Шашылыш кабар:

Улан Усупов: “Пайгамбарыбыз с.а.вдын жанында жүрүм-туруму жакшылар болот”

Апрель 11, 2015 | жарыялаган maraluser
88

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программасынын бул чыгарылышында “Мусулмандын жүрүм-туруму” тууралуу болду. Студиябыздын коногу Кыргызстан Ислам университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик жогорку окуу жайынын окутуучусу Улан Усупов жана котормочу, журналист Акылбек Калбеков.

Улан Усупов: — Пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.в өзүнүн хадисинде “мен эң улуу адеп-ахлакты толуктоо үчүн жөнөтүлдүм”, — деген. Себеби Пайгамбарыбыз бүткүл жүрүм-турум, элдерге, үй-бүлөсүнө жасаган мамилеси, коомдо мамлекеттин башчысы катары адам баласы жашай ала турган бардык образдарды жашап, көрсөтүп, өзүнөн кийинкилерге үлгү катары калтырып кеткен.

— Адам атабыз негизи бейиштен келген, бейиш биздин түпкү Ата-Журтубуз болуп эсептелинет. Кайра ал жакка кайтып барыш үчүн, бир гана көркөм адеп-ахлакка, жакшы кулк-мүнөзгө ээ инсандар кире алат. Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде: “Кыямат күнүндө менин жанымда эң даражалууңар жакшы адеп-ахлакка ээ болгондор болот”, — дейт.

Акылбек Калбеков: — Бизди Алла Таала өзүнө ибадат, кул кылыш үчүн жаратты. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.в үммөт кылып жаратты. Демек биздин кулк-мүнөзүбүз, адеп –ахлагыбыз, жүрүм-турумубуз мына ошол ислам багытында, сүннөт багытында болушу керек. Биз ушул максатыбызды билбегендиктен, ага кайдыгер мамиле жасагандыктан, же этибар албагандыктан бүгүнкү күнү жүрүм-турумубузда жана адеп-ахлагыбызда көптөгөн кемчиликтер бар.

— Мына ошондой болсо дагы, биз өзүбүзгө өзүбүз күн сайын мен киммин? Менин жаратуучум ким? Менден эмнени талап кылат? Пайгамбарым ким? Пайгамбарыма татыктуу үммөт болуш үчүн эмнелерди жасашым керек деген суроолорду берип, биз өзүбүздүн жан дүйнөбүздү ушул суроолор менен сурактасак ошондо гана жүрүм-турумдун акыйкат таза жолун таба алабыз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *