Шашылыш кабар:

Аскаровдун ишин кайра кароого июнь окуясынын жабырлануучулары нааразы

Июль 24, 2016 | жарыялаган Жылдызбек Калыгулов
153

Azimjov-Askarov

Үстүбүздөгү жылдын 11-12 июль күндөрү өмүр бою абак жазасына кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу  кайра карап чыгышты. Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2016-жылдын 21-апрелиндеги чыгарган чечиминде Азимжан Аскаров кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге туш болгонун жана бир катар мыйзамдык процессуалдык укук бузуулар болгонун билдирип чыгышкан. Бирок Сот жүрүшүндө прокурорлор Азимжан Аскаров кыйноолорго алынганы тууралуу дооматтар далилденбегенин белгилешип, аны камактан бошотпоону соттон өтүнүштү. Жыйынтыгында,  Жогорку Сот Азимжан Аскаров боюнча ишти кайра кароо үчүн Чүй облустук сотуна берип, Аскаровду абактан бошотуу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн жарым жартылай канааттандырды.

Ага ылайык буга чейинки Жалал-Абад облустук coтунун (2010-жылдын 10-ноябрь), Жогорку соттун (2011-жылдын 20-декабрь) чыгарган чечимдери жокко чыгарылды. Ал ортодо июнь коогалаңында жабыр тарткан жарандар, алты жылдан бери укук коргоочулар бир гана Аскаровдун кызыкчылыгын коргоп келгенин айтып, жабырлануучулардын укугун коргоого бир дагы аракет болбогонуна нааразы болушту. Ушул маселердин үстүндө «Акыйкат таразасы» программасында эки жактуу маек курдук. Студиябыздын коноктору А. Аскаровдун жактоочусу Н. Токтакунов, июнь коогалаңында жабыр тарткан, адвокат  Чыңгыз Абдымомунов  жана коомдук ишмер Алга Кылычев.

-12июлдагы Азимжан Аскаров боюнча Жогорку Соттун чечимине кандай пикирдесиз?

Чыңгыз  Абдымомунов:

Тилекке каршы, биздин соттор саясий кысымга туруштук бере албаганы, айрым эл аралык уюмдардын сунуштарына жараша соттук чечимдер өзгөрүлүп кетип жатканы мени аябай өкүндүрөт. Бул биздин, сот системасынын алсыздыгынан кабар берет. Жеке адвокат катары, июнь коогалаңына күнөөлүүлөрдүн сап башындагылардын бири Аскаровго ушундай чечим чыгып калганына түшүнбөй эле калдым.

— Жогорку Соттун 12-июлда болгон отурумда алгач жабырлануучуларга сөз берилди. Анда Мыктыбек Сулаймановдун (каза болгон милиция кызматкери) жубайы Чынара Бечелова алты жылдан бери укук коргоочулар бир гана Аскаровдун кызыкчылыгын коргоп келгенин айтып, жабырлануучулардын укугун коргоого бир дагы аракет болбогонуна нааразы болду. Чындыгында силердин акыбалыңарды эч ким сурабай жатабы?

Чыңгыз  Абдымомунов:

Ачыгын айтыш керек, мамлекет тараптан жакшы эле жардам болуп жатат. Мына мисалы ошол окуядан кийин «менин балам, баспай сүйлөбөй калды» деп эч нерсеге деле жутунган жокмун. Бирок башка жабыр тарткандар үй алып, акчалай да жардам алышты. Бизди өкүндүргөн нерсе, БУУнун адам укуктары боюнча комитетине июнь окуясы боюнча маалыматтар тилекке каршы, бир беткей гана жетип жатканы. Маселен ал жерде, укук коргоочуну гана укугу бузулуп жатат деген гана талкуу жүрүп, ал эми бизге окшогон июнь окуясында жабыр тарткандардын арыз муңун биздин мамлекеттен бөлөк эл аралык деңгээлдеги  уюмдар, маани берип карабай жатышат.

-Учурда, укук коргоочу Аскаровдун  укугу бузулду деп,  эл аралык денгээлге чейин ызуу-чуу болуп жатат. Бирок ошол эле учурда, июнь коогаланында канчалган жарандар каза тапты, айрымдары жакындарынан ажырап, ден-соолугуна жабыркады. Алардын укуктарычы? Же эл арлык багытта, А. Аскаровдун укугу жөнөкөй жарандардан бийик турабы?

Алга Кылычев:

Бизде, дүйнөлүк тажрыйбада дагы бардык жарандардын(улуттуна, жынысына карабай) укуктары бирдей болушу шарт деген норма бар. Өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүз, конституциябыз бар. Ошондуктан эл аралык эрежелерди сактаганыбыз менен бирок сотторубуз көз карандысыз, кайсы бир эл аралык нормаларды пир тутпай калыс чечим чыгарышы керек деп ойлойм.

Чыңгыз  Абдымомунов:

Ошол эле адам укуктарын бийик тутабыз деген, Европа өлкөлөрүндө адамдардын тагдыры  саясат болуп калган. Буга бир далил, мисалы Францияда 3 адам өлсө аны ким өлтүрсө, адам укуктарын бузуп жатат деген шылтоо менен аны керек болсо туугандарын жердин түбүнөн болсо да таап, жазалап жатышат. Ал эми бизде, Кыргызстандын жарымын канга бөлөгөн июнь окуясынын уюштуруучулары Кадыржан Баатыров сыяктуулар, террористер бүгүнкү күндө Европада отурушпайбы. Ошончолук эле адам укуктарына күйгөн европа өлкөлөрү бизге ошондой бузукуларды эмнеге беришпейт.

3

-Жогорку Соттун А. Аскаров боюнча чечимине кандай баа бересиз? Канааттандыңызбы?

Нурбек Токтакунов:

11-июлдагы соттук отурум, аябай төмөн деңгээлде өттү. Негизинен ал отурумда БУУнун чечимин кантип аткарыш керек деген маселенин үстүндө талкуу болуш керек болчу, бирок Жогорку Сот анын ордуна БУУнун чечими туурабы же туура эмеспи деген суроону коюп салды. Биздин мамлекет адам укугу боюнча, эл аралык пактыны ратификациялаганбыз. Ошол пактынын негизинде биздин өлкө БУУнун чечимин аткарууга милдеттүү.

-БУУнун чечимин аткарууга милдеттүү эмеспиз го, сунуш катарында кабыл алабыз да?

Нурбек Токтакунов:

— Анда чечимди аткарбасак, ачык Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизиш керек, маселен ошол эл аралык пактыны денонсациялоо боюнча. Эгер ошондой кылсак, чечимди аткарбай койсок болот.

— Президент А . Атамбаев Германиянын канцилери Ангела Меркель менен жолугушуусунда  айтпадыбы, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин катын окуп чыктым, ал жерде Аскаровду бошотсун деген сөз жок. Болгону тергөө учурундагы укук бузууларды карап чыгышсын деген эле кыязда турат деп. Анан «биз бардык дүйнөлүк коом үчүн ачыкпыз, соттук териштирүү ачык айкын болот» деп кошумчалады. Буга кандай комментарий бере аласыз?

 Нурбек Токтакунов:

— БУУнун чечиминин эң аягында, 10 бөлүгүндө так жазылып турат «бошотсун» деген сөз. Менин оюмча президенттин тегерегиндегилер биздин өлкө башчыбызга туура эмес которулган чечимди берип койгон деп ойлойм.

— Эгер Аскаров боштондукка чыкса, ал көп нерсени ачыктайт. Бийлик ошондон коркуп чыгарбай жатат деп жатышат айрымдар. Бул канчалык чындыкка дал келет?

Алга Кылычев:

Бул жөн эле, кур сөз деп айтат элем. Себеби, террористен кандай чындык болушу мүмкүн.

— Өткөн жумада, экс-депутат Жылдызкан Жолдошава президент Алмазбек Атамбевге атайын кайрылуу жолдободубу. Кайрылууда эгер А. Аскаров абактан бошоп кетсе, кайрадан улут аралык арыздашуулар курчуп кетиши мүмкүн деп жазыптыр. Чындыгында ошондой кооптонуу барбы?

Чыңгыз  Абдымомунов:

— Күнөөсү барбы жокбу, аны сот чечет. Бирок июнь коогалаңынын негизги уюштуруучулары бири да абакта отура элек. Ошол себептен алганда эгер А.Аскаров бошоп кете турган болсо, улут аралык арыздашуу кайра жанданбайт деп кепилдик бере албайбыз. Дагы бир айта турчу жагдай, А. Аскаровду укук коргоочу катары дүйнө жүзү эмес өзүнүн айылдаштары, туугандары билишпейт экен. Анан кантип дүйнөлүк деңгээлдеги укук коргоочу болуп алды таң калып турам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *