштелип чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын расмий сайтында жарыяланды. Анда белгиленгендей, жасалган смартфондун уникалдуу дизайны – бул  көчмөндөр цивилизациясынын жеңилгис рух квинтэссенциясы.

 

ngames_oro_mpageСайтта жарыялангандай, алтын түстөгү дизайн түзмөк баштапкы күч жана улуулукту элестетет. Композициянын борборунда көчмөндөр оюндарынын символу жаркырап чагылдырылып, терең философиялык мааниде аткарылган. Тегеректин ортосунда тартылган тулпар – ат үстүндөгү көчмөндүктү түшүндүрөт.

7878box7v2

Алтын түстөгү телефондун бетиндеги Кыргыз Республикасынын желегинен алынган күндүн сүрөтү эки бөлүктөн турган гравировка менен капталган. Бул телефон эркиндикти сүйгөн көчмөн элдеринин биримдигинин философиясын түшүндүрөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache